Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
943 Бардыгы / БИШКЕК. Бүгүн 19-июнда ички иштер министри, милициянынгенерал-лейтенанты Улан Ниязбеков коомдук тартипти сактоо багытындакөрүлүп жаткан ыкчам чаралар туурасында онлайн кеңешме өткөрдү. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, кеңешмеде Улан Ниязбеков элдин коопсуздугун жакшыртуу боюнча бир катаралгылыктуу иш-чараларды, тактап айтканда жаңы функциялар менен элдитейлеп, сапаттуу иш алып баруу тартибин түзүп, анын алкагында ишмердиктиулантып, заманбап санарип […]
944 Бардыгы / БИШКЕК. Бүгүн 19-июнда ички иштер министри, милициянынгенерал-лейтенанты Улан Ниязбеков коомдук тартипти сактоо багытындакөрүлүп жаткан ыкчам чаралар туурасында онлайн кеңешме өткөрдү. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, кеңешмеде Улан Ниязбеков элдин коопсуздугун жакшыртуу боюнча бир катаралгылыктуу иш-чараларды, тактап айтканда жаңы функциялар менен элдитейлеп, сапаттуу иш алып баруу тартибин түзүп, анын алкагында ишмердиктиулантып, заманбап санарип […]
УЛАН НИЯЗБЕКОВ: РОТАЦИЯНЫН НЕГИЗГИ МИЛДЕТТЕРИН АТКАРБАГАН ЖЕТЕКЧИЛЕР ЭЭЛЕГЕН КЫЗМАТ ОРДУЛАРЫНАН БОШОТУЛАТ
19.06.2023 / Автор anarkan_kg

945 Бардыгы /
БИШКЕК. Бүгүн 19-июнда ички иштер министри, милициянын
генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков коомдук тартипти сактоо багытында
көрүлүп жаткан ыкчам чаралар туурасында онлайн кеңешме өткөрдү.
ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, кеңешмеде Улан Ниязбеков элдин коопсуздугун жакшыртуу боюнча бир катар
алгылыктуу иш-чараларды, тактап айтканда жаңы функциялар менен элди
тейлеп, сапаттуу иш алып баруу тартибин түзүп, анын алкагында ишмердикти
улантып, заманбап санарип тутуму аркылуу кылмыштуулукка каршы күрөшүп,
коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыздоону күчөтүү боюнча бир
катар мыйзамдарды, ченемдик актыларды иш жүзүнө ашырып, көйгөйлөр
чечилип жатканын баса белигледи. Андан сырткары, элге кызмат
көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча жер-жердеги ички иштер
органдарына бир катар жагымдуу жагдайларды түзүп, заманбап санариптик
технологияларды ишке киргенин билдирди.
“Милициянын деңгээлин эл аралык стандартка жеткирип, элдин ишенимин
жогорулатып, жаңы багыттар менен иштөөгө толугу менен өтмөйүнчө, бардык
тараптан өнүгүү иш-чараларын мындан ары уланта беребиз. Бирок, жасап
жаткан аракеттерге жардам бергендин ордуна, түздөн-түз милдеттерин
аткарбаган жана аткарууга чамасы жетпеген айрым жетекчилер араңыздарда
бар. Кайсы гана жетекчи болбосун, мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды так
аткарууга милдеттүү жана өз ишине жараша жоопкерчилиги каралып, сөзсүз
түрдө баа берилет. Бул талапты – айылдык милиция бөлүмчөсүнөн баштап,
бардык жетекчилер менен жооптуу кызматкерлерге жеткирип коюңуздар.
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, 13-июнь күнү Президеттин төрагалыгы
алдында Куралдуу күчтөрдүн өнүгүүсү жана алдыга коюлган милдеттерин
аткаруусу боюнча Коопсуздук кеңешинин отуруму болуп өттү. Отурумда укук
коргоо органдарынын ишмердигин чыңдоо, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн
арттыруу багыттары каралып, тиешелүү ташырмалар берилди. Анын ичинде,
чек-ара аймактарына жакын жерлерде кызмат өтөгөн ички иштер органдарын
тиешелүү курал-жарактар, атайын техникалык каражаттар менен камсыздоо,
кызматкерлерди ар түрдүү күтүүсүз учурларга даярдоо боюнча
окутуу-машыгууларды өткөрүү жөнүндө кошумча тапшырмалар айтылды. Андан
тышкары, ички иштер органдарынын катарын таза эмес кызматкерлерден
арылтуу, кадр саясатын бекемдөө, ишмердикти күчөтүп, элге ак дилден
кызмат кылган, моралдык адеп-ахлактык нормаларды туу туткан кесипкөй
кызматкерлерди даярдоо зарылдыгы белгиленди”,-деди өз сөзүндө ИИМ
башчысы.
Улан Ниязбеков ротация ишмердигин токтоосуз улантып, ишмердикти андан
ары чыңдоо зарылдыгы тапшырылганын айтып, баарына белгилүү болгондой,
ротация ишмердиги белгиленген тартипте улантылып жатканын билдирди.
“Ачыгын айтканда, “жаңы ротация болдум, эч нерсеге жооп бербейм” деген
позицияга өтүп алган жетекчилер бар. Андыктан, ротациянын түпкү негизин
дагы бир жолу баарыңыздарга так жеткирип өтсөм.
Ротация эки милдетти аткарат: Биринчи милдети – ар бир жетекчи өздүк
курамга ыңгайлуу шарттарды түзүп, жергиликтүү мамлекеттик органдар менен
тыгыз байланышта иш алып барып, элдин маселесин жеринде чечип, сервистик
тейлөөнү өркүндөтүп, кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү жана калктын
коопсуздугун камсыздоону жакшыртуу болуп эсептелет.
Экинчи милдети – заманбап санарип технологияларды ишке киргизүү, жооптуу
болгон региондо коопсуз аймак шарттарын түзүү, өздүк курам арасында
таалим-тарбияны чыңдоо, таза эмес кызматкерлерден арылуу, жүктөлгөн
милдеттерди так аткарып, элдин ишенимин жогорулатуу болуп эсептелет.
Ушул эки багытты өз убагында так аткарган жетекчилерге сыйлыктар
берилет, бирок ишин жөндөй албаган жетекчилер жаңы дайындалганына
карабастан ээлеген кызматтарынан бошотулат. Ротациянын башкы принциптери
ушундай жана бул талапты эсиңиздерге бекем сактап алыңыздар”,-деп ички
иштер министри ротация маселеси боюнча сөзүн жыйынтыктады.
Онлайн режиминде өткөн кеңешменин ишине министрдин орун басарлары,
ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош,
Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош
шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын
жетекчилери катышты.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
14.07.2025 / Автор anarkan_kg АЛА-БУКА РАЙОНУНДАГЫ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАЙЛАРДЫН АБАЛЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
-
16.07.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ОШКО ӨЗБЕКСТАНДАН ЖАЛПЫ 200 ТОННАЛЫК ГУМЖАРДАМ КЕЛДИ
-
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.