Аймак

ИРКУТСКТА МИГРАНТТАРДЫН ВАГОНУН ӨРТТӨГӨНДӨР ЭРКИНДИККЕ ЧЫГЫП, ҮЧ ТАЖИКСТАНДЫК КАМАККА АЛЫНДЫ

ИРКУТСКТА МИГРАНТТАРДЫН ВАГОНУН ӨРТТӨГӨНДӨР ЭРКИНДИККЕ ЧЫГЫП, ҮЧ ТАЖИКСТАНДЫК КАМАККА АЛЫНДЫ

 765 Бардыгы /

Орусиянын Иркутск облустук соту адам өлтүрүүгө аракет кылууга жана бейбаштыкка шектелген Тажикстандын үч жаранын эки айга камакка алуу чечимин кабыл алды.

Курбонмад Содиков жана Далер Хасанов аттуу тажикстандыктар “Адам өлтүрүүгө аракет кылуу”, Жумабой Искандаров “Бейбаштык” беренеси боюнча айыпталууда. Тергөөнүн версиясына ылайык, алар мигранттар жашаган вагондун өрттөлүшү менен аяктаган жергиликтүү тургундар менен болгон мушташка катышкан.

12-ноябрга караган түнү Иркутск облусундагы Залари кыштагында эмгек мигранттары жашаган курулуш вагонуна өрт коюлуп, Тажикстандын 21 жана 19 жаштагы эки жараны каза болгон. Мындан тышкары дагы беш тажикстандык түрдүү даражадагы жаракаттары менен ооруканага жеткирилген.

Буга чейин курулуш вагонун өрттөө шеги менен жергиликтүү үч тургун кармалганы кабарланган. Бирок “Озоди” радиосу тергөө менен жакындан тааныш булактарына таянып, азыр кармалгандардын бирөө гана камакта отурганын жазды. “Калган эки шектүү кармалгандан үч сутка өткөндөн кийин эркиндикке чыгарылган”, — деп билдирди булак.

Коопсуздуктан улам аты-жөнүн айткысы келбеген мигранттардын бири мушташтан кийин аларга жергиликтүү тургундар келгенин билдирди. “Өтө көп жергиликтүү тургун келди. Алар вагонду курчап алышты, арасында полиция формасын кийген адам да жүргөн. Чогулгандар вагондун эшигин жаап, бизди аткылашты. Вагондон өрт чыгып, биз думуга баштадык. Эптеп эшикти сындырып чыксак, союлдар жана темирлер менен сабашты”, — деди мигрант.

Ал каза болгон эки тажикстандык октон жаракат алгандыктан күйүп жаткан вагондон чыга албай калышы мүмкүн экенин кошумчалады. Азырынча алардын сөөгү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлгөн-өткөрүлбөгөнү белгисиз.

Тергөөнүн версиясына ылайык, 12-ноябрь күнү кечинде Залари айылында жергиликтүү тургундар менен жакын жердеги курулуш объектилеринде иштеп жаткан адамдардын ортосунда жаңжал чыккан. Андан соң белгисиз кишилер курулушчулар жашаган вагонго өрт коюп, эки киши каза болуп, бешөө медициналык жардам сурап кайрылган. Бул окуяга байланыштуу ондон ашык жаран кармалып, “Адам өлтүрүү” жана “Эки же андан көп кишини өлтүрүү үчүн кол салуу” беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон.

Буга чейин бир катар орусиялык басылмалар мушташтын чыгышына мигранттар күнөөлүү экенин, алар жергиликтүү кыздарга тийишкенин жазып чыгышкан.

Бирок окуяга күбө болгон мигранттардын бири бул версияны жокко чыгарууда. “Жергиликтүү тургундар кыздарга болушкан деген маалымат жалган. Биздин балдар айылга мигранттардын биринин атасын тосуп алуу үчүн барган. Ал жерден алты өспүрүм аларды кемсинткен”, — деди ал.

Окуянын башка күбөлөрү да мигранттарга кол салууга полиция кызматкери катышканын ырасташты. “Ал да кармалган, бирок аны кийин эмнеге бошотуп жиберишкени белгисиз”, — деди жергиликтүү прокуратурага сурак берип чыккан куруучулардын бири.

Иркутск облустук прокуратурасы менен Ички иштер министрлигинин облустук башкармалыгы полиция кызматкеринин эмне себептен эркиндикке чыгарылганы боюнча түшүндүрмө берүүдө баш тартышты.

Тажикстандын Орусиядагы элчилиги бул окуяга көз салып жатканын жана мекендештердин укуктары корголо турганын кабарлады. “Тергөө уланып жатат. Тергөөгө тоскоолдук кылбоо үчүн окуя боюнча комментарий бере албайбыз. Бирок жарандарыбыздын укуктарын коргоо үчүн бардык зарыл болгон чараларды көрөбүз”, — деп билдирди элчиликтин өкүлү.

Былтыр Орусиядан Тажикстанга “жүк-200” менен 300дөй тажикстандык мигранттын сөөгү жеткирилген. Андан мурдараак бул көрсөткүч жылына 600-800дү түзүп турган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17