Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
2,638 Бардыгы / Казакстанда миңдеген мугалим өлкөнүн билим берүү министри Асхат Аймагамбетовго ачык кат менен кайрылышты. Алар кесиптик кошуун мугалимдердин укуктарын коргобогонун айтып, бул уюмга мүчөлүк акы төлөөдөн баш тартышарын билдиришти. «Тилекке каршы, биз мугалимдердин укуктарын коргогон кесиптик кошуунду көргөн жокпуз. Мугалим мектепке жумушка орношкондо кесиптик кошуунга кириши керек болот. Бул билим берүү мекемелериндеги жазылбаган мыйзам. […]
2,639 Бардыгы / Казакстанда миңдеген мугалим өлкөнүн билим берүү министри Асхат Аймагамбетовго ачык кат менен кайрылышты. Алар кесиптик кошуун мугалимдердин укуктарын коргобогонун айтып, бул уюмга мүчөлүк акы төлөөдөн баш тартышарын билдиришти. «Тилекке каршы, биз мугалимдердин укуктарын коргогон кесиптик кошуунду көргөн жокпуз. Мугалим мектепке жумушка орношкондо кесиптик кошуунга кириши керек болот. Бул билим берүү мекемелериндеги жазылбаган мыйзам. […]
КАЗАКСТАНДА МУГАЛИМДЕР КЕСИПТИК КОШУУНДАРГА МҮЧӨЛҮК АКЫ ТӨЛӨӨДӨН БАШ ТАРТЫШУУДА
04.06.2020 / Автор aymak

2,640 Бардыгы /
Казакстанда миңдеген мугалим өлкөнүн билим берүү министри Асхат Аймагамбетовго ачык кат менен кайрылышты. Алар кесиптик кошуун мугалимдердин укуктарын коргобогонун айтып, бул уюмга мүчөлүк акы төлөөдөн баш тартышарын билдиришти.
«Тилекке каршы, биз мугалимдердин укуктарын коргогон кесиптик кошуунду көргөн жокпуз. Мугалим мектепке жумушка орношкондо кесиптик кошуунга кириши керек болот. Бул билим берүү мекемелериндеги жазылбаган мыйзам. Мектептин эсепчилери мугалимдин макулдугусуз эле бул уюмга мүчөлүк акы кармап калышат. Мугалимдер кесиптик кошуунга мүчө экенин да билишпейт», — деп жазылган катта.
Мугалимдер ишкерлердин «Атамекен» палатасы жана Билим берүү министрлигинен кесиптик кошуундар менен түзүлгөн үч тараптуу келишимди жокко чыгарууну талап кылышты. Алар мугалимдерди автоматтык түрдө кесиптик кошуунга мүчөлүккө кабыл алууну жана мектеп эсепчилери тарабынан мүчөлүк акы кармап калууну токтотуу керектигин билдиришти.
Мугалимдердин укуктарын коргоо менен алектенген юрист Маржан Аспандияров катта жазылган талаптарды негиздүү деп эсептейт. Анын айтымында, мугалимдердин макулдугусуз эле алардын акчасын кесиптик кошуундун эсебине которуу мыйзамсыз.
Казакстанда үч кесиптик кошуун иштейт — Казакстандык кесиптик кошуундардын федерациясы, Казакстандын эмгек конфедерациясы жана Казакстан кесиптик кошуундарынын «Аманат» шериктештиги. Эксперттер бул үч уюмду тең көз карандысыз деп эсептешпейт.
Казакстанда көз карандысыз кесиптик кошуундарга басым бар экени, аларды каттоодон өткөрүү оор экени жана жетекчилери кысымга кабылары айтылып келет.
Эл аралык уюмдар бир нече жолу казак бийлигин көз карандысыз кесиптик кошуундардын ишине кийлигишпөөгө, жумушчуларга өзү каалаган уюм аркылуу укугун коргоого мүмкүнчүлүк берүүгө чакырышкан.
Автор aymak
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
07.10.2026 / Автор anarkan_kg РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА 20 СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТ АЧЫЛДЫ
-
07.10.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА ЖАЛПЫ 5 СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ
-
04.10.2026 / Автор anarkan_kg КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.