Аймак

Салтанат АМАТОВА: «ЖТРДЫН СУРООЛОРУ АМЕРИКА УСУЛУНУН НЕГИЗИНДЕ ТҮЗҮЛГӨН. ОШОЛ СЕБЕПТҮҮ КЫРГЫЗСТАНДА ЖАЛАҢ «5»ке ТАПШЫРГАНДАР ДЕЛЕ БОСОГО БАЛЛДАН ӨТҮШПӨСТӨН КУЛАП КАЛЫП ЖАТЫШАТ»

Салтанат АМАТОВА: «ЖТРДЫН СУРООЛОРУ АМЕРИКА УСУЛУНУН НЕГИЗИНДЕ ТҮЗҮЛГӨН. ОШОЛ СЕБЕПТҮҮ КЫРГЫЗСТАНДА ЖАЛАҢ «5»ке ТАПШЫРГАНДАР ДЕЛЕ БОСОГО БАЛЛДАН ӨТҮШПӨСТӨН КУЛАП КАЛЫП ЖАТЫШАТ»

 6 Бардыгы /

Жашырып не. Кыргызстандын билим берүү системасы ушул чакта олуттуу өзгөрүүлөрдүн босогосунда турат. Анткени, өлкөбүз эгемендүүлүктүн адепки жылдарынан тартып эле аталган тармакты кендирди куп гана кескен көйгөйлөр улам тооруп келатат. Бул жөнүндө кабарчыбызга курган ат жалындагы маегинде Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жаңы жетекчиси Салтанат АМАНОВА деле танган жок!

– Салтанат айым, баарынан мурда жаңы кызматыңыз

жана дагы 2025-жылыңыз кут болсун! Ушугезде болочок муунубуздун заманбап өсүп-өнүгүүсү жана толук кандуу билим алуусу үчүн кандай аракеттер жасалып жатты экен?

Эң ириде Сиздинкуттуктооңузга абдан чоң ыракмат! Жаңы 2025-жылыбыз баарыбызга тең ылайым акжолтой болсун!

Баса, ушугезде окуучуларды комплекстүү (ар тараптуу) өнүктүрүү – бүгүнкү заманыбыздын эч кечиктирилгис талабы! Ошол себептүү билимдин сапатына, таалим-тарбиянын жугумдуулугуна, жаш муундарыбыздын коопсуздук ишмердүүлүүгүнө (активдүүлүгүнө),  спорт жана икусство менен үзгүлтүксүз алектенүүсүнө, психологиялык жана философиялык жактан бекем коопсуздугуна биз абдан зарыл гана өбөлгөлөрдү жаратууга милдеткербиз! Чынын айтканда, биздин мындан башка жолубуз жок!

– Ошентсе дагы, бул өңүттө Сиздердин ыкчам жана дагы ырааттуу аракетиңиздер дегеле байкалбайт ко?

– Кантип? Ушул учурда республикалык жана дагы Дүйнөлүк даражадагы аябай дасыккан усулчулар менен өз ара сүйлөшүүлөрдү өтө кызуу жүргүзүп жаткан чагыбыз. Жакын арада мектеп директорлорунун корпусу менен жапжаңы усулдарды үйрөнүү жана өздөштүрүү жаатында семинарларды байма-бай өткөрмөкчүбүз. Ошондой эле мектеп директорлорунун окуу-тарбиялык жагынан орун басарларын, буга эле улай усулкана башчыларын дагы сөзсүз түрдө кайрадан тегиз окутабыз.

Салтанат айым, Сиздин жеке пикириңизче, Кыргызстандын билим берүү системасы акыркы мезгилде дегеле эмнеден өксүп жатты экен?

– Танууга акыбыз жок! Буга чейинки окуучуларыбыз Советтер Союзунун эң эле эски жана тажрыйбасы абдан мол усулу менен гана окутулуп келген. Албетте, Советтик система деле мыкты, фундаменталдуу жана классикалык мүнөздө эле. Тилекке каршы, биз окуучуларыбызды СССРдин биротоло калыптанып калган дал ошол жакшы системасы менен окутуп, бирок, эмнегедир жалпы республикалык тестти (ЖТРды) Американын (АКШнын) бизге таңуулаган таптакыр жат (өөн) усулу менен дагыле жүргүзүп келе жатабыз.

Танып не. Дал ушунун кесепетинен Кыргызстандын бардык мектептеринде жалаң «5ке» окушкан окуучуларыбыз деле кашайып ЖТРдан тегиз кулап калып жатышпайбы. Ошондуктан, биз айлабыз таптакыр куруганда бул жарга такаган кырдаалдан эптеп жана дагы биротоло кутулуу максатында агартуу журттарына мониторинг системасын         милдеттүү түрдө киргизип олтурабыз.

МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

Салтанат АМАНОВА 1975-жылы Ош облусуна караштуу Алай районунун Сопу-Коргон кыштагында туулган. ОшМУнун филология факультетин аяктаган. Кесиби – кыргыз тили жана адабияты мугалими. Адегенде ОшМУда окутуучулук кесипти аркалаган. Андан соң Кыргыз филологиясы факультетинде декандын орун басары, маданий-эстетикалык борбордун директору, Кыргыз-Түрк достук мектебинин директору, Ош шаар мэриясынын тышкы байланыштар жана бизнести өнүктүрүү Агенттигинин директорунун орун басары, Ош шаар мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, Ош шаар мэринин кеңешчиси вазийпасын абийирдүү аркалаган.

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17