Аймак

КЫРГЫЗСТАНДА КЫЗ-КЕЛИНДЕРДИН ИШКЕРДИГИН КОЛДОО БОЮНЧА НАСААТЧЫЛЫК ПРОГРАММАГА КАТЫШУУЧУЛАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛДЫ

КЫРГЫЗСТАНДА КЫЗ-КЕЛИНДЕРДИН ИШКЕРДИГИН КОЛДОО БОЮНЧА НАСААТЧЫЛЫК ПРОГРАММАГА КАТЫШУУЧУЛАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛДЫ

 3 Бардыгы /

Кыргызстанда Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) FINCA банкы менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «Бизнестеги айымдар» насаатчылык программасынын бешинчи, мааракелик сезонуна арыздарды кабыл алуу башталды. Программа кыз-келиндердин ишкердигин колдоого жана экономикадагы лидер-аялдардын ролун күчөтүүгө багытталат.

Бешинчи сезон эксклюзивдүү болот. Ага – FINCA банктын бенефициарлары – бизнести билген же аны башкарган жана банк менен кредиттик линия боюнча кызматташкан  кыз-келиндер катышат. Ошондой эле программага чакан жана орто бизнести жүргүзүү боюнча кеминде эки жылдык тажрыйбасы бар ишкер айымдар катыша алат. Жети ай бою алар насаатчылар менен чогуу иштеп, компанияларын өнүктүрүп жана бекемдешет.

Насаатчы катары өз билимдери жана тажрыйбаларын шакирттерге бекер бөлүшүүгө жана программанын бардык этаптарында аларга колдоо көрсөтүүгө даяр болгон тажрыйбалуу ишкерлер чыгышат. Нассатчы жана шакирт үчүн арыздарды кабыл алуу башталды. Анкеталарды 2026-жылдын 2-мартына чейин толтурууга болот. 

Демилгенин алкагында онлайн жана оффлайн тренингдер, кросс-насаатчылык сессиялар, эртең мененки бизнес тамактануу, ири өндүрүштүк ишканаларга экскурсиялар жана мониторингдик сапарлар болуп өтөт. Программа бизнес жана каржылык башкаруу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана пайдалуу ишкердик байланышты түзүүгө жардам берет.

Насаатчылык программа Кыргызстанда 2019-жылдан бери, финансылык кызматтын алкагында, ЕРӨБдүн «Бизнестеги айымдар» кредиттик линиясы боюнча, ишкер аялдар үчүн Финансылык демилгенин (We-Fi) жана Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен ЕРӨБдүн чакан бизнеске таасир этүүчү Фонду (Ирландия, Италия, Япония, Люксембург, Норвегия, Түштүк Корея, Швеция, Швейцария, Тайвань ЕРӨБдүн Бизнес-фонд техникалык кызматташтыгы, Бириккен Королдук жана АКШ) аркылуу ишке ашырылууда.

Бул иш башталгандан бери катышуучулар 320 ашуун жаңы жумуш орундарын түзүштү. Өткөн сезондо ишкер айымдардын 60% жаңы рынокторго чыгышты, 66% кирешесин көбөйттү, 86% бренддин таанымалдыгын жогорулатып, баары жеке өсүштөрүн белгилешти.

Мурдагы жылдардагыдай эле ишкер айымдар тажрыйбалуу насаатчылар менен бирге өз бизнестерин өнүктүрүшөт. Программага катышуу акысыз.

Бюро коммуникаций ТАГС

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17