Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
2,254 Бардыгы / Орусия өз аймагында эч кандай “өзгөчө аскердик ишмердүүлүк” жүргүзбөгөнүн билдирип, Украинаны Донбасста аскердик операция жасоого даярданып жатат деп айыптады. Муну менен Москва Киевдин буга чейинки расмий суроосуна жооп берди. Мурдараак Украина Европадагы коопсуздук жана келишим уюмунун (ЕККУ) механизмдери аркылуу Орусиядан чек арага жакын жердеги жана аннексияланган Крым жарым аралындагы аскердик активдүүлүгү тууралуу маалыматтарды […]
2,255 Бардыгы / Орусия өз аймагында эч кандай “өзгөчө аскердик ишмердүүлүк” жүргүзбөгөнүн билдирип, Украинаны Донбасста аскердик операция жасоого даярданып жатат деп айыптады. Муну менен Москва Киевдин буга чейинки расмий суроосуна жооп берди. Мурдараак Украина Европадагы коопсуздук жана келишим уюмунун (ЕККУ) механизмдери аркылуу Орусиядан чек арага жакын жердеги жана аннексияланган Крым жарым аралындагы аскердик активдүүлүгү тууралуу маалыматтарды […]
ОРУСИЯ: МОСКВА “ӨЗГӨЧӨ АСКЕРДИК ИШМЕРДҮҮЛҮК ЖҮРГҮЗГӨН ЖОК”
14.02.2022 / Автор anarkan_kg

2,256 Бардыгы /
Орусия өз аймагында эч кандай “өзгөчө аскердик ишмердүүлүк” жүргүзбөгөнүн билдирип, Украинаны Донбасста аскердик операция жасоого даярданып жатат деп айыптады. Муну менен Москва Киевдин буга чейинки расмий суроосуна жооп берди.
Мурдараак Украина Европадагы коопсуздук жана келишим уюмунун (ЕККУ) механизмдери аркылуу Орусиядан чек арага жакын жердеги жана аннексияланган Крым жарым аралындагы аскердик активдүүлүгү тууралуу маалыматтарды сураган.
Буга чейин Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусия бул өтүнүчкө жооп бербегендиктен, Киев Ишенимди жана коопсуздукту бекемдөө чаралары тууралуу Вена документинин алкагында ЕККУнун платформасында Орусия менен шашылыш жыйын уюштурууну өтүнгөнүн билдирген.
Бирок Орусия терс болсо да Украинанын бул өтүнүчүнө жооп берген.
Документте Орусияда Украинанын өтүнүчүн жоопсуз калтырууга “бардык негиздер” бар экени, анткени анда Крым тууралуу “чагымчыл билдирүүлөр” бар экени жазылган. Мындан тышкары Орусия өз аймагында эч кандай өзгөчө аскердик аракеттерди жүргүзбөгөнү белгиленип, мындан улам Вена документинин жобосун колдонуу бул жерде ылайыксыз экени айтылган. “Ошондой эле Луганск жана Донецк облустарында 120 миңден ашык украин аскерлери жайгаштырылган жана алар согуштук аракеттерге даяр турушат. Украинанын өтүнүчү “өлкө ичиндеги конфликтти күч менен чечүү үчүн көрүлүп жаткан даярдыктан” көңүлдү башка жакка буруу аракети”, — деп жазылган документте.
Вена документи 2011-жылы ЕККУ тарабынан кабыл алынган. Анда тараптар аскердик күчтөрүнүн жайгашуусу, алардын санынын көбөйүшү жана башка жерлерге жылдырылуусу тууралуу маалыматтар менен алмашып турары айтылган.
11-февраль күнү кечинде Украина Орусиядан чек арага жакын аймактардагы жана аннексияланган Крым жарым аралындагы аскердик активдүүлүгү тууралуу маалымат сураганын билдирген. Кремль бул билдирүү боюнча эч кандай комментарий берген эмес. 13-февралда ушундай эле өтүнүч менен Балтика өлкөлөрү Минскке кайрылганы белгилүү болгон. ЕККУга төрагалык кылып жаткан Польша өкүлчүлүгүнүн твиттер-аккаунтунда бул маселе боюнча жолугушуу дүйшөмбү күнкүгө белгиленгени жазылган.
Эгер Орусия бул жолугушууга катышууга макул болсо, аны Польша өткөрөт деп күтүлүүдө. Анын жыйынтыгында мамлекеттерге чек арадагы кырдаалды турукташтыруу үчүн чараларды көрүү сунушталышы мүмкүн.
Жекшемби күнү Украинанын президенти Владимир Зеленский телефон аркылуу АКШнын лидери Жо Байден менен украин-орус чек арасындагы кырдаал боюнча бир сааттан ашык сүйлөштү. Ак үйдүн билдирүүсүндө тараптар бул маселенин айланасында сүйлөшүүлөрдү улантуу зарылдыгы боюнча макулдашканы белгиленген.
Батыш өлкөлөрү менен Киев былтыр күз айынан бери украин чек арасына жакын 100 миңден ашуун орус аскерлеринин топтолушунан кооптонуп, Орусия жакын арада Украинага кол салышы мүмкүн экенин билдирүүдө. Москва бул маалыматты четке кагып, аскерлердин чек арага жакын жайгашуусун машыгуу катары түшүндүрүүдө.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУ
-
-
-
01.10.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ 150 КАРЫЯГА МАЙРАМДЫК СЫЙ ТАМАК УЮШТУРУЛДУ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.