Аймак

САТПАЕВДЕ БАШАЛАМАНДЫККА АЙЫПТАЛГАНДАР ПРОКУРОР МЕНЕН КЕЛИШИМ ТҮЗҮШТҮ

САТПАЕВДЕ БАШАЛАМАНДЫККА АЙЫПТАЛГАНДАР ПРОКУРОР МЕНЕН КЕЛИШИМ ТҮЗҮШТҮ

 1,530 Бардыгы /

Былтыр июль айында Сатпаев шаарында болгон башаламандыкка тиешеси бар 55 айыпталуучу прокурор менен процессуалдык келишимге келди. Келишимге ылайык, соттолуучулар тагылган айыпка, прокурор сураган жазага, далилдерге макул болуп, өкүмгө каршы чыгышпайт.

Мамлекеттик айыптоочу жапырт башаламандыкты уюштурууга жана ага катышууга күнөөлөнгөн тогуз кишини үч жылдан эркинен ажыратууну, 44 айыпталуучуну төрт жылга, экөөнү бир жарым жылга шарттуу түрдө кесүүнү сурады.

Прокурордун айтымында, жапырт башаламандыкка катышкандар Сатпаевде полициянын ишине кедерги келтирип, коомдук коопсуздукка коркунуч жараткан.

Сартпаев шаарындагы башаламандык 2020-жылы 24-июлда беш жашар кыздын жоголгону тууралуу кабардан улам келип чыккан. Жоголгон кичинекей кызды бир сааттан кийин 62 жаштагы кишинин батиринен табышкан. Анын үйүнүн алдына жүздөгөн адам чогулуп, аны сотсуз эле жазалоону талап кылышкан. Полиция шектүү адамды үйүнөн алып чыгып, Сатпаев шаардык полиция бөлүмүнө камаган.

Башкы айыпталуучу – «баланы уурдап барып зордуктаган» деп шектелген жаран былтыр октябрда тергөө абагында муунуп каза болгон.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17