Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
811 Бардыгы / Башкы прокуратура Азимжан Аскаровдун өлүмүн иликтөөнү башка органга өткөрүп берүү тууралуу адвокаттын өтүнүчүн колдоого алды. Бул тууралуу “Бир дүйнө – Кыргызстан” коомдук уюму кабарлады. Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура Азимжан Аскаровдун өлүмүн мындан ары иликтөө үчүн тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) өткөрүп берди. Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу ишти тергөөнү башка […]
812 Бардыгы / Башкы прокуратура Азимжан Аскаровдун өлүмүн иликтөөнү башка органга өткөрүп берүү тууралуу адвокаттын өтүнүчүн колдоого алды. Бул тууралуу “Бир дүйнө – Кыргызстан” коомдук уюму кабарлады. Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура Азимжан Аскаровдун өлүмүн мындан ары иликтөө үчүн тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) өткөрүп берди. Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу ишти тергөөнү башка […]
АЗИМЖАН АСКАРОВДУН ӨЛҮМҮН УКМК ИЛИКТЕЙТ
29.09.2021 / Автор anarkan_kg

813 Бардыгы /
Башкы прокуратура Азимжан Аскаровдун өлүмүн иликтөөнү башка органга өткөрүп берүү тууралуу адвокаттын өтүнүчүн колдоого алды. Бул тууралуу “Бир дүйнө – Кыргызстан” коомдук уюму кабарлады.
Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура Азимжан Аскаровдун өлүмүн мындан ары иликтөө үчүн тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) өткөрүп берди.
Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу ишти тергөөнү башка мекемеге өткөрүп берүү өтүнүчү менен “Бир дүйнө – Кыргызстан” коомдук уюму Атайын прокуратурага жана Жаза аткаруу кызматына сентябрь айынын башында кайрылган. Уюм “Жаза аткаруу кызматы бул ишти тергөөдө өзүнүн карамагындагы кызматкерлерине мыйзам чегинде чара көрө албайт” деген жүйө келтирген.
Кыргызстандын Жаза аткаруу кызматы укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу ишти жаңы жагдайлар боюнча 1-сентябрдан тартып тергей баштаган. Аталган кызматтын өкүлү Элеонора Сабатарова адвокаттардын “2-3 киши суралбай калды” деген өтүнүчү эске алынып, жаңы жагдай боюнча тергөө башталганын “Азаттыкка” кабарлаган.
2010-жылдын июнь окуялары үчүн айыпталган Аскаров өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылып, 2020-жылы 25-июлда Бишкектеги №47 колонияда көз жумган. Жаза аткаруу кызматы ал пневмониядан каза болгонун кабарлаган. Маркумдун сөөгү Өзбекстанда жерге берилген.
Укук коргоочунун өлүмүнө байланыштуу сотко чейинки териштирүү башталып, кийин Жаза аткаруу кызматынын тергөөчүсү ал ишти токтотуп койгон.
“Бир дүйнө Кыргызстан” жана адвокаттар Айдар Сыдыков менен Бакытбек Автандил уулу тергөөчүнүн бул чечими мыйзамсыз экенин айтып, Бишкектин Свердлов райондук сотуна кайрылышкан. Райсот быйыл 1-июнда адвокаттардын арыздануу мөөнөтү өтүп кеткенин айтып, териштирүүнү токтоткон. 27-июлда шаардык сот бул чечимди негизсиз деп таап, кайра кароого жол ачылганын “Бир дүйнө Кыргызстан” уюмунун координатору Аида Байжуманова билдирген эле.
Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин сынга алган. Маселе 6-сентябрда Брюсселде өткөн Кыргызстан менен Европа Биримдигинин адам укуктары боюнча диалогунун 11-отурумунда да көтөрүлгөн.
Адам укугун коргогон Human Rights Watch уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча аткаруучу директору Хью Уильямсон 23-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев менен жолугушкан учурда Азимжан Аскаровдун өлүмүн иликтөөнү жандантууну сунуштаган.
Тергөө органдары Аскаровдун күнөөсү далилденгенин билдиришкен. Ал эми укук коргоочу өзү көзү тирүү кезинде бир нече кайрылуу таратып, милиция бул ишти андан өч алуу максатында атайылап уюштурганын, айыбы жок экенин билдирген.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
23.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖАРАНДЫК КОРГОНУУНУН АБАЛЫ ТЕКШЕРИЛЕТ
-
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
29.04.2025 / Автор anarkan_kg ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
-
13.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна СУЗАКТА 150 ООРУНДУ ЭНЕ ЖАНА БАЛАНЫ КОРГОО БОРБОРУ АЧЫЛДЫ
-
04.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖЕКЕ МЕНЧИК БАЛА БАКЧАЛАР ЖАНА МЕКТЕПТЕР ТЕКШЕРИЛДИ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.