Аймак

Иброхимжон АБДУЛХАКИМОВ: “МЕН ДАГЫ ТАЗА ИШТЕСЕМ, АРТЫМДА ИЗИМ – ЭЛИМЕ АРНАГАН АК ЭМГЕГИМ ГАНА КАЛАТ!”

Иброхимжон АБДУЛХАКИМОВ: “МЕН ДАГЫ ТАЗА ИШТЕСЕМ, АРТЫМДА ИЗИМ – ЭЛИМЕ АРНАГАН АК ЭМГЕГИМ ГАНА КАЛАТ!”

 987 Бардыгы /

        

Күн сайын жок дегенде бир адамга жакшылык кылуу керек! Эгерде адамдар жакшылык кылуудан калса, бири экинчисин кубандыра албаса, анда Дүйнөнү ырайымсыздык каптайт.

Мухтар ШАХАНОВ,

Казак Эл акыны

          Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Абдулхай Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтү салык төлөөчү обьектилерди жаңыдан инвертаризациялап, кайрадан бөлүштүрүлүүчү жерлерди ижарага ыйгарып, булардын эсебинен былтыр жергиликтүү бюджетке 11 278 200 сом кошумча киреше түшүрүп, айыл өкмөт бюджетинин жалпы көлөмү 33 171 500 сомду чапчыды. Ал эми быйылкы жылдын акырында бул көлөмдү дагы 34 322 700 сомго жеткирүү пландаштырылууда. Бул туурасында аталган айыл өкмөт башчысынын орун басары Иброхимжон АБДУЛХАКИМОВ кабарчыбызга курган маегинде ачыктады.

  • Иброхимжон мырза, мына жаз жарышы башталды. Деги баарга

карата  Сиздердин камылгаңыздар кантти экен?

  • Абдулхай Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы

жерлерди бүт “Барын” суу пайдалануучулар ассосациясы сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыз этет. Быйыл эгин талааларын сугат суу менен сапатуу камсыздоо максатында атайын техникаларга 285 000 сом сарпталып, 9,8 чакырым ички арыктар дээрлик тазаланды. Арыктардын чеке-белин тазалоого дагы 690 000 сом жумшалып, бул жарянга коомчулук кеңири тартылды.

          Барын айылында “Маматкасым арыгы” башкы курулмасын курууга жана 300 метр жерди бетеондоого жалпысынан 2 465 900 сомдук долбоор жүзөгө азырылып, буга жергиликтүү бюджеттен 1 162 900 сом, ал эми БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу 382 500 сом (продукция – ун, май түрүндө) коротулду. Ал эми жергиликтүү тургундар тарабынан дээрлик 920 500 сомдук иштер аткарылды.

          Буга улай Арал айылынын Орто-Кызыл тилкесиндеги сугат алышын реабилитациялоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 115 000 сомдук материал сатылып берилди. Коомчулук 165 000 сомдук жумушту өзү бүткөрүп, мунун натыйжасында арыктын 65 метрине заманбап темир бетен лотоктор жайгаштырылды. Бул аркылуу 35 гектар дың жер өздөштүрүлүп, андан ары сугат суу менен туруктуу камсыз этилди.

          Эң башкысы: быйыл “Барын” суу пайдалануучулар ассосациясынын түздөн-түз жаардамы аркасында бир канча суу курулмалары ремонттолот. Маселен, Барын айылындагы Карим Алыш арыгынын башында ири курулма курулат. Механизаторлор 10,2 чакырым жолду тазалашат. Буга улай дагы 15 чакырым жол кол күчү менен тазаланат.

  • Айтмакчы, калкты ичилүүчү таза суу менен камсыздоо жагы

көңүл сыртында калбады бекен?

  • Жо-жок! Абдулхай Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн

аймагында тээ Союз маалында колхоз тарабынан курулган ондон ашуун скважиналар таптакыр кароосуз калып, а түгүл иштеген дагы эмес. Ошондуктан, калкты ичилүүчү таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында аталган скважиналарды муниципалдык менчикке энчилеп, а түгүл баарын тең ремонттоп, көчөлөргө таза суу түйүндөрү тартылды. Мунун натыйжасында 2000 кожолук таза суу менен камсыз этилди.

          А быйыл Чапаев айылынын С. Азимов, Мамарахимов, Пазылов, Артыков атындагы көчөлөрүнө, Барын кыштагынын Аэпорт, Фуркат, Ак-Шыван көчөлөрүнө, Кара-Кокту кыштагынын 4,5 чакырымына таза суу жеткирилди. Муну үчүн долбоордук баасы 9 миллион 560 000 сом жергиликтүү бюджеттен жана дагы Эл аралык уюмдар эсебинен коротулду.

  • Менимче, былтыр жаратылыш кырсыктарынын азабын Сиздер

куп эле тарттыңыздар өндөнөт?

  • Ооба. Былтыр жаз айында тынбай нөшөрлөп жамгыр төкпөдүбү. Анын

акыры селге айланып, шаштыбызды куп гана кетирбедиби. Дал ушунун кесепетинен Чапаев, Арал, Кара-Кокту, Капчыгай жана Буудайлык айылдарында автоунаа жолдору, сугат арыктары, сел өткөрүүчү каналдар жана дагы бир катар көпүрөлөрүбүз олуттуу зыянга учурады.

          Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чараларына жергиликтүү бюджеттен 650 0000 сом ажыратылып, мунун 80 пайызын селдин кесепеттерин жоюуга гана жумшадык.

          Баса, Арал, Кара-Кокту, Капчыгай кыштактарындагы ички эле жолдорду тазалап, андан ары кайрадан калыбына келтирүүгө 650 000 сом сарпталды. Кыркол-Сай дарыясынын үстүндөгү таптакыр кыйраган көпүрөнү кайрадан калыбына келтирүү үчүн 285 000 сом, Чапаев кыштагындагы Капка сел өтүчүү каналын калыбына жайгарууга дагы 60 000 сом, Буудайлык айылындагы селкананы тазалоого 50 000 сом короттук. Мындан тышкары Чапаев кыштагынын тургуну Нусратилло Муллажановдун өрт чалган үйүн кайрадан калыбына келтирүүгө жергиликтүү бюджеттен 50 000 сомдук курулуш материалдарын сатып берүүгө көмөктөштүк.

  • Биздин билишибизче, азыркы Абдулхай Мирмахмудов атындагы

айыл өкмөтүн биргезде Сиздин атаңыз Тойчубай Абдулхакимов дагы башкарган экен?

  • Ооба. Айтканыңызда чындык бар. Атам Тойчубай Абдулхакимов

Абдулхай Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүн дээрлик 18 жыл бою үзгүлтүскүз жетектеген. Артынан бир дагы жаман сөз ээрчиткен жок! Ошону үчүн мен дагыле сыймыктанам. Анткени, мен өзүм атамдан адамгерчиликтин, пакизалыктын, боорукерликтин жана дагы мекенчилдиктин кашкайган үлгүсүн алып, бул сапаттарды азыр деле бекем гана карманып келатамын.

  • Иброхимжон мырза, Кыргыз Республикасынын туңгуч жетекчиси

Исхак Раззаковдун “Бул дүйнөгө мен жылаңач келгем, ошол бойдон кетем. Мага малдын да, толгон байлыктын да кереги жок! Элим үчүн эмгегим гана калса болду. Ошол мага дөөлөт!” деген осуятын кеңсеңизде дал алдыңызга коюп алыпсыз да. Эмне үчүн?

  • Атам Тойчубай Абдулхакимов мени жаш кезимден таза гана

иштөөнү бекем осуяттаган. Ошондуктан, мен дагы Кыргыздын чыгаан уулу Исхак Раззаковдун жогорудагы учкул сөзүн турмуштук түбөлүк урааныма айландырганым дагы бекеринен эмес. Мен дагы таза иштесем, артымда изим – элиме арнаган ак эмгегим гана калат.

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ

          Баса, Абдулхай Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтү Ноокат районунун чыгыш тарабында жайланышкан. Жалпы аянты 19 чарчы чакырым. Алты айылдан куралган. Аймакты 3 890  кожолук, 26 860 киши байырлайт. Калктын 75 пайызын – өзбектер, 20 пайызын – кыргыздар, ал эми 5 пайызын татарлар жана уйгурлар түзүшөт. Бр катар орчундуу мамлекеттик мекеме-уюмдар – Ноокат райондук электр тармактары ишканасы, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмү, райондук ички иштер бөлүмү, “Ноокатсуучарба” мекемеси, Ноокат райондук санэпид бекети, Ноокат ветдарылоо мекемеси дал ушул айыл өкмөтүнүн аймагында жайланышкан.

          Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17