Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
1,294 Бардыгы / “Жихадчылар иши” деп аталган резонанстуу иш боюнча дээрлик төрт жыл камакта отурган жарандык активист Алмат Жумагулов 1-октябрда Алматы облусунун Заречный айылындагы абактан эркиндикке чыкты. Ал “Азаттыктын” казак кызматына таңкы саат алтыда бошотулганын, азыр үйүндө экенин билдирди. — Таңкы алтыда толтурулбай калган кагаздар бар экенин айтып тургузушту. Андан соң сыртка алып чыгып, “Бошсуз, үйүңүзгө […]
1,295 Бардыгы / “Жихадчылар иши” деп аталган резонанстуу иш боюнча дээрлик төрт жыл камакта отурган жарандык активист Алмат Жумагулов 1-октябрда Алматы облусунун Заречный айылындагы абактан эркиндикке чыкты. Ал “Азаттыктын” казак кызматына таңкы саат алтыда бошотулганын, азыр үйүндө экенин билдирди. — Таңкы алтыда толтурулбай калган кагаздар бар экенин айтып тургузушту. Андан соң сыртка алып чыгып, “Бошсуз, үйүңүзгө […]
КАЗАКСТАНДА САЯСИЙ ТУТКУН АЛМАТ ЖУМАГУЛОВ ЭРКИНДИККЕ ЧЫКТЫ
01.10.2021 / Автор anarkan_kg

1,296 Бардыгы /
“Жихадчылар иши” деп аталган резонанстуу иш боюнча дээрлик төрт жыл камакта отурган жарандык активист Алмат Жумагулов 1-октябрда Алматы облусунун Заречный айылындагы абактан эркиндикке чыкты.
Ал “Азаттыктын” казак кызматына таңкы саат алтыда бошотулганын, азыр үйүндө экенин билдирди.
— Таңкы алтыда толтурулбай калган кагаздар бар экенин айтып тургузушту. Андан соң сыртка алып чыгып, “Бошсуз, үйүңүзгө кете бериңиз” деп айтышты. Мен эч нерсе түшүнбөй калдым, — деди Жумагулов.
Буга чейин ал абактан бүгүн эртең мененки саат тогуздарда чыга турганы кабарланган. Журналисттер менен укук коргоочулар активисттин эркиндикке чыкканын аны тосуп алуу үчүн баратканда жолдо угушкан.
15-сентябрда Капшагай шаардык соту өтөп бүтө элек жаза мөөнөтүн эркиндигин чектөө жазасына алмаштыруу тууралуу Алмат Жумагуловдун өтүнүчүн канааттандырган.
Жумагулов 2017-жылы ноябрда банктардын биринде күзөтчү болуп иштеген Кенжебек Абишев аттуу жаран менен бирге кармалган. 2018-жылы декабрда Алматы шаардык соту Алмат Жумагуловду “Терроризмди пропагандалоо” жана “Улут аралык кастыкты козутуу” беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркинен ажыраткан. Кенжебек Абишев “терроризмди пропагандалоо” айыбы менен жети жылга соттолгон. Алар айыптоолорду четке кагышкан. Казакстандагы бир катар укук коргоо уюмдары Алмат ЖУмагулов менен Кенжебек Абишевди саясий туткун деп таанышкан.
2020-жылы жазында Капшагай шаардык соту мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү эс алып, Жумагуловдун жаза мөөнөтүн 8 ай 26 күнгө, Абишевдикин сегиз айга кыскарткан.
Укук коргоочулар 2017-жылдын аягында Абишев менен Жумагуловдун кармалышын тыюу салынган “экстремисттик” топтордун ишине катышкандарга карата башталган репрессиянын жеткен чеги деп аташкан. Кеп анда бозгундагы мурдагы банкир, оппозициялык саясатчы Мухтар Аблязов жетектеген “Казакстандын демократиялык тандоосу” жана “Көчө партиясы” кыймылдары жөнүндө болгон. Нур-Султан шаардык сотунун чечими менен бул кыймылдар Казакстанда экстремисттик деп табылган. Ошол эле кезде укук коргоо уюмдары менен Европа парламенти өз документтеринде аларды кадимки оппозициялык кыймылдар деп белгилеп келишет.
Европа парламенти Казакстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу быйыл февралда кабыл алган резолюциясында Нур-Султанды Кенжебек Абишев менен Алмат Жумагуловду бошотууга жана аларды актоого чакырган.
Казакстандын бийлиги өлкөдө саясий туткундар бар экени тууралуу билдирүүлөрдү четке кагып келет.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
29.10.2025 / Автор anarkan_kg БШ БШК: ЭРТЕҢ ТАЛАПКЕРЛЕРДИН АРЫЗДАРЫН КАБЫЛ АЛУУ АЯКТАЙТ
-
29.10.2025 / Автор anarkan_kg АРАВАН РАЙОНУНДА КЫЗМАТ АДАМДАРЫНА КАРАТА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ
-
-
05.12.2024 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРО РАЙОНДУК МИЛИЦИЯСЫНА ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ ДАЙЫНДАЛДЫ
-
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.