Аймак

ОШ ШААРЫНЫН ВИЦЕ-МЭРИ – СОНУНБЕК ЖУНУСБАЕВ

ОШ ШААРЫНЫН ВИЦЕ-МЭРИ – СОНУНБЕК ЖУНУСБАЕВ

 2,064 Бардыгы /

         ОШ. Сонунбек Жунусбаев үч айлык сыноо мөөнөтү менен Ош шаарынын вице-мэрлигине дайындалды. Эми ал мындан ары Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы коммуналдык чарба жана транспорт тармагын үзгүлтүксүз тейлемекчи.

Сонунбек Жунусбаев 36 жашта. Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Каарман айылында төрөлгөн. Билими жогорку. Тарыхчы жана юрист кесиптеринин ээси. Соңку тапта Ош шаарындагы №2-«Сулайман-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы катарында абдан үлгүлүү эмгектенген.

         Жаңы жетекчиге жооптуу жумушунда ийгиликтерди гана тилемекчибиз. Адатыңызча камчы салдырбастан иштеңиз, Сонунбек мырза!

Алишер ТОКСОНБАЕВ

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17