Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
919 Бардыгы / Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай Айыл Өкмөтүнүн курамындагы Ынтымак кыштагынын тургундары Өзекстанга таандык Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгин бойлото боз үй тигишип, жол дагы тосушту. Эми булар эки күндөн биринде Кара-Суу районунун акимчилигине жана Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлчүлүгүнө катташып, алардан Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин (УКМКнын) төрагасы Камчыбек Ташиев менен сөзсүз жолуктуруп […]
920 Бардыгы / Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай Айыл Өкмөтүнүн курамындагы Ынтымак кыштагынын тургундары Өзекстанга таандык Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгин бойлото боз үй тигишип, жол дагы тосушту. Эми булар эки күндөн биринде Кара-Суу районунун акимчилигине жана Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлчүлүгүнө катташып, алардан Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин (УКМКнын) төрагасы Камчыбек Ташиев менен сөзсүз жолуктуруп […]
КАРА-СУУ ДАГЫЛЕ ТЫНЧ ЭМЕС!
21.04.2021 / Автор aymak

921 Бардыгы /
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай Айыл Өкмөтүнүн курамындагы Ынтымак кыштагынын тургундары Өзекстанга таандык Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгин бойлото боз үй тигишип, жол дагы тосушту. Эми булар эки күндөн биринде Кара-Суу районунун акимчилигине жана Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлчүлүгүнө катташып, алардан Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин (УКМКнын) төрагасы Камчыбек Ташиев менен сөзсүз жолуктуруп коюуну өзгөчө талап кылып жатышат.
- Биз Өзбекстандын Кемпир-Абад суу сактагычын бойлото
жайгашкан Кыргыз жерин өткөн кылымдан бери туруктуу байырлап келатабыз, – деп ыраса тызылдады Кара-Суу районундагы Ынтымак айылынын жашоочусу Жоодар Бурханов. – Өзбекстан менен чек арабыз жерлерибизди өз ара алмаштыруу ыкмасында чечилиптир. Биз Кыргыз дарыяларынын жана сууларынын Кемпир-Абад суу сактагычына тоскоолдуксуз агып киришине дегеле каршы чыккан жокпуз! Кыргызстан Өзбекстанга таандык Шахрихан-Сай каналынын боюндагы 50 гектар аянтты алмашыптыр. Мейли. Буга деле макулбуз! Бирок, “Ошол коңшу өлкө менен алмашылган жердин айланасы ток жүргүзүлгөн зымдар менен таптакыр тосулбасын!” – деп суранып гана жатабыз.
- УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкек шаарындагы басма сөз
жыйынында Кара-Суу районунун Савайынан 50 гектар жер Өзбекстанга тартууланат!” жибербедиби. Эмне үчүн? – деп катуу күйүккөндүгүн жашырган жок Кара-Суу районундагы Ынтымак айылынын дагы бир жашоочусу Фархат Адилов. – Ал жер мобул эле биздин Ынтымак айылыбыздын ичинде жайланышкан – стратегиялык маанидеги аянт! Биздин жайытыбыз бүт ошол жакта. Мал-калибизди ошол жерде гана жайлап-багабыз. Баса, бул аймак – суунун дагы башы. Эми буларды дагы дүңүнөн Өзбекстанга берибизби, ыя?
Кара-Суу районуна караштуу Савай Айыл Өкмөтүнүн башчысынын орун басары Самат Абдуллаев анын жердештери УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин сөзсүз Кара-Сууга келип, жергиликтүү калк менен жолугушуусун катуу талап кылып жатышкандыгын жашырган жок.
- Жердештерибиз айласы таптакыр куруганда чындык издешип Кара-
Суу районунун акимчилигине жана Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлчүлүгүнө дагы атайын барышып, нааразычылык акцияларын уюштурушту, – деди Кара-Суу районуна караштуу Савай Айыл Өкмөтүнүн башчысынын орун басары Самат Абдуллаев. – Негизи Өзбекстан менен алмашылган жер Өзекстанга таандык Кемпир-Абад суу сактагычынын сол тарабанда жайланышкан. Жергиликтүү калк буга караманча каршы чыгып, айлабызды ыраса курутту. Алар УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өзү атайын келип, чыныгы жагдайды чечмелеп түшүндүрүүсүн гана талып кылышып, муну үчүн бизге он эле күн мөөнөт белгилеп, араң тарап кетишти.
Ал эми Кара-Суу районунун акиминин милдетин аткаруучу Капарбек Адиев Ынтымак айылынын олуттуу көйгөйү бир жаңсыл жайгаштыруу чегинде тургандыгын шардана кылды.
- Өзекстандын Кемпир-Абад суу сактагычын бойлото жайланышкан
Савай Айыл Өкмөтүнүн курамындагы Ынтымак кыштагынын проблемалары бара-бара чекесинен жайгарылат, – деп ишендирди Кара-Суу районунун акиминин милдетин аткаруучу Капарбек Адиев. – Маселен, аталган суу сактагычтын айланасында жансакташкан жарандар – Ынтымак айылынын тугундары сууну мындан ары каалашынча пайдаланышат. Мал-калин дагы тынымсыз сугарышат. А түгүл балык дагы уулашат. Насос аркылуу огороддоруна жана короолоруна жетиштүү көлөмдө суу дагы тартышат.
Баса, бул арада УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жалгыз эле Ыынтымак айылынын эмес башка дагы талаш жерлер Кыргыз жетекчилигинин башын куп оорутуп жаткандыгын акыры моюндады.
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
-
31.12.2024 / Автор anarkan_kg АР БИР ИНСАНДЫН ТИЛЕГИ ОРУНДАЛСЫН!
-
16.01.2025 / Автор anarkan_kg КОРРУПЦИЯЛЫК КЫЛМЫШТАРДЫ ЖАСАГАНДАР ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛАТ!
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.