Аймак

БАШКЫРТСТАН СОТУ БИШКЕТИН ӨТҮНҮЧҮ МЕНЕН ВОРУХТУН ЖАШООЧУСУНУН КАМАКТАГЫ МӨӨНӨТҮН ЭКИ АЙГА УЗАРТТЫ

БАШКЫРТСТАН СОТУ БИШКЕТИН ӨТҮНҮЧҮ МЕНЕН ВОРУХТУН ЖАШООЧУСУНУН КАМАКТАГЫ МӨӨНӨТҮН ЭКИ АЙГА УЗАРТТЫ

 894 Бардыгы /

Башкыртстандын Кугарчин райондук соту Ворух анклавынын жашоочусу Фуркат Абдуфаттоевдин камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартты. Абдуфаттоев 1-февралда Кыргызстандын өтүнүчү менен кармалган.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы (ИИБ) Башкыртстандын тергөө органдарына жөнөткөн катта Абдуфаттоев 2019-жылы июлда айылдаштары менен бирге Ворух жана Ак-Сай айылдарынын ортосундагы жолду тосуп, «чек арага жакын аймакта башаламандыктын чыгышына түрткү болгону» жазылган.

Марттын башында сот Абдуфаттоевду май айына чейин камоо жөнүндө чечим чыгарган.

Фуркат Абдуфаттоевдин адвокаты Илларион Васильев прокурор анын камактагы мөөнөтүн алты айга чейин узартууну сураганын, бирок сот тажикстандыкка айып тагыла электинин эске алып, июлга чейин камакта калтырууну чечкенин айтты. Орусия мыйзамдарына ылайык, эгер кылмышка шектүүгө расмий түрдө айып тагылбаса, сот аны кайсы бир өлкөгө өткөрүп берүү боюнча чечим чыгара албайт.

Буга чейин кыргыз тарап Фуркат Абдуфаттоев 2019-жылы 13-мартта болгон чек ара жаңжалына катышканын билдирип, орус бийлигинен аны Кыргызстанга өткөрүп берүүнү сураган.

Жыл башында Ворухтун дагы бир тургуну – Диловар Жураев Бишкетин өтүнүчү менен Орусияда кармалган. Айрым маалыматтарга караганда, кыргыз бийлиги Ворухтун 23 жашоочусуна эл аралык издөө жарыялаган.

Бул арада Тажикстан бийлиги да чек ара мыйзамдарын бузуу айыбы менен бир нече кыргыз жарандарын издөөгө алганы белгилүү болду. 18-апрелде Орусиянын Нижний Новгород аэропортунда Баткен облусунун тургуну Эсенбай Мажитов кармалган. Тажикстан бийлиги аны былтыр май айында чек ара жаңжалы учурунда жасалган кылмыш үчүн айыптап, анын экстрадициясын талап кылууда. Сот Эсенбай Мажитовду 40 күнгө камаган.

Эсенбай Мажитов Баткен районунун Көк-Таш айылынын Тажикстандын Чорку айылы менен чектеш аймакта турат. Өткөн жылы чек арада чыр чыкканда эки тараптан тең ок атылып, Мажитовдордун үйү өрттөлгөн. Кийин өкмөт жана жергиликтүү элдин колдоосу менен үй-жайы калыбына келтирилген.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17