Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,744 Бардыгы / Кытай Тажикстанды келечекте аскердик базаларын жайгаштыра турган өлкөлөрдүн бири катары караштырууда. Бул тууралуу АКШнын Коргоо министрлигинин Конгресс мүчөлөрү үчүн даярдаган ар жылкы баяндамасында жазылган. «Кытай өзүнүн аскердик-логистикалык объектилерин жайгаштыра турган жерлер катары Мьянма, Таиланд, Сингапур, Индонезия, Пакистан, Шри-Ланка, Бириккен Араб Эмираттары, Кения, Сейшел аралдары, Танзания, Ангола жана Тажикстан сыяктуу өлкөлөрдү караштырып жатат», — […]
1,745 Бардыгы / Кытай Тажикстанды келечекте аскердик базаларын жайгаштыра турган өлкөлөрдүн бири катары караштырууда. Бул тууралуу АКШнын Коргоо министрлигинин Конгресс мүчөлөрү үчүн даярдаган ар жылкы баяндамасында жазылган. «Кытай өзүнүн аскердик-логистикалык объектилерин жайгаштыра турган жерлер катары Мьянма, Таиланд, Сингапур, Индонезия, Пакистан, Шри-Ланка, Бириккен Араб Эмираттары, Кения, Сейшел аралдары, Танзания, Ангола жана Тажикстан сыяктуу өлкөлөрдү караштырып жатат», — […]
ПЕНТАГОН: КЫТАЙ ТАЖИКСТАНГА АСКЕРЛЕРИН ЖАЙГАШТЫРУУНУ ПЛАНДООДО
03.09.2020 / Автор orozalieva1,746 Бардыгы /
Кытай Тажикстанды келечекте аскердик базаларын жайгаштыра турган өлкөлөрдүн бири катары караштырууда. Бул тууралуу АКШнын Коргоо министрлигинин Конгресс мүчөлөрү үчүн даярдаган ар жылкы баяндамасында жазылган.
«Кытай өзүнүн аскердик-логистикалык объектилерин жайгаштыра турган жерлер катары Мьянма, Таиланд, Сингапур, Индонезия, Пакистан, Шри-Ланка, Бириккен Араб Эмираттары, Кения, Сейшел аралдары, Танзания, Ангола жана Тажикстан сыяктуу өлкөлөрдү караштырып жатат», — деп жазылган 200 барактан турган документтин жашыруун эмес бөлүгүндө.
Баяндамага ылайык, Бээжин чет өлкөлөрдөгү армиясы менен флотунун базалык инфраструктурасын кеңейтүү менен таасирдүү дүйнөлүк державага айланууга аракет кылып, АКШ менен атаандашууда.
Баяндамада ошондой эле жакынкы 10 жылдын ичинде Бээжин өзүнүн өзөктүк куралдарынын санын эки эсеге көбөйтүүнү пландап жатканы жазылган. Бирок Кытайдын Тышкы иштер министрлиги бул маалыматы четке какты.
2019-жылы февралда Washington Post гезити жергиликтүү тургундар менен спутниктен тартылган сүрөттөргө таянып, Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автоном облусундагы Мургаб районунда үч жылдан бери Кытайдын жашыруун аскер базасы бар экенин жазып чыккан. XIX кылымда бул райондо Орус империясынын чек ара бекети жайгашып турган. Жергиликтүү тургундар америкалык журналисттерге азыр ал жерде бир нече миң кытай аскерлери бар экенин айтышкан.
«Тажикстандагы базалардын спутниктен тартылган сүрөттөрүндө анын эки блоктон жана бир нече траншеядан турары көрүнүп турат. Курулуш Ооганстан менен чек арадан алыс эмес жерде жайгашкан, ал Ооганстандан Тажикстанга келе турган негизги жолду көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет», — деп жазылган макалада.
Washington Post басылмасынын журналисттери Мургабдын базарында аскердик кийим менен жүргөн кытайлык жоокерлерди да сүрөткө тартып алышкан.
Бирок Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун төрагасы Ёдгор Файзов аймакта Кытайдын жашыруун аскердик базасы жайгашканын четке кагып, Кытайдын өз аймагында чек ара бекети бар экенин билдирген.
Ооганстандын Тажикстан, Кытай жана Пакистан менен чектешкен тоолуу Вахан коридорунда 2012-жылдан бери Кытайдын Элдик куралдуу полициясы иш алып барууда.
2018-жылы жайында Кытай терроризмге каршы күрөшүү боюнча Кабул менен түзүлгөн келишимдин алкагында Ооганстандын Пакистан, Тажикстан жана Кытай менен чектешкен Бадахшан аймагына алгачкы аскердик-машыгуу базасын кура баштаган. Бул тууралуу South China Morning Post гезити өз булактарына шилтеме кылып жазган. Басылма макаласында бул Кытайдын Ооганстан аймагындагы алгачкы стационардык аскердик базасы болорун белгилеген. Бирок анда бул маалыматты Кабул ырастаган эмес.
Эксперттердин пикиринде, Бээжин Чыгыш Түркстан Ислам кыймылынын жоочуларынан гана эмес, «Ислам мамлекети» террордук тобунун мүчөлөрү Ооганстан аркылуу мусулмандар жашаган Шинжаң-Уйгур автоном облусуна чейин келиши мүмкүн деп тынчсызданууда.
www.
Автор orozalieva
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
04.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖЕКЕ МЕНЧИК БАЛА БАКЧАЛАР ЖАНА МЕКТЕПТЕР ТЕКШЕРИЛДИ
-
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.