Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
13 Бардыгы / Бүгүн, 30-августта Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Миң-Өрүк айылында Нышанбай Алыкулов атындагы жаңы мектептин ачылыш аземине катышты. Мамлекет башчысы азыркы учурда мамлекет биринчи кезекте келечек муунга кам көрүшү керектигин белгиледи. “Айыл болобу, шаар болобу окуучуларыбыздын мыкты окуп чыгышы үчүн оболу мектептердеги абалды: эскилерин жаңыртып, кошумча […]
14 Бардыгы / Бүгүн, 30-августта Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Миң-Өрүк айылында Нышанбай Алыкулов атындагы жаңы мектептин ачылыш аземине катышты. Мамлекет башчысы азыркы учурда мамлекет биринчи кезекте келечек муунга кам көрүшү керектигин белгиледи. “Айыл болобу, шаар болобу окуучуларыбыздын мыкты окуп чыгышы үчүн оболу мектептердеги абалды: эскилерин жаңыртып, кошумча […]
ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ Н. АЛЫКУЛОВ АТЫНДАГЫ ЖАҢЫ МЕКТЕПТИН ИМАРАТЫН АЧТЫ
30.08.2025 / Автор anarkan_kg15 Бардыгы /
Бүгүн, 30-августта Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Миң-Өрүк айылында Нышанбай Алыкулов атындагы жаңы мектептин ачылыш аземине катышты.
Мамлекет башчысы азыркы учурда мамлекет биринчи кезекте келечек муунга кам көрүшү керектигин белгиледи.
“Айыл болобу, шаар болобу окуучуларыбыздын мыкты окуп чыгышы үчүн оболу мектептердеги абалды: эскилерин жаңыртып, кошумча имаратка муктаждарына жаңы корпустарды салып берип оңдоп жатабыз”, — деп белгиледи Президент.
Аталган мектептин жаңы имараты заман талаптарына жооп берет, балдардын билим алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Мурда мектептин имараты эки корпустан туруп, 1890-жылы имараттардын бири 10 бөлмөгө ылайыкталып курулган. 1928-жылдан баштап ал кайрадан жабдылып, 10 класстык бөлмөсү бар мектеп катары колдонула баштаган. Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш материалдары көп жылдык пайдалануудан улам эскирип кеткени аныкталган: пайдубалы чөгүп кеткен, ал эми негизги дубалдарда жаракалар пайда болгон, ошондуктан мектептин жаңы имаратын куруу чечими кабыл алынган.
Президент өз сөзүндө мугалимдер жана жергиликтүү тургундар үчүн маалымат иретинде билим берүү системасындагы айрым жаңылыктар менен бөлүштү.
“Азыр дүйнө тынымсыз, күн сайын өзгөрүү жолунда. Дүйнөдө технологиялар укмуштуудай ылдамдыкта өнүгүп жатканын баарыбыз көрүп-билип жатабыз. Ошондуктан дүйнө агымынан артта калбай, эң оболу билим берүүнүн түзүмү гана эмес, мазмуну да өзгөртүүгө бел байладык. 12 жылдык билим берүү системасына 150дөн ашуу өлкө өтүптүр. Демек, натыйжалуу система. Биз дагы бул системаны дыкат иликтеп, өзүбүзгө ыңгайлаштыруу менен дүйнө баскан жолго багыт алышыбыз керек”,– деди Мамлекет башчысы.
Ал ошондой эле билим берүү системасын ар тараптуу өзгөртүүгө, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана алдыңкы билим берүү технологияларын киргизүүгө багытталган улуттук «Алтын Казык» программасы тууралуу айтты.
Мамлекет башчысы билим берүүнү санариптештирүү багытында компьютердик техникалар сатып алынып, 27 миңден ашык ноутбук даярдалып, мугалимдерге таратылып берилгенин билдирди.
“Мугалимдердин орду эбегейсиз зор болору талашсыз. Көз майын коротуп, бүткүл дитин балдарга бурган мугалимдерибиздин эмгегин баалоого милдеттүүбүз. Эмгек акыңыздарды дагы көтөрөбүз. Биз сиздердин маянаңыздарды заман талабына ылайыктоонун аракетиндебиз”,–деп баса белгиледи Президент.
Ошону менен бирге Өкмөт башчы келечек муунду тарбиялоо жана окутуу милдети бир гана мектепке жүктөлбөш керектигин, ата-энелер өздөрүнүн бийик жоопкерчилигин сезиши кажет экендигин, алардын өздөрү да билимдүү, маданияттуу, үлгүлүү болушу абдан маанилүү экендигин белгилеп,
окуучуларга алардын оргуштаган билимге, улуттук дем-күчкө тунуп турушун, жалпы мугалимдер жамаатына албан-албан ийгиликтерди жана жаңы мектептин багыт алган жолу байсалдуу болушун каалады.
Соңунда Президент Садыр Жапаров жаңы мектептин имаратын, анын ичинде окуу класстарын, спорттук жана жыйындар залдарын, ашкана жана башка бөлмөлөрдү көрүп чыкты.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
23.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖАРАНДЫК КОРГОНУУНУН АБАЛЫ ТЕКШЕРИЛЕТ
-
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
25.04.2025 / Автор anarkan_kg Улуу Жеништин 80 жылдыгына ТЕҢ УКУКТУБУЗ!
-
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.