Аймак

УУРУЛУКТУН АРТЫ КУУШ.

УУРУЛУКТУН АРТЫ КУУШ.

 1,086 Бардыгы /

Жалал-Абад шаарында кудуктун капкагын уурдагандар милициянын кылтагына илиништи. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма-сөз кызматынан билдиришти

2021-жылдын 14-мартынан 15-мартка караган түнү Жалал-Абад шаарынын бирнече көчөлөрүнөн жалпы 15-даана болгон кудуктардын капкактарын белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкендиги боюнча Жалал-Абад шаардык «Сууканал» ишканасынан арыз келип түшүп, белгисиз кылмышкерлерге карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Жогорудагы фактылар боюнча арыз Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 200-(“Уурулук”) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, Тергөө кызматы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмыштын бетин тез арада ачуу боюнча тиешелүү кызматтарга тергөө тапшырмасы берилген.

Жалал-Абад ШИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада кылмышка шектүү катары Сузак районунун тургундары 2000-жылы туулган А.О. жана 2001-жылы туулган Г.А. кармалышып, иш боюнча буюм далилдерди аныкталып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Учурда бул шектүүлөрдүн башка кылмышка да катыштыгы бар же жоктугу боюнча текшерүү иштери иштери жүргүзүлүп жатат. s

Байканбек САДЫКОВ “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17