Өлкө аймактары менен кубаттуу
9 АЙ ИЧИНДЕ 177 ЖОЛ КЫРСЫГЫ КАТТАЛГАН
ШАЙЛООНУ ЖАЛЫНДУУ, БИРОК ӨРТСҮЗ ӨТКӨРӨЛҮ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
10 Бардыгы / ӨМҮР БАЯНЫ Туулган жылы жана жери: Нышанов Джайлообай Данибаевич – 1968-жылдын 1-сентябрында Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында туулган. Билими: Жогорку билимдүү. 1995-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономика факультетин аяктаган, “экономист” адистигине ээ болгон. Эмгек жолу: 1988–1989-жылдары Чаткал районундагы “Каныш-Кыя” совхозунун №1 бөлүмүндө жумушчу,1997–2020-жылдары жеке ишкерлик менен алектенген, 2021-жылы “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик […]
11 Бардыгы / ӨМҮР БАЯНЫ Туулган жылы жана жери: Нышанов Джайлообай Данибаевич – 1968-жылдын 1-сентябрында Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында туулган. Билими: Жогорку билимдүү. 1995-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономика факультетин аяктаган, “экономист” адистигине ээ болгон. Эмгек жолу: 1988–1989-жылдары Чаткал районундагы “Каныш-Кыя” совхозунун №1 бөлүмүндө жумушчу,1997–2020-жылдары жеке ишкерлик менен алектенген, 2021-жылы “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик […]
НЫШАНОВ ДЖАЙЛООБАЙ ДАНИБАЕВИЧ, КРдин Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер №14 Аймак: Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондору
13.11.2025 / Автор anarkan_kg12 Бардыгы /
ӨМҮР БАЯНЫ
Туулган жылы жана жери: Нышанов Джайлообай Данибаевич – 1968-жылдын 1-сентябрында Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында туулган.
Билими: Жогорку билимдүү. 1995-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономика факультетин аяктаган, “экономист” адистигине ээ болгон.
Эмгек жолу: 1988–1989-жылдары Чаткал районундагы “Каныш-Кыя” совхозунун №1 бөлүмүндө жумушчу,1997–2020-жылдары жеке ишкерлик менен алектенген, 2021-жылы “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун төрагасынын кеңешчиси, 2022–2023-жылдары “Манас Тур” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору, 2023–2024-жылдары “Манас эл аралык аэропорту” ААКтын “Жалал-Абад” филиалынын жетекчиси кызматтарын аркалап, 2024-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болгон.
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.
Сыйлыктары: 2023-жылы «Жетиген» журналы тарабынан “Эң мыкты жетекчи” наамы менен, 2024-жылы “Кыргызстан Коммунисттик партиясына — 100 жыл” юбилейлик медалы менен сыйланган. Чаткал районунун “Ардактуу атуулу” наамына ээ болгон.
КЕСИПТИК ЖАНА КООМДУК ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ
Джайлообай Данибаевич — өзүнүн көп жылдык эмгек жана жетекчилик тажрыйбасында жоопкерчиликтүү, принципиалдуу жана уюштуруучулук жөндөмү жогору адис катары белгилүү.
Экономика, аймактык өнүгүү жана социалдык саясат багыттарында бир катар мыйзамдардын демилгечиси жана автору болуп, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө,
жарандардын жашоо шартын жакшыртууга, аймактардагы инфраструктуралык долбоорлорду колдоого өзүнүн салымын кошуп келет.
Өз кесиптештери арасында сый-урматка ээ, талапчыл, адилет жана адамкерчиликтүү жетекчи катары белгилүү.
Коомдук жана кайрымдуулук иш-чараларга активдүү катышып, жергиликтүү демилгелерди колдоп турат.
ТАЛАПКЕРДИН ШАЙЛОО ПРОГРАММАСЫ
1. Аймактык өнүгүү – негизги багыт
• Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондорунун жолдорун кеңейтүү, Ала-Бука- Каныш-Кыя- Кара-Буура жолдорун байланыштырган тоннель жолун ачууну ишке ашыруу маселесин көтөрүү.
• Аэропорт куруу жана аба каттам маселесин чечүү.
• Таза суу, арыктар, булактар жана жайыт маселелерин комплекстүү түрдө чечүү.
• Ар бир район үчүн өзүнчө өнүгүү программасы (жол, көпүрө, ирригация, интернет ж.б.инфраструктуралык долбоорлор).
2. Айыл чарба жана тоо-кен тармагы
• Дыйкандарга арзандатылган насыя, үрөн, жер семирткич жана айыл чарба техникасын камсыз кылуу.
• Жаш ишкерлерге гранттарды тартуу жана колдоо көрсөтүү.
• Тоо-кен ишканаларынын ишин эл кызыкчылыгында жүргүзүү жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу.
• Жаратылышты коргоо, бак-дарактарды отургузуу жана рекультивация иштерин көзөмөлдөө.
• Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү чакан заводдорду ачуу, инвесторлорду тартуу.
3. Эне менен баланын саламаттыгы
• Төрөт үйлөрүн, гинекологиялык бөлүмдөрдү, УЗИ, КТ, рентген аппараттарын жаңылоо.
• Дарыгер-адистерди аймактарга тартуу жана алардын шартын жакшыртуу.
4. Улгайган жарандарга кам көрүү
• Социалдык жана психологиялык жардам көрсөтүү борборлорун түзүү (ардагерлер, пенсионерлер ж.б.).
• Гигиеналык каражаттарды бөлүштүрүү жана колдоо системасын уюштуруу.
5. Ишкердикти өнүктүрүү жана жумуш орундарын түзүү
• Аймактык жаштар үчүн гранттар жана жеңил насыяларды тартуу.
• Туризмди өнүктүрүү (Арстанбап, Сары-Челек, Терек-Сай, Чаткал капчыгайлары).
• Кесиптик окуу борборлорун ачуу, жаштарды эмгек рыногуна даярдоо.
6. Билим берүү жана жаштар саясаты
• Мектептерди жаңы жабдуулар жана компьютерлер менен камсыз кылуу.
• Мугалимдердин айлыгын жана социалдык колдоонууну жогорулатуу.
• Окуучуларды ЖРТга даярдоо үчүн акысыз курстарды уюштуруу.
• Спорт жана маданият объекттерин куруу, жаштар командаларын колдоо (футбол, волейбол, баскетбол, хоккей).
7. Саламаттык сактоо
• Райондор аралык заманбап оорукана куруу маселеси.
• Ар бир айылда тез жардам жана дары-дармек жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.
• Дарыгерлерди айылдарда иштөөгө кызыктыруу (жер, үй, кошумча төлөм, “13-айлык” сый акы).
8. Адилеттүүлүк жана элге кызмат
• Мамлекеттик органдардагы бюрократтык көрүнүштөрдү жоюу.
• Эл менен түз байланыш үчүн “Элдик кабылдамаларды” ачуу.
• Коррупцияга каршы ачык жана натыйжалуу чараларды көрүү.
9. Маданият жана улуттук биримдик
• Эне тилди өнүктүрүү, каада-салттарды сактоо, кыргыз тили сабактарын көбөйтүү.
• Маданий жана спорттук иш-чараларды колдоо, жаш таланттарды өстүрүү.
• Улуттук кийим, кол өнөрчүлүктү дүйнөгө таанытуу.
10. Аймактык коэффициенттер жана тоолуу айылдар
• Чаткал районунун бийик тоолуу айылдарына (Коргон-Сай, Каныш-Кыя, Кара-Суу (Айгыр-Жал)) 30%дан 45%га чейин жогорулатуу маселесин көтөрүү.
11. Миграция маселелери — жарандар үчүн шарт түзүү
* Тышкы мигранттарды колдоо: эмгек келишимдерин мыйзамдаштыруу, консулдук кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.
• Мигранттардын мекенге кайтып келүүсүнө жана ишкердик баштоосуна көмөк көрсөтүү (жеңил насыя, салыктык стимулдар аркылуу).
• Миграцияны азайтуу үчүн “Аймакта жашайм — Кыргызстан өнүгөт” долбоорун ишке ашыруу.
12. Кошумча демилгелер
* Ала-Бука району үчүн өзүнчө салык режими.
* Аксы районуна жаштар хабы.
* «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамга рекультивация боюнча өзгөртүү киргизүү.
* Бюджет кодексине жана өнүктүрүү фондунун уставына өзгөртүүлөр киргизүү.
* Жер участогун бөлүштүрүү боюнча мыйзамды карап чыгуу.
Биздин максат — элдин үнүн угуу, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, жашоосун жакшыртуу!
Аймак өнүксө — мамлекет өнүгөт!
Урматтуу мекендештер!
30-ноябрда өз тагдырыңыз үчүн ойлонуп добуш бериңиз.
Нышанов Джайлообайга колдоо көрсөтүңүз!
(Буйрутма: КРдин Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкер
Нышанов Джайлообай Данибаевичтин каржы маселеси боюнча ыйгарымдуу өкүлү Баймырзаев Адис Замирович тарабынан каржыланды)
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
06.11.2025 / Автор anarkan_kg КУРГАК УЧУККА КАРШЫ ООРУКАНАСЫНЫН ЖЕРИ МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ
-
-
20.11.2024 / Автор anarkan_kg ЭАУнун СТУДЕНТТЕРИ АЛЫШ КҮРӨШҮ БОЮНЧА КҮМҮШ МЕДАЛГА ЭЭ БОЛУШТУ
-
27.11.2024 / Автор anarkan_kg ОШТО МАҢЗАТ САТУУГА ШЕКТЕЛГЕН ЖАРАНДАР КАРМАЛЫШТЫ
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.