Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
1,678 Бардыгы / Тажикстандын бийлиги быйыл 28-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында болгон чырда Исфара районунда толугу менен же жарым-жартылай талкаланган турак үйлөрдү калыбына келтире элек. Бул тууралуу “Озоди” радиосу жергиликтүү тургундарга шилтеме кылып кабарлады. Тажик бийлигинин расмий маалыматына караганда, чек ара чырында 52 үй толугу менен же жарым-жартылай бузулган. Буга чейин Исфара райондук акимчилиги келтирилген […]
1,679 Бардыгы / Тажикстандын бийлиги быйыл 28-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында болгон чырда Исфара районунда толугу менен же жарым-жартылай талкаланган турак үйлөрдү калыбына келтире элек. Бул тууралуу “Озоди” радиосу жергиликтүү тургундарга шилтеме кылып кабарлады. Тажик бийлигинин расмий маалыматына караганда, чек ара чырында 52 үй толугу менен же жарым-жартылай бузулган. Буга чейин Исфара райондук акимчилиги келтирилген […]
ТАЖИКСТАНДА КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫНДАГЫ ЧЫРДА ЗЫЯНГА УЧУРАГАН ҮЙЛӨР КАЛЫБЫНА КЕЛТИРИЛЕ ЭЛЕК
29.03.2022 / Автор anarkan_kg

1,680 Бардыгы /
Тажикстандын бийлиги быйыл 28-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында болгон чырда Исфара районунда толугу менен же жарым-жартылай талкаланган турак үйлөрдү калыбына келтире элек. Бул тууралуу “Озоди” радиосу жергиликтүү тургундарга шилтеме кылып кабарлады.
Тажик бийлигинин расмий маалыматына караганда, чек ара чырында 52 үй толугу менен же жарым-жартылай бузулган. Буга чейин Исфара райондук акимчилиги келтирилген чыгым 1,5 сомонини (133 миң доллар) түзгөнүн билдирген.
Жергиликтүү тургундар бул маселе боюнча жергиликтүү бийликке бир нече жолу кайрылышканын, бирок “кенемте төлөнөт” деген убададан башка эч кандай иш болбой жатканын билдирүүдө. Алардын айтымында, чек ара чырында зыянга учураган үйлөрдө жалпысынан 240 киши жашаган.
“Бийлик үйлөрүбүз калыбына келтирилерин бир нече жолу айтты. Дайыма эле убада берип коюп эле кетип калып жатышат. Бийлик тараптан эч кандай жардам болгон жок. Үйлөрүбүздү калыбына келтирүүгө жардам берсе дейбиз, анткени тургундардын көбү азыркыга чейин короосунда түнөөгө аргасыз болуп жатышат”, – деди Сурх жамаатынын тургуну Ваххоб Худабоев.
Исфара районундагы Сомониён айылынын тургундары чек ара чырында кыштактагы жалгыз медициналык пункт да жарым-жартылай талкаланганын, ал бүгүнкү күнгө чейин калыбына келтириле элек экенин билдирип жатышат. Алардын айтымында, мындан тышкары айылдагы ашкана, наабайкана жана дүкөн сыяктуу бир нече объект да зыянга учураган.
Жергиликтүү тургундар бийликтен кенемте төлөп берүүнү талап кылууда. Өкмөт азырынча чек ара чырында зыянга учураган үйлөр менен имараттар качан калыбына келтирилери боюнча расмий маалымат бере элек. Мындан улам чек арага жакын жайгашкан айылдардын айрым жашоочулары өлкөнүн кыйла коопсузураак аймактарына көчүп кетүү жөнүндө ойлонуп жатышканы кабарланууда.
Быйыл 28-январга караган түнү Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ок атышууга чейин жеткен. Анда Кыргызстандан жалпысынан 12 жаран жараат алса, Тажикстандын “Ховар” маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны набыт болуп, дагы 10у жарадар болгонун жазган.
Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519у гана буга чейин такталганы айтылып келет. Акыркы маалыматтарга караганда, 81 чакырым боюнча орток пикир табылганы да айтылууда.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
07.10.2026 / Автор anarkan_kg РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА 20 СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТ АЧЫЛДЫ
-
07.10.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА ЖАЛПЫ 5 СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ
-
04.10.2026 / Автор anarkan_kg КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
-
16.10.2025 / Автор anarkan_kg ШАЙЛООНУ УЮШТУРУУ БОЮНЧА ОБЛУСТУК ШТАБДЫН ОТУРУМУ ӨТТҮ
-
18.11.2025 / Автор anarkan_kg ГЭСтердин ГИДРОАГРЕГАТТАРЫ ИШКЕ КИРГИЗИЛДИ
-
19.01.2026 / Автор anarkan_kg АШУУЛАРДА ЖОЛ АЧЫК, КАТТАМ БАР – 11:00ГӨ КАРАТА МААЛЫМАТ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.