Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
886 Бардыгы / Түркмөнстандын чыгышында жайгашкан Түркмөнабад шаарында ноябрь айынын башынан бери карантиндик чектөөлөргө каршы тургундардын бир нече нааразылык акциясы өттү. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматынын аймактагы кабарчылары билдиришти. Маалыматка караганда, 5-ноябрда шаардагы “Лебапавтоулаг” транспорттук ишканасынын айдоочулары белгилүү бир каттамдар боюнча жумушка чыгуудан баш тартышкан. Жалпысынан 30га жакын айдоочу катышкан бул иш таштоого автобустарда бир маалда […]
887 Бардыгы / Түркмөнстандын чыгышында жайгашкан Түркмөнабад шаарында ноябрь айынын башынан бери карантиндик чектөөлөргө каршы тургундардын бир нече нааразылык акциясы өттү. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматынын аймактагы кабарчылары билдиришти. Маалыматка караганда, 5-ноябрда шаардагы “Лебапавтоулаг” транспорттук ишканасынын айдоочулары белгилүү бир каттамдар боюнча жумушка чыгуудан баш тартышкан. Жалпысынан 30га жакын айдоочу катышкан бул иш таштоого автобустарда бир маалда […]
ТҮРКМӨНСТАНДА КАРАНТИНДИК ЧЕКТӨӨЛӨРГӨ КАРШЫ БИР НЕЧЕ НААРАЗЫЛЫК АКЦИЯСЫ ӨТТҮ
09.11.2021 / Автор anarkan_kg

888 Бардыгы /
Түркмөнстандын чыгышында жайгашкан Түркмөнабад шаарында ноябрь айынын башынан бери карантиндик чектөөлөргө каршы тургундардын бир нече нааразылык акциясы өттү. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматынын аймактагы кабарчылары билдиришти.
Маалыматка караганда, 5-ноябрда шаардагы “Лебапавтоулаг” транспорттук ишканасынын айдоочулары белгилүү бир каттамдар боюнча жумушка чыгуудан баш тартышкан. Жалпысынан 30га жакын айдоочу катышкан бул иш таштоого автобустарда бир маалда 10дон ашык жүргүнчү болбошу керек деген жетекчиликтин талабы себеп болгон. Эгер жүргүнчүлөрдүн саны мындан көп болсо, айдоочулар түшүнүк кат жазып, экинчи жолу кайталанса иштен алынары эскертилген. Ошол эле маалда мындай чектөөлөргө карабастан, айдоочулар күндүзгү планды аткарып, күн сайын 300 манаттан төлөп турууга милдеттүү бойдон калышкан.
“Эгер жүргүнчүлөрдүн санын 10дон ашырбасак, анда 300 манат табууга мүмкүн эмес. Планды аткарбасаң кайра эле түшүнүк кат жаздырып, иштен алынарыңды айтышат. Жетекчилик жаңы талаптарды кандай аткарып жатканыбызды жеке өзү көзөмөлдөй турганын эскертти”, – деди аты-жөнүн билдиргиси келбеген айдоочулардын бири.
Маалыматка караганда, 1-ноябрда Түркмөнабад шаарындагы №5 базардын соодагерлери да карантиндик чектөөлөрдүн узартылганына каршы акция өткөрүшкөн. Алар базарды ачуу тууралуу бийликтин убадасы аткарылбаганына нааразы болуп, жакын жердеги жолду торошкон. Мындан улам автоунаалардын төрт чакырымга созулган тыгыны пайда болгон.
“Алгач беш автоунаа менен келген полиция кызматкерлери акция катышуучуларын жолдун четине чыгарууга аракет кылып, бирок күчү жетпей койду. Кошумча кызматкерлер тартылгандан кийин соодагерлерди күч менен автоунааларга отургузуп алып кетишти. Жол тазаланып, кыймыл калыбына келтирилди”, – деди күбөлөрдүн бири.
Ноябрдын башында өлкөдөгү карантиндик чектөөлөр кайрадан белгисиз мөөнөткө узартылганы кабарланган.
Өлкөдө коронавирус жуктурган бир да учур каттала элек экенин билдирип келген Түркмөнстандын бийлиги быйыл август айында соода, кызмат көрсөтүү жана көңүл ачуу жайларын карантинге жапкан.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
21.07.2025 / Автор anarkan_kg БАШКЫ ПРОКУРАТУРАНЫН АТЫНАН КЕЛГЕН АЛДАМЧЫ БИЛДИРҮҮЛӨРДӨН САК БОЛУҢУЗ!
-
21.07.2025 / Автор anarkan_kg ЖОЛДУ БУЛГАГАН АЙДООЧУЛАРГА КАТААЛ ЧАРАЛАРДЫ КӨРҮЛӨТ
-
-
24.07.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ЖЕРГЕСИНДЕ СЕЛДЕН ЖАПА ЧЕККЕН БАРДЫК КАНАЛДАР КАЛЫБЫНА КЕЛТИРИЛДИ
-
30.07.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ЖЕРГЕСИНДЕ СЕЛ ЖҮРҮҮ ЖАНА ТАШ КУЛОО КООПТУУЛУГУ ДАГЫЛЕ КҮЧ!
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.