Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,126 Бардыгы / БИШКЕК. Кечээ, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында 21-февраль – Эне тилдин эл аралык күнүнө карата бир айлыктын жыйынтыктоочу жыйыны өттү. Салтанаттуу жыйынга мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы Абдыганы Эркебаев, тилчилер, жогорку окуу жайдын окутуучулары […]
1,127 Бардыгы / БИШКЕК. Кечээ, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында 21-февраль – Эне тилдин эл аралык күнүнө карата бир айлыктын жыйынтыктоочу жыйыны өттү. Салтанаттуу жыйынга мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы Абдыганы Эркебаев, тилчилер, жогорку окуу жайдын окутуучулары […]
ЭНЕ ТИЛДИН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮНӨ КАРАТА БИР АЙЛЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ
22.02.2023 / Автор anarkan_kg

1,128 Бардыгы /
БИШКЕК. Кечээ, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында 21-февраль – Эне тилдин эл аралык күнүнө карата бир айлыктын жыйынтыктоочу жыйыны өттү.
Салтанаттуу жыйынга мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы Абдыганы Эркебаев, тилчилер, жогорку окуу жайдын окутуучулары жана тилдин өнүгүүсүнө салым кошкон адамдар катышты.
Иш-чаранын ачылышында мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов сөз сүйлөп, тил майрамына арналган иш-чаранын өтүшүнүн өзү өкүнүчтүү экенин белгилейт.
“Ушул күнгө келип, туш болдук. Тилибиз жоголуп бара жатып, кайра тирилип, оңоло баштаганда “Ушундан ары уланып, оңолуп кетсин” деп майрам өткөрө баштадык. Кыргыз тили кедей, сөздөрү аз, жетпейт дегендерге жооп берип кетсем. 1991-жылы парламентте Дооронбек Садырбаев “Канымды кашык кылдым, каруумду казык кылдым, мүйдөй журтка жүйөлүү кеп айтсак, туш-туштан кашаа эле келе жатат. Ырыстуу элге ыдык көрсөткөн кандай ыйманы тар. Ыдык көргөн сөзүнөн жыдыган жылан сымал адамдардан арылбайлыбы?” деген. Ушуну которо аласыздарбы? Дагы бир легендарлуу парламенттеги сөз, Ош окуясы боюнча депутаттын комиссиясынын төрагасына кайрылуу “Урматтуу төрага, сиз эмне сымаптай култ-култ, жылт-жулт деп эле колдон-колго куюласыз, кыйшактабай түз айтпайбызбы. Оштогу тоз-тополоң, будуңчаңга ким күнөөлүү? Элдин маанайы паз, сабыры суз, билермандары биттин ичегисине кан куюп, төрт кыбыланы карап турган учур” деген. Эмне деген керемет, бир сөзүн жандыра жана которо албайсың”, – дейт Касмамбетов.
Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев билдиргендей, эне тил күнүнө карата бир айлыктын максаты – Кыргызстанда жашап жаткан бардык этностордун тилин сактоо жана өнүктүрүү менен мамлекеттик тилди толук, кеңири колдонууну камсыздоо.
“Өлкөнүн бардык облустарында бүгүн эне тилдин эл аралык күнүнүн идеясын чагылдырган ар кыл мазмундагы жыйын, фестиваль, илимий конференция, сынак жана жолугушуулар өткөрүлдү. “Кыргыз тест” чет өлкөлөрдө дагы оффлайн тест өткөрүү менен жүргүзүлүп жаткан иштердин масштабын кеңейтти. Ошондой эле Россияда флешмоб, чакан тесттер жүргүзүлдү. Жалпысынан 200дөн ашык мекемеде эне тилге байланыштуу иш-чаралар ийгиликтүү өткөрүлдү. Аны менен бирге борбор калаада элчилердин, жарандык коомдун активисттеринин катышуусунда “Улуттун тамыры – эне тил” аттуу тегерек стол өттү”, – деди ал.
Осмоналиев бир айлыктын алкагында жазылган илимий эмгектер китеп бетине басылып чыгарылганын маалымдады.
“Мындай иш-чаралар белгилүү убакыт менен чектелбеши керек, ал улана берет. “Элдин түбөлүктүүлүгү – эне тилинде” деп залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов бекеринен айткан эмес”, – деп сөзүн жыйынтыктады мамлекеттик тил комиссиянын төрагасы.
Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана тил саясатын өркүндөтүүгө кошкон зор салымы үчүн бир катар жарандар Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын сыйлыктары менен сыйланышты.
Белгилей кетсек, эне тилдин бир айлыгы 20-январда башталып, 21-февралда – Эне тил эл аралык күнүндө жыйынтыкталды.
Автор anarkan_kg
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
27.01.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ИНКЛЮЗИВДҮҮ ПЛАТФОРМА ЛИФТИ ОРНОТУЛДУ
-
11.02.2026 / Автор anarkan_kg САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН ЖАҢЫ АДМИНИСТРАТИВДИК ИМАРАТЫ АЧЫЛДЫ
-
23.02.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ МЭР ИШИН БАШТАДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.