Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
577 Бардыгы / Президент Садыр Жапаровдун Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу эл менен жолугушуусуна Жогорку Кеңештеги фракция лидерлери, айрым комитеттин төрагалары дагы катышты. Парламенттеги “Альянс” фракциясынын лидери, депутат Жанарбек Акаев “Азаттыкка” билдиргендей, элдин суроолоруна президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жооп берди. “Жолугушуу эмоционалдуу абалда өттү. Кемпир-Абад боюнча Өзгөндүн тургундары […]
578 Бардыгы / Президент Садыр Жапаровдун Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу эл менен жолугушуусуна Жогорку Кеңештеги фракция лидерлери, айрым комитеттин төрагалары дагы катышты. Парламенттеги “Альянс” фракциясынын лидери, депутат Жанарбек Акаев “Азаттыкка” билдиргендей, элдин суроолоруна президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жооп берди. “Жолугушуу эмоционалдуу абалда өттү. Кемпир-Абад боюнча Өзгөндүн тургундары […]
ЖАНАРБЕК АКАЕВ: ӨЗГӨНДӨ ПРЕЗИДЕНТТИН ЭЛ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУСУ ЭМОЦИОНАЛДУУ АБАЛДА ӨТТҮ
05.10.2022 / Автор anarkan_kg579 Бардыгы /
Президент Садыр Жапаровдун Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу эл менен жолугушуусуна Жогорку Кеңештеги фракция лидерлери, айрым комитеттин төрагалары дагы катышты.
Парламенттеги “Альянс” фракциясынын лидери, депутат Жанарбек Акаев “Азаттыкка” билдиргендей, элдин суроолоруна президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жооп берди.
“Жолугушуу эмоционалдуу абалда өттү. Кемпир-Абад боюнча Өзгөндүн тургундары президентке өтө ачуу суроолорду берди. Алар бир метр дагы жерибиз башкаларга кеткен жок деп жооп беришти. Тескерисинче, 1965-жылы картада Өзбекстанга карап калган учурлар бар. Ошол жерлердин баары сүйлөшүү жолу менен, утуш менен чыктык деп айтылды. Эми ратификацияга келсек, бардык документтерди карап көрөбүз. Азыр биз дагы ак же көк деп айта албайбыз. Анткени колубузда бир дагы кагаз жок. Бирок жалпы алганда мен дагы чек ара маселеси чечилиш керек деген ойдомун. Анткени буга чейинки бийликтегилердин баары сүйлөшүүлөр, делимитация, демаркация иштери болуп атат деп убакыт созулуп, анан алар бийликтен кетишкен. Ошол эле убакта депутаттардын талабы – жерибиз, суубуз, өзгөчө Кемпир-Абад эч кандай башка өлкөгө берилбеши керек. Расмий бийлик суу дагы, жер дагы биздики деп айтты”, – деди Акаев.
Эл өкүлү парламентте бул маселе ийне-жибине чейин карала турганын кошумчалады.
Жолугушууга катышкан “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып “Кемпир-Абад” суу сактагычы Өзбекстанга өткөнүн билдирди.
“Кемпир-Абад кетти. Ошондой болуп 4000 гектардан ашыгыраак жер кетти. Биз компенсациясын 1965-жылы алганбыз дейт. Ошондуктан мындай жыйын ачык-айкын өткөндө жакшы болмок. Тилекке каршы мындай жыйындарды кандай өткөрүшөрүн билесиңер да”, – деди Мадумаров.
Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу Өзбекстан менен болгон келишим тууралуу расмий маалымат бериле элек.
Президенттин басма сөз кызматы жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат бере элек.
“Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын билдиришинче, Ош облусуна караштуу Өзгөн райондук акимчиликтеги жолугушуу этап-этабы менен өттү. Чогулган айрым тургундар президенттен жабык эмес, ачык жыйын өткөрүүнү, бардык суроолорго ачык жооп беришин, сыртка чыгышын талап кылышты.
Былтыр мартта Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны өткөн, ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан.
Ташиев эки өлкө анда Кемпир-Абад суу сактагычынын (Өзбекстандагы аталышы – Анжиян суу сактагычы) плотинасын Өзбекстандын аймагы деп калтырып, анын суу ресурстарын чогуу пайдаланууну макулдашканын билдирген. Ал кыргызстандыктар Кемпир-Абаддын суусунан толук пайдалана аларын белгилеген жана чек арада жер берүү деген эми болбой турганын, алмашуу гана болорун белгилеген.
Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасы боюнча соңку кадамдарды тарыхый мааниге ээ деп эсептей турганын айткан.
Бийликтин бул билдирүүлөрүнөн кийин бир катар нааразылык акциялары өткөн.
Ошол эле жылдын апрель айында Ташиев Өзгөндө эл менен жолугушканда Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жер Өзбекстанга берилбей турганын билдирген.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК МИЛИЦИОНЕР ЗАМАТТА ҮЧ БАЛАГА АТА БОЛДУ
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨН РАЙОНУН КОРС-ЭТТИ АЙЫЛЫН ДАГЫ СЕЛ КАПТАДЫ
-
08.05.2023 / Автор anarkan_kg ОШТО 200гө ЧУКУЛ БАЙКЕР АТАЙЫН ЖҮРҮШ ЖАСАП, МОТОСЕЗОН АЧЫЛДЫ
-
25.05.2023 / Автор anarkan_kg АКЫРКЫ КОӉГУРООДО МИЛИЦИЯ КООМДУК ТАРТИПТИ КӨЗӨМӨЛДӨӨДӨ
-
02.06.2023 / Автор anarkan_kg ИЮНДА БЕНЗИН 3 СОМГО ЧЕЙИН КЫМБАТТАШЫ МҮМКҮН
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.