Аймак

ЭАУда ЖУСУП АБДЫРАХМАНОВДУН 120 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН КЕРЕГЕ КЕҢЕШ ӨТКӨРҮЛДҮ

ЭАУда ЖУСУП АБДЫРАХМАНОВДУН 120 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН КЕРЕГЕ КЕҢЕШ ӨТКӨРҮЛДҮ

 546 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 18-ноябрда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) илимий изилдөөлөр, иштелмелер жана инновациялар борборунда мамлекеттик ишмер Жусуп Абдырахмановдун 120 жылдыгына арналган “Жусуп Абдырахманов – кыргыздын чыгаан мамлекеттик ишмери” аттуу республикалык илимий-практикалык кереге кеңеш гибриддик форматта өткөрүлдү.

ЭАУнун кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

маалымдагандай, аталган кеңеште төмөнкү темаларда бир катар илимий баяндамалар окулду, алар: “Жусуп Абдырахманов баш мыйзамдын биринчи түзүүчүсү”, “Жусуп Абдырахмановдун мамлекеттик кызматтагы ишмердиги”, “Алгачкы кыргыз интеллигенциясынын мамлекеттүүлүктү түптөөдөгү ишмердиги”, “Репрессияланган мамлекеттик ишмерлердин үй-бүлөлөрүнүн күйүттүү тагдыры”, “Жеке инсандын мамлекеттин тарыхындагы ролу”, “Жусуп Абдырахманов улуттук лидер” ж.б. Аталган баяндамалар менен бирге окутуучу Ж. Салибаеванын “Ата-Бейит” видео тасмасы да көрсөтүлдү. Жалпысынан аталган кереге кеңеш абдан мазмундуу болуп, Жусуп Абдырахмановдун ишмердигин изилдөөгө бир топ салымын кошту десек болот. Жогорудагы темаларда даярдалган баяндамалар университеттин “ЭАУ жарчысы” илимий-популярдык журналында жакынкы мезгилде жарыяланат. Кереге кеңештин уюштуруучулары: ЭАУнун Үзгүлтүксүз ачык билим берүү институтунун дирекциясы, философия жана табигый илимдер кафедрасы.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17