Өлкө аймактары менен кубаттуу
АТАЙЫН РОТАНЫН БЕШ АЙЫНЫН ЖЫЙНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
МЭР ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАРДЫ СЫЙЛАДЫ
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,069 Бардыгы / Урматтуу Жалал-Абад облусунун тургундары!Сиздерди кирип келе жаткан жаңы 2023-жылыңыздар менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм! Биз баарыбыз аруу тилек, илгери үмүт, бийик максаттар менен 2023-жылдын босогосун аттаганы турабыз. Жаңы жыл жалпыбыз үчүн жакшылыктардын жылы болсун. Ак сакалы жайкалган аталарыбыз, колунан берекеси төгүлгөн […]
1,070 Бардыгы / Урматтуу Жалал-Абад облусунун тургундары!Сиздерди кирип келе жаткан жаңы 2023-жылыңыздар менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм! Биз баарыбыз аруу тилек, илгери үмүт, бийик максаттар менен 2023-жылдын босогосун аттаганы турабыз. Жаңы жыл жалпыбыз үчүн жакшылыктардын жылы болсун. Ак сакалы жайкалган аталарыбыз, колунан берекеси төгүлгөн […]
УЗАП БАРАТКАН ЖЫЛ МААНИ-МАҢЫЗДУУ ОКУЯЛАРГА БАЙ БОЛДУ!
29.12.2022 / Автор anarkan_kg

1,071 Бардыгы /
Урматтуу Жалал-Абад облусунун тургундары!Сиздерди кирип келе жаткан жаңы 2023-жылыңыздар менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм!
Биз баарыбыз аруу тилек, илгери үмүт, бийик максаттар менен 2023-жылдын босогосун аттаганы турабыз. Жаңы жыл жалпыбыз үчүн жакшылыктардын жылы болсун. Ак сакалы жайкалган аталарыбыз, колунан берекеси төгүлгөн энелерибиз аман болсун!Келечектин ээлери — жаштарыбыздын бардык ой максаттары ишке ашсын. Үйүбүздүн куту — балдарыбыздын күлкүсү жаңырып турсун!
2022-жыл Жалал-Абад облусунда бир катар алгылыктуу жумуштар аткарылды. Атап айтсак, калк үчүн керектүү болгон социалдык объектилердин куруу, ири инвестициялык долбоорлордун башталышы,инфраструктура жаатындагы жумуштар арбын. Бул жылы президентибиздин тапшырмасына ылайык, облуста чакан ГЭСтерди куруу аракеттери колго алынды. Ал үчүн жалпы 23 долбоор даярдалып, азыркы учурда беш чакан ГЭСтин курулуш иштери жүрүүдө. Көп жылдардан бери курулушу аягына чекпай келе жаткан мектеп имараттарында жумуш жанданып, жыл ичинде төрт мектеп пайдаланууга берилди. Мындан сырткары Жалал-Абад облусу боюнча 27 мектепке чейинки билим берүү уюмдары колдонууга тапшырылды. Майлуу-Суу шаарындагы лампа заводун модернизациялоо үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүндү. Жалал-Абад шаарынын ортосунда жайгашкан тергөө абагын шаар сыртына жылдыруу жумуштары башталды. Сузак жана Ала-Бука районунунда күнүнө 100 тонна сүттү кайра иштетүүчү заводдор ишкер киргизилди.
Мына ушинтип 2022-жылы облус какынын түйшөлтүп келе жаткан эң орчундуу көйгөйлөрүн чечүүгө басым жасадык. Жыл башында президентибиздин тапшырмасына ылайык, облустун бардык район-шаарларындагы жашоочулар менен жолушуулар өткөрүлдү. Анда жалпы миңден ашуу ар түрдүү көйгөйлөр көтөрүлгөн. Жыл ичинде мына ушул айтылган маселелерди жөнгө салууга да басым жасалды. Алардан жергилитктүү маанидеги көйгөйлөрдү ыкчам чечүү аракети колго алынды. Ал эми республикалык мааниде каралуучу жумуштар боюнча жогорку органдарга маалымадалды. Жалпы жонунан алганда эл менен болгон жолугушуулардын алкагында көтөрүлгөн маселелердин басымдуу бөлүгү мыйзам чегинде каралып, чечилди. Айрымдары бүгүнкү күнгө чейин көзөмөлдө.
Жалал-Абад облусунда өткүп бара жаткан 2022-жыл көптөгөн курулуштар, бир катар долбоорлордун башталыш жылы болду десек жаңылышпайбыз. Келээрки 2023-жылы мына ушул аракеттерибизди улантып, калк үчүн пайдалуу болгон демилгелерибизди аягына чыгарабыз деген үмүттөбүз. Ири долбоорлорду өз нугунда, бардык талаптар сакталган шартта сапаттуу бүткөрүүгө сөзсүз түрдө убакыт талап кылынат эмеспи.
Кадырлуу Жалал-Абад облусунун тургундары!
Келе жаткан 2023-жылында да чоң-чоң долбоорлордун аткарылышы күтүлүүдө. Буюрса Жаңы-жылдагы иштерибиздин жыйынтыгына кезинде сиздер дагы күбө болосуздар. Урматтуу замандаштарым! Өтүп бара жаткан жылдагы ийгилигибиз бул – мамлекетибиздин тынчтыгы, элибиздин биримдиги, ынтымагы болуп эсептелет. Жаңы жыл элибизге тынчтыктын, ынтымактын, биримдиктин, токчулуктун, молчулуктун, ынтымак-ырашкердиктин жылы болсун!
Эл ичинде жакшылык кылып, илим-билимге, ыйманга умтулган жаштарыбыздын катары арбысын! Жаӊы-жылда үй-бүлө, ага-тууган, эли журтубуз менен түгөл бололу!
Дагы бир жолу жаңы жылыңыздар менен!
Абсаттар Сыргабаев,
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
12.06.2025 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДЕ МИЛИЦИЯНЫН МАЙОРУ АКЧА ТОПТОП ЖАТКАНДА КАРМАЛДЫ
-
12.06.2025 / Автор anarkan_kg АТАЙЫН РОТАНЫН БЕШ АЙЫНЫН ЖЫЙНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
12.06.2025 / Автор anarkan_kg МЭР ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАРДЫ СЫЙЛАДЫ
-
25.11.2024 / Автор anarkan_kg НООКАТТА 6 МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ ПАРА АЛЫП ЖАТКАНДА КАРМАЛЫШТЫ
-
06.12.2024 / Автор anarkan_kg ОШТОГУ СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨСҮ САНКТ-ПЕТЕРБУРГ ШААРЫНА АРНАЛДЫ
-
16.12.2024 / Автор anarkan_kg Актилек КАРЫБЕКОВ: “ЧАКАН ГЭСТЕР ТҮЙШҮГҮБҮЗДҮ ЖЕҢИЛДЕТИП ЖАТАТ”
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.