Аймак

Бекмурза ЭРГЕШОВ: “ОШТУКТАР КЫШ БОЮ ҮШҮБӨЙТ!”

Бекмурза ЭРГЕШОВ: “ОШТУКТАР КЫШ БОЮ ҮШҮБӨЙТ!”

 6,705 Бардыгы /

Быйыл ызгаар Ош шаарына абдан эрте түшкөндүктөн, Кыргызстандын Түштүк башкалаасында жылытуу сезону дагы демейдегиден мурунураак башталды. Буга айтылуу Оштогу муниципалдык “Жылуулук камсыздоо” ишканасы деги даяр беле? Канетсе дагы тургундар кыш бою мурункудай дагыле суукка тоңуп, анан калтырап үшүшпөйбү? Ушул жана башка суроолорубузга аталган ишкананын директору Бекмурза ЭРГЕШОВ эч буйдалбастан так жооп кайтарды.

  • Бекмурза мырза, быйыл кыш демейдегиден эрте түшүп, Ош

шаарында жылытуу сезону дагы адаттагыдан мурунураак баш бакты. Күтүлбөгөн кырдаалга Сиздер деги дапдаяр белеңиздер?

  • 89 откана толук бойдон кезектеги оңдоп-түзөөдөн сапаттуу

өткөрүлдү. Курманжан Датка, Авиа шаарча, Төлөйкөн, Кулатов жана Сулайман Тоо кичи райондорундагы эскилиги биротоло жетип, мөөнөтү эбак бүткөн ички кварталдык жылуулук энергиясын жеткирүүчү ар кандай диаметрдеги 1800 п/м түтүктөрү заманбап шартка жараша бүтүндөй жаңыланды. Буга улай Кулатов кичи шаарчасындагы электр тогу менен жылытылган эки откана жана көмүр жагылган дагы эки откана сапаттуу курулуп, дароо эле пайдаланууга тапшырылды.

  • Айтмакчы, Сиздер жаңылоо жана ремонт жараяндарынан

адатыңыздарча акчаны эч аяган жоксуздарбы?

  • Ош шаарынын тургундарын кыш бою жылуулук менен толук

кандуу камсыз этүү – бул биздин ишканыбыздын түздөн-түз вазийпасы. Ошондуктан, сезонго дейре отканаларыбызды кынтыксыз оңдоп-түзөөгө, кышка карата олуттуу белендөөгө жана ички жылуулук түйүндөрүнүн мерчемдүү бөлүктөрүн толук алмаштырып, катарынан жаңылоого алдын ала эсептөөлөргө караганда 34 миллион 398 миң 500 сом сарптадык. Мындан тышкары жапжаңы көмүр жагылчу 4 отказанын 3 миллион 720 миң сомго, ал эми электр кубаты менен жылытылчу 2 отказанды 290 миң сомго сатып алдык. Буга улай отказандардагы жылуулук энергиясын мерчемделген обьектилерге жеткирүү максатында 1 миллион 677 миң 900 сомго ар кандай кубаттуулуктагы өтө бышык насосторду дагы сатып алып, булардын баарын тең тегиз ишке түшүрдүк.

  • Баса, Сиздердин кызматыңыздардан урунгандардан

карыздарды өндүрүү, биздин билишибизче, мурда оңбогондой азап эле. А азыр бул жараян бир жаңсыл нукка түшүп калгандыр?

  • Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда, карапайым

калктан 12 миллион 971 миң 300 сом көп топтодук. Бюджеттик эмес мекеме-ишканалардан былтыркыга караганда 437 миң 200 сом арбын жыйнадык. Мактангандык эмес, ошентсе дагы, бул айтаарлык жакшы көрсөткүч!

  • “Кой – аксагы менен жүз” демекчи, Сиздердин

кызматыңыздардан убагында куп гана пайдаланышып, тилекке каршы, акыңыздарды какшатып төлөшпөй жүрүшкөндөр дагыле бардыр?

  • Албетте! Бул өңүттө  биздин ишканабыздын юристтери абдан

үзүрлүү иштеп жатышат. 108 абонеттин 3 миллион 164 миң 11 сомдук жылуулук энергиясына дебитордук карызын сотко биздин доо арызыбыздын негизинде өткөрүшүп, азырынча 53 абоненттен 750 125 сом өндүрүү жөнүндө сот чечими жарыяланды. Дагы 55 абоненттен карызыбызды сот аркылуу өндүрүүнү чечтик. Биздин алгачкы аракетибиз жаман эмес! Сотко чейинки катуу чаралардын жана сот чечимдеринин негизинде 84 абонеттен дээрлик 1 миллион 87 миң 295 сом ушул тапта толук өндүрүлдү. Ошентип, биздин дасыккан юристтерибиз өткөн жылга салыштырганда, быйылкы жылдын ушул мезгилине карата кардарларыбыздан 373 миң 110 сом арбын карыз өндүрүштү.

  • Бекмурза мырза, ошентсе деле Сиздердин ишкана дагы оңбогон

коррупция балакетинен таптакыр куру эместир?

  • Мен кесе эле айтып коеюн, биринчиден, Оштогу муниципалдык

“Жылуулук камсыздоо” ишканасында коррупциянын аты түгүл, анын жыты дагы жок! Минткеним, түшкөн арыздарды электрондук каттоого алып, Бирдиктүү терезе уюштурулган. Атайын бир кызматкерибиз дал ушунун үстүндө ургаалдуу иштеп атат.

Экинчиден, жылуулук энергиясы үчүн эсептешүүлөр накталай эмес Банктар аркылуу гана жүргүзүлүп келатат. Бул көрсөткүч азырынча 55-60 пайызды чапчыды. Баса, калкыбызды жана социалдык обьектилерди жылыткан отканалардын түтүн чыгаруучу морлорун жер алдынан өткөөл жасап кынтыксыз бириктирдик. Туздардын чөлмөлөрүнө толуп чириген, анан дагы суу аккан жердин кыртышын коррозияга учураткан 4,065 чакырым жылуулук түтүктөрү заманбап жаңыланды.

Үчүнчүдөн, “ОшЭлектро” ачык акционердик коомуна өндүрүлгөн жылуулук энергиясына көрсөтүлгөн электр кубаты үчүн 101 миллион 518 миң 244 сом карызбыз. Негизги бересебиз – 18 миллион 792 миң 111 сом эле. А мунун туундусу гана 82 миллион 726 миң 131 сомду түзүп олтурат.

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ

Оштогу муниципалдык “Жылуулук камсыздоо” ишканасы Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы 35 мектепти, 28 бала бакчаны, 11 медициналык мекемени, 9 жогорку окуу жайын, 2 кесипчилик лицейин, 7 административдик мекемени, 3 митепкананы, жалгыз атайын көзү азиз жана начар көргөн балдардын интернатын, “Боорукердик” карылар үйүн, 303 көп кабатуу үйлөрдү жана 245 менчик турак жайларды кышы бою жылуулук менен камсыз этет. Буларды 19 электр отказаны, 70 көмүр жагылган откана үзгүлтүксүз тейлеп жаткан чагы.

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17