Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кулактандыруу
Жалал-Абад областтык автотранспорт башкармалыгы. ТҮЗӨТҮҮ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт
НООКЕН РАЙОНДУК ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНУН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Сынак Сайдыкум айыл өкмөтү
Судебный департамент объявляет конкурс
КУЛАКТАНДЫРУУ (Мугалимдер керек)
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
СООДА-САТЫК
Таш-Булак айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

АКСЫДА СЕЛДЕН 8 КИШИ КАЗА БОЛДУ

АКСЫДА СЕЛДЕН 8 КИШИ КАЗА БОЛДУ

 318 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 12-июль күнү саат 18:00дөр чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен жалпысынан 8 адамды сел агызып кетип, анын ичинен 6 адамдын сөөгү табылган. Дагы 3 жана 5 жаштагы балдарды издөө иштери улантылууда.

Аксыда селден каза болгон 8 кишинин ичинен алтоо бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон. Бул тууралуу  кырсык болгон айылдагы Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Төлөгөн Султанмуратов маалымат булактарга билдирди.Т.Султанмуратовайтымында, ушул тапта ӨКМдин куткаруучулары жана 200дөй тургун 2 жаш баланын сөөгүн издеп жатышат.

«Кечээ түштөн кийин жайлоодо жамгыр жааган. Андан түшкөн агынды суу Жолборсту айылындагы чатырды алган. Ал жерде 7 киши болгон. Анын баары каза болуптур. Алардын алтоо бир үй-бүлө мүчөлөрү болгон. Алардын улуусу 1958-жылы туулган аял киши. Анын 1981-жылы туулган кызы жана неберелери: 2009-жылы туулган, 2014-жылы туулган, 2005-жылы туулган, 2018-жылы туулган балдар. Алар менен бирге Ак-Жол айылынан 2009-жылы туулган бала конокко келген. Ал да каза болду. Кечээ түнү саат 02:00гө чейин издөө иштерин жүргүзгөнбүз. Ал арада 6 кишинин сөөгүн таап, туугандарына өткөрүлүп берилди. Ушул тапта ӨКМден 25 куткаруучу жана 200дөй тургун 2,5 жаштагы жана 5 жаштагы баланын сөөгүн издеп жатышат», – деди айыл өкмөт башчы Т.Султанмуратов.

Сел суулары жалпы 8 адамды агызган. Анын ичинен 6 адамдын жансыз денелери табылып, 2 адам (2018-жылы туулган Т.Ф.Н. менен 2016-жылы туулган К.А.) изделип жатат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17