Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
22 Бардыгы / Мындай жыйынтык QS Quacquarelli Symonds Эл аралык жогорку билим берүү аналитикалык агенттигинин дүйнөдөгү эң мыкты университеттердин жылдык предметтик рейтингинин 15-чыгарылышында жарыяланды. QS дүйнөлүк университеттердин рейтингинин 2025-жылкы басылышы 55 жеке предметти камтып, беш негизги багыттан турат. Алар – искусство жана гуманитардык илимдер, инженерия жана технология, жашоо илимдери жана медицина, табигый илимдер, коомдук илимдер жана […]
23 Бардыгы / Мындай жыйынтык QS Quacquarelli Symonds Эл аралык жогорку билим берүү аналитикалык агенттигинин дүйнөдөгү эң мыкты университеттердин жылдык предметтик рейтингинин 15-чыгарылышында жарыяланды. QS дүйнөлүк университеттердин рейтингинин 2025-жылкы басылышы 55 жеке предметти камтып, беш негизги багыттан турат. Алар – искусство жана гуманитардык илимдер, инженерия жана технология, жашоо илимдери жана медицина, табигый илимдер, коомдук илимдер жана […]
КЫРГЫЗСТАНДЫН ТАРЫХЫНДА ОШМУ БИРИНЧИЛЕРДЕН QS ДҮЙНӨЛҮК УНИВЕРСИТЕТТЕРДИН ПРЕДМЕТТИК РЕЙТИНГИНЕ КОШУЛДУ
17.03.2025 / Автор anarkan_kg24 Бардыгы /
Мындай жыйынтык QS Quacquarelli Symonds Эл аралык жогорку билим берүү аналитикалык агенттигинин дүйнөдөгү эң мыкты университеттердин жылдык предметтик рейтингинин 15-чыгарылышында жарыяланды.
QS дүйнөлүк университеттердин рейтингинин 2025-жылкы басылышы 55 жеке предметти камтып, беш негизги багыттан турат. Алар – искусство жана гуманитардык илимдер, инженерия жана технология, жашоо илимдери жана медицина, табигый илимдер, коомдук илимдер жана менеджмент. Жарыяланган предметтик рейтингге Казакстандын – 11, Өзбекстандын – 5 университети кирген. Кыргызстандан Ош мамлекеттик университети жана Кыргыз-Түрк «Манас» университети кошулду.
– Борбор Азиядагы улуттук жогорку билим берүү системалары өнүгүүнү ыраттуу улантууда. QS World University Rankings by Subject 2025 предметтик рейтингде аймактагы алты университеттин дебюту менен белгиленген оң динамикасын баса белгилегим келет, – деди QS компаниясынын улук вице-президенти Бен Саутер.
Дүйнөлүк рейтингдин сап башында АКШнын, Улуу Британиянын, Канаданын, Швейцариянын, Нидерландия, Италиянын ЖОЖдору турат. Чыгыш Азия өлкөлөрү, мунун ичинде Түштүк Корея, Кытай (континенттик бөлүгү) жана Гонконг университеттери маанилүү өсүштү көрсөттү. Ошондой эле Батыш Азия жана Араб регионунда рейтингге кирген окуу жайлардын саны көбөйдү. Предметтик рейтингде дүйнөнүн 101 өлкөсүндөгү жана аймагындагы 1756 жогорку окуу жайдын 21 миңден ашуун билим берүү программасы көз карандысыз салыштырма анализден өткөн.
Дүйнөнүн эң мыкты университеттеринин предметтик рейтингин түзүүдө QS төмөнкү беш негизги көрсөткүчтү колдонот:
- Академиялык репутация;
- Иш берүүчүлөр арасындагы аброю;
- Бир басылмага берилген цитаталардын саны;
- h-индекс
- Эл аралык илимий кызматташтык индекси.
Бул ийгилик ОшМУнун студенттерине сунушталып заманбап тилдер боюнча билим берүү жана илимий программалардын жогорку сапатын тастыктайт. ОшМУ 2024-жылы QS World University Rankings рейтингинде Азияда 260-орунду, Борбордук Азияда 13-орунду ээлеген. Буга чейин окуу жай «IAAR Eurasian University Ranking (IAAR EUR) – 2024» Эл аралык рейтингинде экинчи орунду ээлеген. QS Quacquarelli Symonds уюму тарабынан сунушталган QS Stars Эл аралык университеттер рейтингинде 4 жылдызга ээ .
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
-
09.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна НООКЕНДЕ УЛУУ ЖЕҢИШТИН 80 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.