Өлкө аймактары менен кубаттуу
АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
ЖАЛАЛ-АБАДДА КОНСТИТУЦИЯ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
БАӉГИ ЗАТ МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ
ЛЕЙЛЕКТЕ ЖОГОЛГОН АКЧА ЭЭСИНЕ КАЙТАРЫЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
310 Бардыгы / АКШнын Сенатындагы Эл аралык мамилелер комитетинин башчысы Боб Менендес санкциялык чектөөлөр бузулган жагдайга байланыштуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал анда Бишкекти Москвага Батыш салган санкциядан буйтап өтүүгө жардамдашпоого чакырды. Бул тууралуу “Азаттык” “Америка үнү” (Voice of America – ред.) сайтына шилтеме кылуу менен жазды. Сенатордун Жапаровго жолдогон катында Орусия Украинага каршы согуш […]
311 Бардыгы / АКШнын Сенатындагы Эл аралык мамилелер комитетинин башчысы Боб Менендес санкциялык чектөөлөр бузулган жагдайга байланыштуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал анда Бишкекти Москвага Батыш салган санкциядан буйтап өтүүгө жардамдашпоого чакырды. Бул тууралуу “Азаттык” “Америка үнү” (Voice of America – ред.) сайтына шилтеме кылуу менен жазды. Сенатордун Жапаровго жолдогон катында Орусия Украинага каршы согуш […]
СЕНАТОР МЕНЕНДЕС БИШКЕККЕ САНКЦИЯЛЫК ЧЕКТӨӨНҮ БУЗБООНУ ЭСКЕРТТИ
10.08.2023 / Автор Orozaly312 Бардыгы /
АКШнын Сенатындагы Эл аралык мамилелер комитетинин башчысы Боб Менендес санкциялык чектөөлөр бузулган жагдайга байланыштуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды.
Ал анда Бишкекти Москвага Батыш салган санкциядан буйтап өтүүгө жардамдашпоого чакырды. Бул тууралуу “Азаттык” “Америка үнү” (Voice of America – ред.) сайтына шилтеме кылуу менен жазды.
Сенатордун Жапаровго жолдогон катында Орусия Украинага каршы согуш ачкандан кийин Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда импорттук-экспорттук операциялар болуп көрбөгөндөй көбөйгөнүн белгилеген. Анда коргонуу багытындагы, анын ичинен дрон, учактын жана курал-жарактын тетиктери, ошондой эле микросхемалар өңдүү тыюу салынган буюм-тайымдарды Орусияга мыйзамсыз импорттоо жагынан Кыргызстан ага шерик болуп жатканын эскерткен.
“Сиздин өкмөтүңүздү ушундай санкциялык чектөөлөрдүн бузулушу тууралуу айыптоолорду чукул иликтөөгө, өлкөңүз аркылуу товарлардын мыйзамсыз өтүшүнүн алдын алган ишенимдүү жол-жоболорду орнотууга чакырам”, – деп жазылган катта.
Менендес “Кыргызстандын Орусияга салынган эл аралык санкциялар боюнча эрежелерди сактай албаганы – демократиядан жана адам укугун сактоодон чегинип жатканынын белгиси” деген кооптонуусун билдирди.
Сенатор азыркы өкмөт “журналисттердин жана эркин медиалардын укугун бир канча жолу бузуп, укук коргоочуларды жана жарандык коомду чектегенин” белгилеген.
“Бир кезде Борбор Азиядагы демократиянын көрсөткүчү болгон Кыргыз Республикасы автократиянын кооптуу жолуна түштү. Мен көз карандысыз бардык медиаларга коюлган чектөөлөрдү алып, абакта жаткандарды бошотуп, эркин чогулуу укугуна коюлган чектөөлөрдү жокко чыгарууга чакырам”, – деген Менендес.
Садыр Жапаров жана анын администрациясы буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.
Өткөн айда АКШнын санкциясына кабылды делген кыргызстандык компанияларга байланыштуу Улуттук коопсуздук комитети иликтөө баштаган.
Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев “Азаттыкка” курган маегинде тзүлгөн жагдай жана мындан аркы кызматташууну талкуулоо үчүн АКШ өкүлдөрү менен жолугушуу пландалып жатканын айткан.
“Кайсы өнүмдөр жана товарлар санкциянын алкагында кандай кооптонуу жаратып жатканын чогуу карап иш жүргүзгөнгө толук даярбыз”, – деген министр.
Ал АКШ жана Европа өлкөлөрү Кыргызстандын жана Евразия экономикалык биримдигинин аймагына кирген кайсы товарлар жана өнүмдөр санкцияга илиниши ыктымалдыгы тууралуу маалымат бере электигин белгилеген.
Амангелдиев буга карабай кыргыз бийлиги экспорттук көзөмөл тизмесине киргизилген товарларды дыкат текшере баштап, буга байланыштуу электрондук счет-фактураны колдонууну күчөткөнүн айткан.
Анын алдында АКШнын Каржы министрлиги Орусиядагы 120дан ашуун компания менен катар Кыргызстанда катталган төрт ишканага да санкция салган. Аталган мекеменин маалыматында айтылгандай, “кара тизмеге” илинген компаниялардын айрым жабдуулары орустардын Украинага каршы колдонулган курал-жарактарынан табылган.
Кыргызстандагы RM Design and Development, “ГТМЕ Технологии”, “Прогресс лидер” жана “Карголайн” компанияларынан товар алып турган Орусиядагы бир катар ишканалар да санкциялык тизмеге кошулду.
“Азаттык” буга чейин Орусиянын согушка жардамдашып жаткан компаниялары менен кызматташуусу ыктымал делген кыргызстандык ишканалар боюнча атайын иликтөө жасаган.
Буга чейин АКШ Кыргызстандагы “Тро, Я” аттуу компанияга да санкция салган.
Адатта “кара тизмеге” киргизилген компаниялар эл аралык деңгээлде иш жүргүзө албайт жана Батыш өлкөлөрүндөгү ишканалар менен кызматташуусуна жол жабылат. Андай компанияларды тейлөөгө да тыюу салынат.
WWW.
Автор Orozaly
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
17.07.2023 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ МААЛЫНДА АК-САЙДА ҮЙ КУРГАН ИШКЕР КАРМАЛДЫ
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg ЭАУда АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
-
09.05.2023 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА УЛУУ ЖЕҢИШТИН 78 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ
-
30.05.2023 / Автор anarkan_kg ШААРДЫК КЕҢЕШИНЕ ҮЧ ЖАҢЫ ДЕПУТАТ КЕЛДИ
-
06.06.2023 / Автор anarkan_kg АЛАЙ РАЙОНУНУН ТУРГУНДАРЫ МЕДИЦИНАЛЫК КАРООДОН БЕКЕР ЭЛЕ ӨТҮП ЖАТЫШАТ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.