Аймак

БОЛОТ ТЕМИРОВ ЭЛДИН КӨЗӨМӨЛҮ МЕНЕН СОТ АДИЛЕТ ЧЕЧИМ ЧЫГАРГАНЫН АЙТТЫ

БОЛОТ ТЕМИРОВ ЭЛДИН КӨЗӨМӨЛҮ МЕНЕН СОТ АДИЛЕТ ЧЕЧИМ ЧЫГАРГАНЫН АЙТТЫ

 597 Бардыгы /

Сотто акталган журналист Болот Темиров өкүм адилеттүү болгонун айтып, бул үчүн элдин көзөмөлү негизги роль ойногонун билдирди.

Сот отуруму аяктагандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берген Темиров мындай чечимди күтпөгөнүн белгилеп, аны акыйкаттыкка жасалган кадам катары сыпаттады.

28-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Акылбек Адимов Темировго маңзат боюнча коюлган айып негизсиз экенин айтып, аны актады. Алган паспорту менен чек арадан өткөнү мыйзамдуу болгонун билдирип, ал боюнча да актоо чечими чыкты. Судья Темировго тергөөчүлөр койгон айыптарга далил көрө албаганын белгиледи. Ал эми документ жасалмалоо деген берене менен айыптуу деп таап, бирок жаза чарасы чегерилбей турганын билдирди. Темиров буга аппеляциялык арыз жазыларын айтууда.

22-сентябрдагы соңку отурумда мамлекеттик айыптоо сотко Темировду беш жылга жалпы тартиптеги колонияга камоону сунуш кылган. Прокурор Мээрим Алиева Темировду өлкөдөн чыгаруу тууралуу маселе көтөргөн.

Журналистти жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция быйыл 23-январда кармап, чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде кайра бошоткон.

Анын алдында Болот Темировдун “Ютубдагы” Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда Ташиевдин аты аталган.

Ошол эле күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.

Темировго жана Назаровго карата иш Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен козголгон.

Журналисттин ишине “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” жана “Документтердин жасалмасын жасоо” деген эки берене да кошулган.

Тергөөнүн материалдарында Темировдун аскердик билети Орусиянын жаранына таандык экени жазылган.

УКМК жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналистке бут тосуу болуп жатканы тууралуу айыптарды четке каккан.

Президенттин басма сөз кызматы бийлик иликтөөчү журналисттерге колдоо көрсөтөрүн билдирген.

Төкмө акын Болот Назаров “Ютуб” каналына жемкорлукту ашкерелеген чыгармаларын жарыялап келет. Анын ишин кароо уланып жатат.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17