Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
1,159 Бардыгы / Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Тазабек Икрамов, Исхак Масалиев, Дастан Бекешев жана Мирлан Самыйкожо саясатчылар менен активисттердин үйүн тинтип, кармоону кескин сындашты. Депутат Жанар Акаев эркин пикирин айткан жарандардын кармалышын айыптап, бийликти жана милициянын жетекчилерин аларды бошотууга чакырды. “Бүгүнкү камоолор акылга сыйгыс көрүнүш, милиция жарандык активисттерди, саясатчыларды, блогерлерди, баарын тез арада бошотсун. Бул […]
1,160 Бардыгы / Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Тазабек Икрамов, Исхак Масалиев, Дастан Бекешев жана Мирлан Самыйкожо саясатчылар менен активисттердин үйүн тинтип, кармоону кескин сындашты. Депутат Жанар Акаев эркин пикирин айткан жарандардын кармалышын айыптап, бийликти жана милициянын жетекчилерин аларды бошотууга чакырды. “Бүгүнкү камоолор акылга сыйгыс көрүнүш, милиция жарандык активисттерди, саясатчыларды, блогерлерди, баарын тез арада бошотсун. Бул […]
ПАРЛАМЕНТТИН БИР НЕЧЕ ДЕПУТАТЫ АКТИВИСТТЕРДИН КАРМАЛЫШЫН СЫНДАП ЧЫКТЫ
24.10.2022 / Автор anarkan_kg

1,161 Бардыгы /
Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Тазабек Икрамов, Исхак Масалиев, Дастан Бекешев жана Мирлан Самыйкожо саясатчылар менен активисттердин үйүн тинтип, кармоону кескин сындашты.
Депутат Жанар Акаев эркин пикирин айткан жарандардын кармалышын айыптап, бийликти жана милициянын жетекчилерин аларды бошотууга чакырды.
“Бүгүнкү камоолор акылга сыйгыс көрүнүш, милиция жарандык активисттерди, саясатчыларды, блогерлерди, баарын тез арада бошотсун. Бул өтүнүч эмес, талап. Мыйзамды одоно бузбагыла”, – деди Акаев.
Депутат Тазабек Икрамов Фейсбук баракчасына “саясий кысымга алуу, үйүн тинтүү коомдун активдүү катмары менен бийлик ортосундагы ачык диалог болуусуна кедергисин тийгизет жана өлкөдөгү саясий-социалдык кырдаалдын курчушуна алып келет” деп жазды.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов оппозициялык саясатчылардын жана активисттердин үйү тинтилип жатканы боюнча видео билдирүүсүн Фейсбуктагы баракчасына жайгаштырды. Анда Байсалов күч органдарынан тергөөнүн жыйынтыгын күтүү керек экенин айтып, өлкөдө демократиянын принциптери менен шайланган президент, парламент мыйзамдуу иш алып барып жатканын белгиледи. Ошондой эле ал элди бийлик жетекчилеринин чечимдерин колдоого чакырды.
23-октябрда Бишкекте жыйырмага жакын оппозициялык саясатчы менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган.
Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын маалыматына караганда, саясатчылар Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Жеңиш Молдакматов, Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов активисттер Эрлан Бекчоро, Али Шабдан, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Гулнара Журабаева, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Атай Бейшенбек, Рита Карасартова, журналист Айданбек Акмат уулу 48 саатка кармалды.
Абдирасулова саясатчы Канат Исаев Биринчи май райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынганын билдирди. Азырынча бул маалыматты райондук соттон тактоого мүмкүн болбоду. Исаевдин кайсы ишке шектелип жатканы тууралуу маалымат жок.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат. Милиция атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө айрым жарандардын массалык башаламандык уюштурууга, бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынганын билдирүүдө. ИИМ кылмышка шектүүлөрдүн жашаган үйлөрү тинтилип, Жазык процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармоо иштери жүрүп жатканын маалымдады.
22-октябрда бир катар саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзүшкөнүн жарыялаган. Анын алдында Ош облусунун Өзгөн районунда жөө жүрүш өткөн.
22-октябрда президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, анда кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча түшүндүрмө берген. Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы маселелерге кеңири токтолуп, чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирген. Президент келишимдер Жогорку Кеңеште ачык караларын айтып, андан кийин элдин 99% келишимди колдой турганына ишенерин айткан. Мамлекет башчы жөө жүрүш, митингдерди кимдер атайын уюштуруп жатканын билерин да белгилеген.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
07.10.2026 / Автор anarkan_kg РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА 20 СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТ АЧЫЛДЫ
-
07.10.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА ЖАЛПЫ 5 СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ
-
04.10.2026 / Автор anarkan_kg КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
-
04.11.2025 / Автор anarkan_kg ШАЙЛООНУ ЖАЛЫНДУУ, БИРОК ӨРТСҮЗ ӨТКӨРӨЛҮ
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ОБЛУС БАШЧЫ СУЗАК РАЙОНУНУН ТУРГУНДАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
-
04.02.2026 / Автор anarkan_kg САДЫР ЖАПАРОВ ЧУБАК АЖЫГА КР БААТЫРЫ НААМЫН ЫЙГАРУУНУ СУНУШТАДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.