Аймак

АЛЕКСАНДР ЗЕЛИЧЕНКО: “КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫ – БУЛ БАРДЫК КЫЛМЫШТАРДЫН ТОГОШКОН ГАНА ЖЕРИ”

АЛЕКСАНДР ЗЕЛИЧЕНКО: “КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫ – БУЛ БАРДЫК КЫЛМЫШТАРДЫН ТОГОШКОН ГАНА ЖЕРИ”

 1,221 Бардыгы /

БИШКЕК. Кыргыз-Такжик чек арасындагы талаш-тартышты чечүү абдан эле оор маселе. Бул туурасындагы пикирин Борбор Азиядагы наркосаясат борборунун директору, полковник Александр Зеличенко ачыктады.

– Кыргыз-Тажик чек арасы – бул бардык кылмыштардын тогошкон гана жери. Бул аркылуу наркотрафик, контрабанда, мыйзамсыз миграция жана башка  дагы түрдүү мыйзамсыз аракеттер такай жасалып турат. Ошондуктан, бул эң маанилүү каналды эми гана жаба башташканда, куралдуу каршылашуу өз убагында башталды, – дейп эсептейт Борбор Азиядагы наркосаясат борборунун директору, полковник Александр Зеличенко.

Ошондуктан, таржыйбалуу серепчи Александр Зеличенконун баамында, Кыргыз-Такжик чек арасындагы чыр-чатактын жакын арада тыйылышы дегеле мүмкүн эмес! Анткени, бул аймактагы чек ара тилкелери айрым убакта жергиликтүү тургундардын огороддору аркылуу жүргүзүлгөн. А бул  дагыле туруктуу жаңжалдын очогу бойдон  кала берет.

КОҢШУЛАШ ЭКИ ӨЛКӨНҮН БАШКЫ ЧЕКИСТТЕРИ АСКЕРЛЕРИН АЙМАКТАН АЛЫП ЧЫГЫП, ОК АТЫШУУНУ БИРОТОЛО ТОКТОТУУНУ МАКУЛДАШТЫ

БАТКЕН. Кыргызстандын УКМКсынын төрагасы Качыбек Ташиев жана Тажикстандын УКМКсынын жетекчиси Саймумин Ятимов дагы бир жолу талаштуу аймактан аскерлерин чыгарып, ок атышууну мындан ары токтотууну өз ара макулдашты.

– Мындан ары биздин чек арабызда ушундай чек ара чыры болбошу кажет! Анткени, бул тилкеде биздин элдерибиз эчендеген кылымдардан бери ынтымакчылыкта гана жашап келишкен. Биз, саясатчылар, мекендештерибиздин тынччылыкта жана бакубат жашоосуна  мүмкүнчүлүк берүүгө милдеткербиз! Кыргыз-Тажик чекарасындагы келишим мындан ары эки тараптан тең кыйшаюусуз түрдө аткарылууга аткарылууга тийиш! – деди Тажикстандын УКМКсынын жетекчиси Саймумин Ятимов.

Ошол эле учурда Кыргызстандын УКМКсынын төрагасы Качыбек Ташиев эки тараптын кызыкчылыгына тең бирдей иштеген төрт беренеден турган  Протоколого дагы кол коюлгандыгын шардана кылды.

– Ушул тапта биздин элдерибиз оор турмушту баштан кечирип жатат. Эки өлкө үчүн тең трагедия жүз берди. Ошондуктан, бардык аскер бөлүктөрүн аймактан биротоло чыгарып, мындан ары өз ара ок атышууну токтотуу чечимин кабыл алдык. Ошентип, бүгүнтөн баштап эки тараптын макулдашуусуна ылайык чек ара аймактарында бейпилчилик гана өкүм сүрөт, – деп ишендирди Кыргызстандын УКМКсынын төрагасы Качыбек Ташиев.

Аталган эки тараптуу макулдашуу мындан ары канчалык даражада аткарылат? Аман турсак, муну дагы көрө жатаарбыз.

БАТКЕНДЕ КЫРДААЛ ТЫНЧЫДЫ. КАЧКАНДАР ҮЙЛӨРҮНӨ КАЙТЫП ЖАТЫШАТ

БАТКЕН. Кыргыз-Тажик чек арасындагы коогалаңда жапа чеккен аймактарга электр энергиясын жана суу жеткирүү көйгөйү жаралды. Бул жөнүндө Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Өмүрбек Субаналиев  билдирди.

– Ушул тапта Баткен облусунун аймагында кырдаал абдан тынч. Айыл Өкмөттөрдөн тартып, облустун деңгээлине чейин калыбына келтирүү иштери үзгүлтүксүз жүрүп жатат. Келген гуманитардык жардам жер-жерлерге – ээлерине гана жеткирилүүдө. Калаба маалында 58 миңдей адам үй-жайын таштай качышкан. Булардын арасынан үйү талкаланбагандары, өрттөлбөгөндөрү акырындан турак жайларына кайтып жатышат, – деди Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Өмүрбек Субаналиев.

 Сөзүнүн соңунда Баткен облусунун жетекчиси Өмүрбек Субаналиев ушул тапта электр энергиясы жана суу маселеси күн тартибинде абдан курч тургандыгын жашырган жок. Анткени, Тажикстан тараптан замбиректен аткылоо маалында электр мамылары, кээ бир жерлерде электр чордондоруна орду толгус зыян тийген. Аларды калыбына келтирүү иштери дагыле улантылууда.

МАМАТ АЙБАЛАЕВ: “ТАЖИКТЕР – АБДАН КУУ КАЛК. АЛЫШ-БЕРИШ ЖАСООДО АБДАН ЭТИЯТ БОЛГУЛА?!?”

БАТКЕН. Баткен облусунун туңгуч губернатору, коомдук жана саясий ишмер Мамат Айбалаев Кыргыз-Тажик чек арасында катталган ок атышуу боюнча өз турумун ачыктады.

  • Тажиктер менен катуу аралашып, анан дагы чектешип

жашабагандар алардын кандай экенин таптакыр түшүнүшпөйт. Кокус Сиз барып калсаңыз, алар жакшы тамагын палоо басып, арак-шарап берип куп сыйлайт. Жакпай калсаңыз, уу берип өлтүрүп коюш дагы толук ыктымал. Биз кылымдар бою чектеш жана аралаш жашап алардын кыял-жоруктарын абдан мыкты билебиз. Бирок, тажиктер куу эл болот. Куулугун ушундан билсеңер болот, булар эч качан сөзүндө турушпайт! – деп тызылдады көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмер Мамат Айбалаев. – Биздин эски бийлик дагы убагында көп катачылыктарды кетирген. Мен дагы өз мезгилинде губернатор болуп барган биринчи эле күнү жанагыл талашка түшкөн “Головной” суу башына күчтүү кароол койдум. Дагы оюмда бар эле, андан дагы күчтүү ДОТ коюп коеюн дегем. Себеби эртеби-кечпи тигилер Баткенге сөзсүз кол салаарын билгем. Анүчүн коргонуу жакшы болуш керек эле.

         Аттиң… Азыркы Кыргыз бийлиги Мамат Айбалаевдей иш билгилердин жана акылмандардын кеп-кеңешине кулак түрбөй жатпайбы. Кантели…

Алишер ТОКСОНБАЕВ

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17