Аймак

КАТРАҢДЫКТАР “АЛМАЛУУ” ТООСУНДАГЫ “АПРЕЛЬСКОЕ“ АЛТЫН КЕНИН ИШТЕТҮҮГӨ КАРШЫ ЧЫГЫП ЖАТЫШАТ

КАТРАҢДЫКТАР  “АЛМАЛУУ” ТООСУНДАГЫ “АПРЕЛЬСКОЕ“ АЛТЫН КЕНИН ИШТЕТҮҮГӨ КАРШЫ ЧЫГЫП ЖАТЫШАТ

 747 Бардыгы /

БАТКЕН. Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлчүлүгү жергиликтүү бийлик менен инвесторлорду эл менен тынымсыз жолугушууларды уюштуруу, калкка компаниянын болочок максат-пландары, Катраң Айыл Өкмөтүн өнүктүрүү боюнча Программасын,  жергиликтүү тургундарга көрсөтүлүүчү социалдык пакеттер боюнча маалыматты жеткилең түшүндүрүүнү, өзгөчө өндүрүш технологиясынын коопсуздугу боюнча кеңири маалымат берүүнү катуу тапшырды. 

          Ошентип, Баткен облусунун аймагындагы кен-байлыктарды иштетүүдө эл аралык нормаларга ылайык, калктын саламаттыгы, аймактын экологиясы мыйзам  чегинде белгиленген тартипте катуу сакталууга тийиш! Ошол эле учурда аймактагы тартип бузууларга  дегеле жол берилбейт. Мындан тышкары  коомдук-саясий абал күч түзүмдөрүнүн туруктуу көзөмөлүндө болот. Баса, Лейлек районуна караштуу Катраң Айыл Өкмөтүнүн тургундары Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровко видео кайрылуу жасашкан. Бул жолку жыйынга аталган Айыл Өкмөттүн 100-150гө чукул жергиликтүү тургундары катышышып, Өзгөрүш айылынын күн батыш тарабында жайгашкан “Алмалуу” тоосунда орун алган ”Апрельское“ алтын кенин иштетүүгө караманча каршы экендиктерин билдиришип, Айылдык Кеңештин төрагасы Сапарали Бөрүбаев чогулушта элдин атынан сөз сүйлөгөн. 

Ошентип, 2012-жылы Кыргызстандын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан  Лейлек районунун Катраң Айыл Өкмөтүнүн аймагында жайланышкан “Апрельское” алтын кенин  иштетүүгө орусиялык “Апрельское Эй Зет Ай” жоопкерчилиги чектелген коомуна лицензия берилип, бул кенди  чалгындоо аракеттери көрүлгөн. Лицензиянын мөөнөтү 2022-жылы аяктайт. Ушул тапта аталган аймакта кенди изилдөө жана чалгындоо жумуштары гана кызуу жүрүп, жол салуу иштери катуу жүрүүдө.  Кен казуу жумуштары али баштала элек.

Бирок, 2021-жылы Катраң Айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү тургундары кенди иштетүүгө караманча каршы чыгышып, кенди чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан  “Алаурум” ЖАКсынын мүлктөрүн чекесинен талкалап, а түгүл имараттарын өрттөп, буга улай инвесторлор менен жергиликтүү тургундардын ортосунда катуу чыр-чатак тутанган. Бул фактынын негизинде кылмыш иши дагы козголуп, кенди иштетүү убактылуу кийинкиге жылдырылган.

Бул кайгылуу окуядан соң “Апрельское Эй Зет Ай” ЖЧКсынын арызынын негизинде Катран айылынын тургуну Сапарали Бөрүбаевдин үстүнөн  Баткен облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза Кодексинин 174-беренесинин (Бирөөнүн мүлкүн өрттөө аркылуу зыянга учуратуу) 234-беренесинин ( Бейбаштык) 353-беренесинин (Өзүм билемдик) жана 167-беренесине (Тоноочулук) ылайык кылмыш иши козголгон. Кийинчерээк, тактап айтканда, 2020-жылдын 11-августунда  Катраң айылынын тургуну Сапарали Бөрүбаев жабырлануучу тарап С.Юрченкодон кечирим сурап, алар  өз ара элдешип, кылмыш иши Кыргыз Республиксынын Жарандык Процессуалдык Кодексинин 26-беренесинин 1-бөлүмүнүн 12,13-пунктунун негизинде өндүрүштөн дароо кыскартылган.

Ошондой эле 2020-жылы Лейлек районунун Катраң айылдык Кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев жердешин сабагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза Кодексинин 234-беренесине (Бейбаштык) ылайык жоопкерчиликке тартылып, камакка дагы алынган. Төрт айдан соң Сапарали Бөрүбаевдин атасы Кыргыз Республикасынын Президентине кайрылып, кечирим сурап, ал андан ары үй-бүлөлүк шартына байланыштуу жоопкерчиликтен бошотулган.

Белгилей кетчү жагдай: “Апрельское Эй Зет Ай” ЖЧКсы тарабынан лицензия үчүн салык төлөмү Катраң Айыл Өкмөтүнө төлөнүп келген жана анын суммасы   ушул күнгө карата  21 миллион сомду түзөт. Баса,  “Апрельское Эй Зет Ай” жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлдөрү жогоруда болуп өткөн  окуя боюнча Баткен облусунун жетекчилигине кайрыла элек. Ошентсе дагы, жүз берген бардык окуялар мыйзам чегинде гана чечилүүгө тийиш!

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17