Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,420 Бардыгы / Пентагон былтыр августта ооган учкучтары Тажикстан менен Өзбекстанга айдап барып таштаган Ооганстандын мурдагы армиясына таандык тик учактар талибдерге берилбей турганын билдирди. “Ташкент менен Душанбе бул маселенин үстүнөн иштеп жатат. Бирок алар тик учактарды кийин талибдер колдонсун деп Ооганстанга жөнөтпөйт деп ойлойм”, — деди Пентагондун расмий өкүлү Жон Кирби 18-январдагы брифингде. Ошол эле маалда […]
1,421 Бардыгы / Пентагон былтыр августта ооган учкучтары Тажикстан менен Өзбекстанга айдап барып таштаган Ооганстандын мурдагы армиясына таандык тик учактар талибдерге берилбей турганын билдирди. “Ташкент менен Душанбе бул маселенин үстүнөн иштеп жатат. Бирок алар тик учактарды кийин талибдер колдонсун деп Ооганстанга жөнөтпөйт деп ойлойм”, — деди Пентагондун расмий өкүлү Жон Кирби 18-январдагы брифингде. Ошол эле маалда […]
ПЕНТАГОН: ТАЖИКСТАН МЕНЕН ӨЗБЕКСТАНДАГЫ ООГАН ТИК УЧАКТАРЫ ТАЛИБДЕРГЕ БЕРИЛБЕЙТ
19.01.2022 / Автор anarkan_kg

1,422 Бардыгы /
Пентагон былтыр августта ооган учкучтары Тажикстан менен Өзбекстанга айдап барып таштаган Ооганстандын мурдагы армиясына таандык тик учактар талибдерге берилбей турганын билдирди.
“Ташкент менен Душанбе бул маселенин үстүнөн иштеп жатат. Бирок алар тик учактарды кийин талибдер колдонсун деп Ооганстанга жөнөтпөйт деп ойлойм”, — деди Пентагондун расмий өкүлү Жон Кирби 18-январдагы брифингде.
Ошол эле маалда ал тик учактар кандай колдонулат же каякка жөнөтүлөт деген маселенин айланасында талкуу уланып жатканын кошумчалады.
Буга чейин “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү Душанбе менен Ташкентти бир нече жолу аталган тик учактарды Ооганстанга кайтарып берүүгө чакырышкан. Өткөн жумада Ооганстандын коргоо министринин милдетин аткарып жаткан Мавлави Мухаммад Якуб ооган авиациясынын машыгуусу маалында Өзбекстан менен Тажикстан “оогандыктардын чыдамын сынабашы керек экенин” билдирген.
“Биздин учактар бизге кайтарылышы керек. Учактарыбыздын чет өлкөдө пайдаланылышына эч качан жол бербейбиз”, – деген ал.
Коргоо министрлигинин башчысы “эгер учактар кайтарылбаса, жаман кесепеттери болорун” кошумчалап, бирок кандай кесепеттер жөнүндө сөз болуп жатканын тактап айткан эмес.
Мындай билдирүүлөргө Тажикстан да, Өзбекстанда расмий жооп берген эмес. Бирок айрым басылмалар бул өлкөлөрдөгү эксперттердин пикирине таянып, талибдердин өкмөтүн бир да өлкө тааный элек болгондуктан, алардын мындай талабы мыйзамсыз жана маанисиз экенин жазышкан.
Январдын башында Reuters агенттиги Өзбекстан менен Тажикстандын өлкө аймагына кирген айрым аскердик учактар менен тик учактарды Ооганстанга кайтарып берүү ниети жок экенин кабарлаган. Агенттиктин маалыматына караганда, бул эки өлкө тең АКШга кайрылып, учактардын бир бөлүгүн алып калууга уруксат берүүсүн талап кылышкан.
“Талибандын” өкмөтү мурдагы ооган өкмөтү кулагандан кийин ондогон тик учактар менен учактар коңшу өлкөлөргө жеткирилгенин билдирүүдө. Тажикстан менен Өзбекстандын бийлиги 2021-жылы алардын аймагына ооган учкучтары менен аскерлери учуп келгенин ырастап, бирок алар боюнча толук маалымат беришкен эмес.
Өзбекстан менен Тажикстанга жеткирилген тик учактардын көбүн Ооганстандын куралдуу күчтөрүнө АКШ берген. Өзбекстандагы тик учактардын үчөөнү бул өлкөгө качып барган президент Ашраф Гани жеткиргени айтылып келет. Калган учактарды ким жана кандай шартта жеткиргени белгисиз. Былтыр августтун ортосунда Тажикстанга ондогон ооган учкучтары үй-бүлөлөрү менен качып барып, Душанбенин четиндеги санаторийлердин биринде үч айга жакын жашашкан. Ноябрдын башында алар Душанбеден Бириккен Араб Эмираттарына жеткирилген.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
17.10.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨЧӨ ТАЛАНТТУУ АТАЛАР ТОБУ
-
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.