Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,471 Бардыгы / Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургуну Эсенбай Мажитов 18-апрелде Орусияга жумуш издеп барып, учактан түшөөрү менен орус укук коргоо кызматтарына кармалган. Буга чек аралаш айылдын тургунун Тажикстан “оор кылмышкер катары эл аралык издөөгө жарыялаганы” себеп болгон. Маалыматка ылайык, Мажитов Төмөнкү Новгороддо кармалган. Расмий Дүйшөмбү оор беренелер менен издөө салынган Эсенбай Мажитовду Тажикстанга экстрадициялоо өтүнүчүн […]
1,472 Бардыгы / Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургуну Эсенбай Мажитов 18-апрелде Орусияга жумуш издеп барып, учактан түшөөрү менен орус укук коргоо кызматтарына кармалган. Буга чек аралаш айылдын тургунун Тажикстан “оор кылмышкер катары эл аралык издөөгө жарыялаганы” себеп болгон. Маалыматка ылайык, Мажитов Төмөнкү Новгороддо кармалган. Расмий Дүйшөмбү оор беренелер менен издөө салынган Эсенбай Мажитовду Тажикстанга экстрадициялоо өтүнүчүн […]
ЧЕК АРАДАГЫ ЧЫРДЫН ЭПКИНИ: БАТКЕНДИН ТУРГУНУ ОРУСИЯДА КАРМАЛДЫ
27.04.2021 / Автор aymak1,473 Бардыгы /
Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургуну Эсенбай Мажитов 18-апрелде Орусияга жумуш издеп барып, учактан түшөөрү менен орус укук коргоо кызматтарына кармалган. Буга чек аралаш айылдын тургунун Тажикстан “оор кылмышкер катары эл аралык издөөгө жарыялаганы” себеп болгон. Маалыматка ылайык, Мажитов Төмөнкү Новгороддо кармалган.
Расмий Дүйшөмбү оор беренелер менен издөө салынган Эсенбай Мажитовду Тажикстанга экстрадициялоо өтүнүчүн келтирген. Кыргыз бийлиги болсо Мажитовду Кыргызстанга алып келүү аракетин көрүүдө.
Өткөн жылы кыргыз-тажик чегиндеги чырда Эсенбай Мажитовдун үйү өрттөлгөн.
Иш издеп барып кармалды
Эсенбай Мажитов Баткен районунун Көк-Таш айылынын Тажикстандын Чорку айылы менен чек арада турат. Өткөн жылы анын үйүнө жакын жерде чек арада чыр чыгып, эки тараптан ок атышуу болуп, Мажитовдордун үйү өрттөлгөн. Кийин өкмөттүн жана жергиликтүү элдин колдоосу менен үй-жайы калыбына келтирилген.
Мажитов 18-апрелде жумуш издеп Орусияга барып учактан түшөөрү менен күч кызматтарына кармалып, соттун чечими менен 40 күнгө убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Чогуу баргандар кабар берип, жакындары адвокат жалдап, зарыл болгон кагаздарды жөнөтүп жатышат. Кармалган себебин тажик тараптын эл аралык издөөгө алуу өтүнүчү менен түшүндүрүшкөн. Жубайы Айзада Хамдамова бийликтен жардам сурады.
“Үйдө беш бала бар, ата-энебиз кары адамдар. Акча табуу максатында Орусияга кеткен. Төмөнкү Новгороддо учактан түшкөндө эле кармашыптыр. Азыр сураган документтерин жөнөтүп жатабыз. Достору жардам берип, адвокат жалдашты. Тажикстанга чектеш турганыбыз менен, өткөн жылы жаңжал биздин үйдөн ары жакта болгон. Анан эле өрттөп кетишти. Эми бизди күнөөлүү кылганына түшүнбөй турабыз. Бизди ушул жерден көчүрүү үчүн коркутуп, ар кандай чараларды көрүшүүдө. Үйүбүздү өрттөп кеткенден кийин биз корообуздан тажиктерге өткөн сууну бербей койгонбуз. Биздин үйдү өрттөсө жаның ачыйт да”.
Өткөн жылдын 8-май күнү Көк-Таш айылында чек арадагы жер талаштан улам чыр чыгып, Кыргызстандын төрт жаранына ок тийген. Ошол түнү Эсенбай Мажитовдун үйү өрттөлгөн.
Анын апасы Шаадат Мажитова буларды айтып берди:
“Мен ушул жерде оор күндөрдү өткөрүп жатам. Бир уулум да буга чейин Тажикстанда жок жерден күнөөлүү болуп каза болгон эле. Кызым Тажикстанда жашап жатканда киши колдуу болгон. Эми бул уулума да жок жерден жалаа жабып, Тажикстанга алып кеткени жатышат. Бийликтен суранам, баламды Тажикстанга алып кетишсе соо койбойт. Жардам бергиле! Менин тынч жашоом үчүн короомо камера коюш керек болуп жатат. Тынч жашоо орнотуп бере албайбыз дешсе неберелеримди алып, мен да тынчыраак уктай турган жерге кетем. Чек араны каалаганы карасын”.
Эсенбай Мажитовдун үй-бүлөсү жардам сурап өткөн жумада облустук бийликке да кайрылган. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова буларды билдирди:
“Облус жетекчисине Мажитовдордун үй-бүлөсү жардам сурап келди. Облус жетекчиси Өмүрбек Суваналиев Тышкы иштер министрлигине, Башкы прокуратурага кайрылып, Эсенбай Мажитовду Тажикстанга эмес, Кыргызстанга кайтаруу үчүн болгон аракеттер жасалууда”.
Кыргызстандын өтүнүчү менен кармалган тажик жараны
Чек арадагы чырга байланыштуу кошуна өлкөнүн өтүнүчү менен үчүнчү өлкөдө кармалган кыргызстандыктын окуясы биринчи жолу катталууда. Бирок буга чейин быйыл февраль айында Кыргызстандын эл аралык издөө салуусу боюнча Тажикстандын Ворух анклавынын 45 жаштагы тургуну Фуркот Абдуфаттаев Орусияда кармалган. Аны кыргыз бийлиги чек ара жаңжалында кыргызстандыктарга ок аткан деп айыптаган.
45 жаштагы Абдуфаттаев Башкырстанда кармалган.
Буга чейин тажик медиа каражаттарында чек арадагы маселелерге байланыштуу Кыргызстан Тажикстандын Ворух анклавынын 23 тургунуна эл аралык издөө жарыялаганы да жазылган.
www.
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК МИЛИЦИОНЕР ЗАМАТТА ҮЧ БАЛАГА АТА БОЛДУ
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨН РАЙОНУН КОРС-ЭТТИ АЙЫЛЫН ДАГЫ СЕЛ КАПТАДЫ
-
08.05.2023 / Автор anarkan_kg САДЫР ЖАПАРОВ РАСМИЙ САПАР МЕНЕН ОРУСИЯГА КЕТТИ
-
25.05.2023 / Автор anarkan_kg Аскарбек РУСТАМОВ: “ТӨЛӨЙКӨНДҮ КӨП УЛУТТАР БАЙЫРЛАЙТ!”
-
02.06.2023 / Автор anarkan_kg НООКЕН РАЙОНУНУН МАСЫ АЙЫЛЫНДА 150 ОРУНДУУ ЖАҢЫ МЕКТЕП АЧЫЛДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.