Аймак

МУГАЛИМДЕРДИН АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ ӨТТҮ

МУГАЛИМДЕРДИН АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ ӨТТҮ

 69 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 26-август күнү Жалал-Абад шаарында “Билим берүүгө 100 жыл; Трансформация, чакырыктар жана жаңы горизонттор” аталышындагы мугалимдердин август кеңешмеси өттү.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей, кеңешмеге шаардын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин депутаты Уларкан Бекешова, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев жана мугалимдер катышты.

Шаар мэри агартуучулардын иши түйшүктүү жана сыймыктуу экендигин белгилеп, үзүрлүү эмгектенген мугалимдерге Ардак грамоталарды тапшырып, жаңы окуу жылында ийгиликтерди каалады. Ошондой эле, билим берүү тармагына жыл сайын республикалык жана жергиликтүү бюджеттен ири суммадагы каражат бөлүнө тургандыгын айтып, ага карабай күтүлгөн жыйынтык чыкпай жатканын белгилеп, билим берүү бөлүмүнүн башчысына жана мугалимдерге балдардын билим сапатын жакшыртуу талабын койду.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 29 мектеп бар. Быйыл мектептерге 1-класска 3 миңден ашуун окуучу кабыл алынат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17