Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
1,900 Бардыгы / Түркиянын Стамбул шаарындагы Долмабахче сарайында Украина жана Орусия өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү башталды. Бул тараптардын марттын ортосунан берки алгачкы бетме-бет жолугушуусу. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн өкүлдөрү гуманитардык маселелерди талкуулап, ок атууну токтотуу тууралуу макулдашууга аракет кылат деп күтүлүүдө. Тараптардын буга чейинки бир нече жолку сүйлөшүүсү видеобайланыш аркылуу өткөн. Жолугушуу башталардын алдында бул сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү демилгелеген […]
1,901 Бардыгы / Түркиянын Стамбул шаарындагы Долмабахче сарайында Украина жана Орусия өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү башталды. Бул тараптардын марттын ортосунан берки алгачкы бетме-бет жолугушуусу. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн өкүлдөрү гуманитардык маселелерди талкуулап, ок атууну токтотуу тууралуу макулдашууга аракет кылат деп күтүлүүдө. Тараптардын буга чейинки бир нече жолку сүйлөшүүсү видеобайланыш аркылуу өткөн. Жолугушуу башталардын алдында бул сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү демилгелеген […]
СТАМБУЛДА УКРАИНА ЖАНА ОРУСИЯ ӨКҮЛДӨРҮНҮН СҮЙЛӨШҮҮСҮ БАШТАЛДЫ
30.03.2022 / Автор anarkan_kg

1,902 Бардыгы /
Түркиянын Стамбул шаарындагы Долмабахче сарайында Украина жана Орусия өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү башталды. Бул тараптардын марттын ортосунан берки алгачкы бетме-бет жолугушуусу.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн өкүлдөрү гуманитардык маселелерди талкуулап, ок атууну токтотуу тууралуу макулдашууга аракет кылат деп күтүлүүдө. Тараптардын буга чейинки бир нече жолку сүйлөшүүсү видеобайланыш аркылуу өткөн.
Жолугушуу башталардын алдында бул сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү демилгелеген Түркиянын президенти Режеп Эрдоган катышуучуларга кайрылды: “Азыр биз сүйлөшүүлөрдүн конкреттүү жыйынтыктары болушу керек деген маалга келдик. Болушунча тез арада ок атууну токтотуу бардыгыбыздын кызыкчыгыбызда. Сүйлөшүүлөрдө жылыштар болуп, өз кезегинде ал эки өлкө лидерлеринин жолугушуусуна жол ачылат деп үмүттөнөм”, – деди Эрдоган.
Буга чейин Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба жергиликтүү телеканалдардын эфиринде сүйлөшүүлөрдүн негизги максаты биринчи кезекте “гуманитардык маселелерди чечүү” болорун, “ок атышууну токтотуу, бул багытта туруктуу макулдашууга жетишүү экенин” айткан.
Financial Times басылмасы төрт маалымат булагына шилтеме кылып, бул сүйлөшүүлөрдө Орусия Украинаны денацификациялоо, демилитаризациялоо жана орус тилин коргоо өңдүү талаптарынан баш тартканын жазды.
Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский эгер Украина өзүнүн коопсуздугуна Орусиядан жетиштүү кепилдик алса, НАТОго кирүү планынан баш тартышы мүмкүн экенин ачык айткан.
Украинанын сүйлөшүү тобунун мүчөсү Давид Арахамия Financial Times басылмасына берген маегинде тараптар коопсуздук кепилдиги жана Украинанын Европа биримдигине кирүү ыктымалдыгы боюнча макулдашууга келүүгө жакын экенин билдирген.
Орус делегациясынын башчысы Владимир Мединский “экинчи маанидеги маселелер боюнча тараптардын позициялары жакындап жатканын”, бирок башкы саясий маселелер боюнча эч кандай жылыш жок экенин билдирген. Анын айтымында, Донбасс менен Крымдын макамы боюнча тараптардын позициялары болушунча алыс бойдон калууда.
21-мартта Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн коопсуздугу, Донбасс менен Крымдын макамы жөнүндөгү масалелер жалпы украиналык референдум аркылуу чечилерин айткан. “Орусия менен сүйлөшүүлөрдөгү компромисстердин форматына эл гана жооп бериши керек. Бирок кандайдыр бир компромисс жөнүндө сөз кылуудан мурда орус армиясы 24-февралга чейин ээлеп турган позицияларына кайтышы керек”, – деген Зеленский.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
09.04.2025 / Автор anarkan_kg КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ СТРАТЕГИЯНЫ ИШКЕ АШЫРУУ БОЮНЧА ТРЕНИНГДЕР БОЛУП ӨТТҮ
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg ЭАУда ЖЕҢИШТИН 80 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН МАЙРАМДЫК ИШ-ЧАРА ӨТТҮ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.