Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
2,413 Бардыгы / Өзбекстан Сенатынын төрага орун басары Садык Сафаев өлкө Конституциясы өзгөртүлсө, азыркы мамлекет башчы Шавкат Мирзиёевдин буга чейинки президенттик мөөнөттөрү “жокко чыгарын” ырастады. Бул тууралуу ал Kun.uz сайтына берген маегинде айтты. “Эгер жаңы Конституция кабыл алынса, албетте, ал бардык жарандарга, анын ичинде азыркы президентке жаңы Баш мыйзам менен шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк түзөт. Президент бул […]
2,414 Бардыгы / Өзбекстан Сенатынын төрага орун басары Садык Сафаев өлкө Конституциясы өзгөртүлсө, азыркы мамлекет башчы Шавкат Мирзиёевдин буга чейинки президенттик мөөнөттөрү “жокко чыгарын” ырастады. Бул тууралуу ал Kun.uz сайтына берген маегинде айтты. “Эгер жаңы Конституция кабыл алынса, албетте, ал бардык жарандарга, анын ичинде азыркы президентке жаңы Баш мыйзам менен шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк түзөт. Президент бул […]
ӨЗБЕКСТАН СЕНАТЫНЫН ТӨРАГА ОРУН БАСАРЫ: КОНСТИТУЦИЯ ӨЗГӨРСӨ МИРЗИЁЕВДИН ПРЕЗИДЕНТТИК МӨӨНӨТТӨРҮ “ЖОККО ЧЫГАТ”
18.06.2022 / Автор anarkan_kg

2,415 Бардыгы /
Өзбекстан Сенатынын төрага орун басары Садык Сафаев өлкө Конституциясы өзгөртүлсө, азыркы мамлекет башчы Шавкат Мирзиёевдин буга чейинки президенттик мөөнөттөрү “жокко чыгарын” ырастады. Бул тууралуу ал Kun.uz сайтына берген маегинде айтты.
“Эгер жаңы Конституция кабыл алынса, албетте, ал бардык жарандарга, анын ичинде азыркы президентке жаңы Баш мыйзам менен шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк түзөт. Президент бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланар-пайдаланбасы анын өзүнөн жана талапкерлигин көрсөтө турган партиядан көз каранды. Бирок анын мындай укугу болот”, – деди Сафаев.
Ошол эле маалда ал Мирзиёевдин ыктымал үчүнчү мөөнөткө баруусун актаганга аракет кылды.
“Эгер менин жеке пикиримди сурасаңар, эл аралык абалга анализ кылып жүргөн адам катары биз азыр өтө кооптуу дүйнөдө жашап жатабыз деп айтат элем. Күн сайын кырдаал оорлоп барат. Бул биздин өлкөгө да терс кесепеттерин тийгизбей койбойт. Бирок биз ага карабастан реформаларды улантышыбыз керек. Мен бул реформаларды баштаган кишиде аларды аягына чыгарууга мүмкүнчүлүгү болушу керек деп эсептейм”, – деди ал.
Садык Сафаев конституциялык өзгөрүүлөр тууралуу пикирин айткан жогорку кызматтагы алгачкы өзбек чиновниги болду.
Чет өлкөлөрдөгү жана Өзбекстандагы талдоочулар көптөн бери эле Мирзиёев демилгелеген өзгөртүүлөрдүн негизги максаты Каримовдун тушундагыдай президенттин мөөнөтүн узартуу экенин болжолдоп жүрүшкөн. Бирок Сафаевдин бул билдирүүсүнө чейин аткаминерлер Конституцияны өзгөртүү демилгесин адам укуктарын сактоо жана реформаларды тездетүү зарылдыгы менен түшүндүрүп келишкен.
Былтыр октябрда экинчи жана акыркы мөөнөткө шайланган президент Шавкат Мирзиёев азырынча 2026-жылга карата пландарын айта элек. Ал буга чейин казакстандык кесиптеши Касым-Жомарт Токаевдей эки мөөнөттөн кийин президенттикке талапкерлигимди койбойм деп убада берген эмес.
Сафаевдин бул билдирүүсү Европадагы коопсуздук жана келишим уюмунун (ЕККУ) миссиясы Өзбекстандагы президенттик шайлоо тууралуу акыркы баяндамасын жарыялагандан кийин жасалды.
Комиссия өз баяндамасында шайлоодо чыныгы атаандаштык болбогонун, бийлик оппозициялык партиялардын каттоого туруусуна уруксат бербегенин сынга алган.
1991-жылы Өзбекстандын биринчи президенти болуп шайланган Ислам Каримов 2016-жылы каза болгонго чейин Конституцияны өзгөртүү жолу менен үч ирет, референдум өткөрүү аркылуу бир жолу президенттик мөөнөтүн узарткан. Өзбекстандын Конституциясы өлкөнүн 30 жылдык эгемен тарыхында 16 жолу өзгөртүлгөн.
64 жаштагы Шавкат Мирзиёев 2016-жылы президент болуп шайланганга чейин өлкө өкмөтүн 13 жыл башкарган.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
04.10.2026 / Автор anarkan_kg КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg 5-ОКТЯБРДА БИШКЕКТЕГИ МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕЛЕР ОНЛАЙН ИШТЕЙТ
-
07.10.2025 / Автор anarkan_kg ДЕНЕ ТАРБИЯ ДАЯРДЫГЫ БОЮНЧА ЖАҢЫ ТАЛАПТАР ИШТЕЛИП ЧЫКТЫ
-
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.