Аймак

БАТКЕНДИН ҮЧ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ РЕЖИМИНДЕ КҮН КЕЧИРҮҮДӨ

БАТКЕНДИН ҮЧ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ РЕЖИМИНДЕ КҮН КЕЧИРҮҮДӨ

 915 Бардыгы /

БАТКЕН. Баткен районунун жарандык коргонуунун башчысы-акимдин буйругуна ылайык  Ак-Сай, Ак-Татыр жана Самаркандек Айыл Өкмөттөрүнүн аймактарында өзгөчө кырдаал режими күчүнө кирди.

Ошондуктан, Баткен облусуна караштуу Көк-Таш айылынын жашоочулары чыр-чатак тутанган аймактан жергиликтүү калк дагыле коопсуз жайларга үстөккө-босток көчүрүлүүдө. Ал эми Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасындагы акыбал туруктуу. Анткени менен дагыле  чыңалуу бар.  Эки тараптан тең топтолгон жарандар толук бойдон тарай элек.

Эскерте кетчү жагдай: ушул жылдын 28-апрелинде Баткен районунун Ак-Сай Айыл Өкмөтүндөгү Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайда эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан мамлекеттер аралык чыр тутанган. чыккан. Бул тирешүүдөн жалпысынан төрт жаран жараланды. Булардын үчөөнө таш тийген, бирөөсү атылган октон жараат алган. Таш тийген эки жаран Самаркандек аймактык ооруканасына жаткырылды. Ал эми бирөөсүнө амбулатордук жардам көрсөтүлдү. Ок тийген жаран Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилген.

ГЕНЕРАЛ ӨМҮРБЕК СУБАНАЛИЕВ  АКЫРЫ ҮН КАТТЫ

БАТКЕН. Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Өмүрбек СУБАНАЛИЕВ Кыргыз-Тажик чекарасындагы акыркы кырдаал боюнча акыры үн катты. Облус жетекчисинин баамында абал дагыле курч бойдон калууда.

  • Азыр маал-маалы менен чыр ырбап баратат. Биз бардык шарттарды

эске алганбыз. Атайын штаб дагы уюшулуп, ырааттуу иштеп жатат. Үч Айыл Өумөтүнүн аймагында өзгөчө абал режими киргизилди. Ушул тапта жергиликтүү калк коопсуз аймактарга чекесинен көчүрүлүп жатат. Мен Тажикстандын Согдий облусунун жетекчиси менен сүйлөштүм. Ал Исфара районунун акимине камераларды алуу тапшырмасын берген. Тилекке каршы,  аким анын тапшырманы аткарган эмес.  Бизде керектүү күч азырынча жетиштүү! – деди Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Өмүрбек СУБАНАЛИЕВ.

Баса, Баткен районунун Ак-Сай, Ак-Татыр жана Самаркандек Айыл Өкмөттөрүнүн аймактарында өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

ТАШ-КӨМҮРДӨ 7,3 МИЛЛИОН СОМДУК ЖЕР ТИЛКЕСИ МУНИЦИПАЛДЫК МЕНЧИККЕ КАЙТАРЫЛДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД. Таш-Көмүр шаарынын прокуратурасы ээлерине майзамсыз таратылган 7 350 000 сомдук жер тилкесин калаанын мунииципалдык менчигине акыры кайтарды.

Башкы Прокуратуранын маалыматына караганда, Таш-Көмүр шаарынын мэриясы мыйзамды одоно бузуп,  3 гектар жерди М.А. аттуу жаранга берүү жөнүндү токтом токуган. А түгүл аталган кишиге мыйзамсыз Мамлекеттик актыны дагы тартуулаган.

Ошентип, Жогорку сот Башкы Прокуратуранын арызын каттандырып, аталган аянтты Таш-Көмүр шаарынын мэриясынын карамагына кайтарды.

ОШТО АЯЛДЫ ТОКМОКТОГОН УКТ МҮЧӨСҮ КАРМАЛДЫ

ОШ. Жергиликтүү милицияга Ош шаарынын 46 жаштагы тургуну даттанган. Анда арыздануучу ага карата бейбаштык жасаган Уюшкан кылмуштуу топтун (УКТнын) мүчөсүнө карата катаал чара колдонууну өтүнгөн.

Даттанууга караганда, ушул жылдын 8-апрелинде саат 21.00 чамасында азөмаз гана тааныш УКТнын мүчөсү Ош-Кара суу автожолунда аялга капысынан кол салып, аны жүйөөсүз сабаган. Фактынын негизинде Кылмыш-Хаза Кодексинин 66-беренесине («Бейбаштык»)ылайык кылмыш иши козголуп, териштирүү башталды.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын оперлери тарабынан Ош шаарындагы мейманканалардын биринен1982-жвлуу туулган Ош облусунун тургуну Д. А.кармалып, Ош шаардык ИИБсынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Айтмакчы, Ош облусунун тургуну Д. А. Ички иштер  минстрлигинин эсебинде кыйла жылдан бери УКТнын мүчөсү сыңары каттоодо турган. Аталган жоруктун негизинде териштирүү башталды.

ЖАЛАЛ-АБАДДЫН МЕКТЕПТЕРИ 1-МАЙДАН ТАРТА ОН-ЛАЙН ӨҢҮТҮНДӨ ОКУТУУГА ӨТҮШӨТ

ЖАЛАЛ-БАД. Жалал-Абад шаарындагы бардык мектептер ушул жылдын 1-майынан тартып он-лайн түрүндө окутууга өтүшөт.

Анткени, мэриянын маалыматына караганда, таажы илдетине чалдыккандар калаада абдан арбыгандыгына байланыштуу ушундай чечим кабыл алынып олтурат.

Ошентип, Жалал-Абад шаарынын мэринин чечимине ылайык 9-жана 11-класстарга гана традициялуу түдө кадимкидей сабактар өтүлөт. Бирок, бул дагы үзгүлтүксүз текшерилип турат.

БАТКЕНДЕ ЧЕК АРАДАГЫ АЙЫЛДАРДАН КӨЧҮРҮЛГӨН ЖАРАНДАРДЫН САНЫ СЕГИЗ ЖҮЗДӨН  АШТЫ

БАТКЕН. Кыргыз-Тажик чек арасында жүз берген эки тараптуу кагылышууда 17 кыргызстандык жарат алып, бир жаран каза тапты. Жараат алган жарандарга медициналык жардамдар дагыле көрсөтүлүп жатат.

Жалпы коопсуз аймакка көчүрүлгөн элдердин саны ушул тапта 848ди түздү. Булардын 498 Баткен шаарына, 350 Лейлек районуна көчүрүлдү. Жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары аларды тамак-аш жана керектүү нерселер менен үзгүлтүксүз камсыздап жатат. Чек арада абал оор бойдой калууда. Атышуу дагыле токтой элек.

Белгилей кетчү жагдай: кырдаалды курчутууга Тажикстандын жарандарынын чагымчыл аракеттери себеп болгон. Кечээ 29-апрелде эртең менен саат 4:40тар чамасында алар Кыргызстандын жарандарына жана алардын үйлөрүнө кадимкидей таш ыргыта башташкан. Ошондой эле  аңчылык мылтыктары менен өтүп бара жаткан Кыргыз жарандарынын унааларын аткылашкан.

Ушундан соң саат 14:00дө Тажикстан ИИМнин чек ара аскерлери жана атайын кызматы (спецназ) “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайында миномет, пулемёт жана автомат менен жапырт аткылоону башташкан.

БАТКЕНДЕ ДАГЫЛЕ АТЫШЫП ЖАТЫШАТ

         БАТКЕН. Баткенде чек аралаш аймактарда айрым учурларда дагыле ок атуулар болуп жатат. Бардык күч түзүмдөрү кырдаалды көзөмөлгө алууда. Атышуунун кесепетьинен ушул тапка дейре 134 адам жабыркап, 13 каза тапты. 25 жаран атайын учак менен Бишкек шаарындагы ооруканага жеткирилди. 86 жаран Баткен облустук ооруканасына   жаткырылды.

Лейлек районунун чек аралаш аймактарынан 13 мин 500 адам коопсуз жайга чыгарылды. Ал эми Баткен районунан 7093 адам Баткен шаарына көчүрүлдү. Эвакуацияланган жарандарга жергиилктүү жарандык коргонуу кызматтары тарабынан жардамдар көрсөтүлүүдө, гуманитардык жардамдар дагы жеткирилип жатат.

Араздашуу маалында Баткен районунун Көк-Терек айылында 17 үй толугу менен өрттөнгөн. Ошондой эле Лейлек районун Кулунду Айыл Өкмөтүнүн Сада, Максат, айылдарында, Жаңы-Жер Айыл Өкмөтүнүн Жаштык, Борбордук, Арка айылдарында күйгөн үйлөр жана май куйуучу бекеттер бар.

Алишер ТОКСОНБАЕВ

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17