Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
811 Бардыгы / Ооганстандын Тажикстандагы элчиси Мухаммад Захир Агбар Панжшер аймагында 400дөн ашык кишинин сөөгү көмүлгөн бир нече жер табылганын билдирди. “Кечээ мекендештеримдин бири талибдер сотсуз жана тергөөсүз эле 400дөн ашык кишини атып салышканын билдирди. Мен туулуп-өскөн айылда жоочулар 13 жигитти өлтүрүп, чуңкурга ыргытып жиберишкен. Алардын эч кимисинде курал болгон эмес, баары дыйканчылык менен алектенчү”, — […]
812 Бардыгы / Ооганстандын Тажикстандагы элчиси Мухаммад Захир Агбар Панжшер аймагында 400дөн ашык кишинин сөөгү көмүлгөн бир нече жер табылганын билдирди. “Кечээ мекендештеримдин бири талибдер сотсуз жана тергөөсүз эле 400дөн ашык кишини атып салышканын билдирди. Мен туулуп-өскөн айылда жоочулар 13 жигитти өлтүрүп, чуңкурга ыргытып жиберишкен. Алардын эч кимисинде курал болгон эмес, баары дыйканчылык менен алектенчү”, — […]
ООГАН ЭЛЧИСИ: ПАНЖШЕРДЕ ЖАЙКЫН ТУРГУНДАР ЖАПЫРТ КӨМҮЛГӨН БИР НЕЧЕ ЖЕР ТАБЫЛДЫ
12.10.2021 / Автор anarkan_kg

813 Бардыгы /
Ооганстандын Тажикстандагы элчиси Мухаммад Захир Агбар Панжшер аймагында 400дөн ашык кишинин сөөгү көмүлгөн бир нече жер табылганын билдирди.
“Кечээ мекендештеримдин бири талибдер сотсуз жана тергөөсүз эле 400дөн ашык кишини атып салышканын билдирди. Мен туулуп-өскөн айылда жоочулар 13 жигитти өлтүрүп, чуңкурга ыргытып жиберишкен. Алардын эч кимисинде курал болгон эмес, баары дыйканчылык менен алектенчү”, — деди дипломат.
Ал журналисттерге бир нече сүрөттү көрсөтүп, бул Ооганстанды басып алган “Талибан” кыймылынын аскердик кылмыштарын далилдеп турганын белгиледи. Азырынча элчи айткан бул маалыматтарды башка булактардан ырастоо же төгүндөө мүмкүн болгон жок.
Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасынын депутаты Саиджафар Усмонзода талибдердин аскердик кылмыштарын далилдеген бардык материалдарды Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) жана башка эл аралык уюмдарга жөнөтүүнү сунуштады.
8-октябрда “Талибан” кыймылынын Панжшер аймагындагы расмий өкүлү Мавлави Ого Мир адамдар жапырт көмүлгөн жер табылганын, анда Ооганстандын улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун үч жоокеринин сөөгү болгонун билдирген. Анын айтымында, аларды аймактагы согуштук аракеттерден кийин жергиликтүү тургундар көмүшкөн.
Бирок жергиликтүү тургундар сегиз жоокердин сөөгү табылганын, алардын колдору байланып, денелеринде кыйноонун белгилери болгонун билдиришкен.
Сентябрдын башында “Талибан” кыймылы Ооганстандын улуттук каршылык көрсөтүү фронту коргоп жаткан Панжшер провинциясын өз көзөмөлүнө алганын жарыялаган. Соцтармактарда талибдер аймактын губернаторунун резиденциясынын жанында турганы тартылган видео жана сүрөттөр жарыяланган. Бирок каршылык көрсөтүү фронту алар Панжшердеги бардык “стратегиялык позицияларды” көзөмөлдөп турушканын жана талибдерге каршы согушту улантып жатышканын билдирген.
Ооганстанда жайкын тургундар сотсуз эле өлүм жазасына тартылганы тууралуу эл аралык укук коргоо уюмдары да кабарлап келишет. 5-октябрда Amnesty International уюму талибдер Дайкунди провинциясында 13 этникалык хазарды, анын ичинде 17 жаштагы кызды өлтүргөнүн билдирген. Маалыматка караганда, окуя 30-августта — талибдер Кабулду ээлеп алгандан эки жума өткөндөн кийин Кахор айылында болгон.
24-августта БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет аларга “Талибандын” жоочулары адам укуктарын одоно бузган учурлар тууралуу ишенимдүү маалыматтар келип жатканын билдирген. Анын айтымында, алардын көбү жайкын тургундар менен ооган коопсуздук күчтөрүнүн мурдагы мүчөлөрүнүн сотсуз өлүм жазасына тартылышына жана аялдардын укуктарынын чектелишине байланыштуу болгон.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА БИЛЬЯРД БОЮНЧА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ БАШТАЛДЫ
-
-
16.05.2025 / Автор anarkan_kg ЭНЕЛЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.