Аймак

МОГОЛ АЙЫЛЫНДА 46 МИЛЛИОН СОМГО ЖАҢЫ МЕКТЕП ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

МОГОЛ АЙЫЛЫНДА 46 МИЛЛИОН СОМГО ЖАҢЫ МЕКТЕП ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

 1,218 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагындагы №28 А. Шеркулов орто мектебинин эки кабаттан турган жаңы 450 орундуу имаратынын курулушу башталды.

Имараттын пайдубалына капсула салуу иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбек уулу, мектеп жамааты жана айыл тургундары катышты.

Буга чейин ашар жолу менен курулган мектептин эскилиги жетип, окуучуларга жана мугалимдерге ыңгайсыздыктар жаралып келген. Мектептин жаңы имаратын курууга 46 млн сом каралып, анын 45 млн сому Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17