Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
919 Бардыгы / НЬЮ-ЙОРК. БУУнун Баш катчысынын расмий өкүлүнүн орун басары Фархан ХАК Кыргызстан менен Тажикстанды чек ара чыры боюнча өз ара биргелешип сүйлөшүүгө үндөдү. Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаалга тынчсыздануу менен байкоо жүргүзүп, ок атышуунун чукул арада токтошун гана каалайт. Биз Баткендеги акыбалга абдан тынчсыздануу менен байкоо жүргүзүп жатабыз. Кырдаал тууралуу кеңири […]
920 Бардыгы / НЬЮ-ЙОРК. БУУнун Баш катчысынын расмий өкүлүнүн орун басары Фархан ХАК Кыргызстан менен Тажикстанды чек ара чыры боюнча өз ара биргелешип сүйлөшүүгө үндөдү. Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаалга тынчсыздануу менен байкоо жүргүзүп, ок атышуунун чукул арада токтошун гана каалайт. Биз Баткендеги акыбалга абдан тынчсыздануу менен байкоо жүргүзүп жатабыз. Кырдаал тууралуу кеңири […]
БУУ КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫНДАГЫ КЫРДААЛ БОЮНЧА ҮН КАТТЫ
30.04.2021 / Автор orozalieva

921 Бардыгы /
НЬЮ-ЙОРК. БУУнун Баш катчысынын расмий өкүлүнүн орун басары Фархан ХАК Кыргызстан менен Тажикстанды чек ара чыры боюнча өз ара биргелешип сүйлөшүүгө үндөдү.
Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаалга тынчсыздануу менен байкоо жүргүзүп, ок атышуунун чукул арада токтошун гана каалайт.
- Биз Баткендеги акыбалга абдан тынчсыздануу менен байкоо
жүргүзүп жатабыз. Кырдаал тууралуу кеңири кабардарбыз. Кыргызстан менен Тажикстан экөө тең ок атышууну токтотуу тууралуу сүйлөшкөндүгүн дагы жакшы билебиз. Эгерде бул чын эле ошондой болсо, биз аны кош колдоп гана кубаттайбыз! — деди БУУнун Баш катчысынын расмий өкүлүнүн орун басары Фархан ХАК.
БУУнун Баш катчысынын расмий өкүлүнүн орун басары Фархан ХАК ошондой эле тирешкен эки тарапты тең токтоосуз сүйлөшүүгө чакырып, чырды тынчтык жолу менен гана чечүүгө үндөп жаткандыгын баса белгиледи.
БАТКЕНДЕГИ КӨК-ТЕРЕК АЙЫЛЫНДА 17 ҮЙ ТОЛУГУ МЕНЕН ӨРТТӨНДҮ
БАТКЕН. Бул жөнүндө Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Мындан тышкарыЛейлек районун Кулунду Айыл Өкмөтүнүн Сада, Максат айылдарында, Жаңы-Жер Айыл Өкмөтүнүн Жаштык, Борбордук жана Арка айылдарында үйлөр жана май куйуучу бекеттер дагы күйүп кеткен.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 28-апрелинде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан. Бирок, ушундан көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан улам абал чукул арада курчуп кеткен.
ОШ ОБЛУСУ БАТКЕНГЕ 60 ТОННА ГУМАНИТАРДЫК ЖАРДАМ ЖӨНӨТТҮ
ОШ. Ош облусунан Баткенге 60 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул туурасында Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Жарасул Абдураимов өзү билдирди.
- Гуманитардык жардамдын басымдуу бөлүгү азык-түлүк, 17 тонна
картошка, 3 тонна ун жана өсүмдүк майы жөнөтүлдү. Жалпысынан Баткендеги боордошторубузга 3 миллион сомдук гуманитардык жардам көрсөттүк, – деп кошумчалады Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Жарасул Абдураимов.
Ош облусунун жетекчиси Жарасул Абдураимовдун айтмында, Ош облусунун жарандарынын демилгеси менен дагы жардамдар келе баштады. Ошондой эле акчалай жардам берүүнү каалаган жарандар үчүн атайын эсеп дагы ачылмакчы. Бүгүн дагы Ош облусунан Баткенге гуманитардык жардамдын экинчи партиясы жиберилет.
АЛ ЭМИ ОШ ШААРЫ БАТКЕНГЕ 2 МИЛЛИОН СОМДУК АЗЫК-ТҮЛҮК ЖӨНӨТТҮ
ОШ. Ош шаарынын мэриясы тарабынан жана жеке ишкерлерден чогулган азык-түлүк Баткен облусуна жөнөтүлдү. Бул жөнүндө Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов ачыктады.
Түштүк башкалаасынын башчысы Таалайбек Сарыбашов Ош шаарынын мэриясынан 500 миң сом бөлүнгөндүгүн билдирип, Баткен эли жалгыз эмес экендигин кошумчалады: – Ош шаарынын мэриясы резервдик фондунан 400 миң, ошондой эле кызматкерлер бир күндүк айлык акыбызды бөлүп бердик. Жалпысынан мэриядан 500 миң сом акча каражат каралды. Мындан тышкары менчигинин түрүнө карабастан мекеме-ишканалардан, жеке ишкерлерден, курулуш компанияларынан жардам чогултулуп, 2 миллион сомдук азык-түлүк дагы жөнөтүлдү. Бул акыркы жардамыбыз эмес! Жалпы кыргызстандыктарды сабырдуулукка жана ынтымакка чакырам! Чагымчылдыкка алдырбайлы, чек ара маселеси дипломатиялык сүйлөшүү аркылуу чечилишине гана тилектешмин!
Белгилей кетээрибиз: Ош шаарынын мэриясы Баткен элине колдоо көрсөтүү максатында атайын эсеп дагы ачып, бул максатта өзүнчө комиссия дагы түзгөн.
ГЕНЕРАЛ СҮЙҮН ӨМҮРЗАКОВ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЭЛ АРАСЫНДА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИН КҮЧӨТТҮ
БАТКЕН. Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Баткен облустук милициясынын өздүк курамы жана министрликтин ички аскерлери менен бирдикте учурдагы абалды турукташтуруу боюнча иш-чараларын толугу менен координациялап жатат.
Ушул тапта Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Баткен районундагы Кызыл-Бел жана Достук айылдарындагы жергиликтүү тургундар менен жана элдик кошуундун мүчөлөрү менен абалды турукташтыруу максатында түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүп, коомдук тартипти биргеликте сактоо багытында бардык тиешелүү чараларды көрүп жаткан чагы.
Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков ошондой эле жергиликтүү тургандар менен кошо чек арага чектеш аймактарды дагы кыдырата ырааттуу кыдырууда.
Алишер ТОКСОНБАЕВ
WWW.
Автор orozalieva
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУ
-
-
30.07.2024 / Автор anarkan_kg ОШТО МУРДАГЫ ТӨРТ АТКАМИНЕР КАМАЛДЫ
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.