Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
646 Бардыгы / “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү, активист Мирлан Ураимов 11-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен бир жылга эркинен ажыратылып, сот залынан камакка алынды. Мекеменин басма сөз кызматы ал Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин (“Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо”) негизинде күнөөлүү деп табылганын, жаза мөөнөтүн жалпы тартиптеги түзөтүү колониясында өтөшү керек болорун, өлкөдөн […]
647 Бардыгы / “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү, активист Мирлан Ураимов 11-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен бир жылга эркинен ажыратылып, сот залынан камакка алынды. Мекеменин басма сөз кызматы ал Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин (“Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо”) негизинде күнөөлүү деп табылганын, жаза мөөнөтүн жалпы тартиптеги түзөтүү колониясында өтөшү керек болорун, өлкөдөн […]
“БҮТҮН КЫРГЫЗСТАНДЫН” МҮЧӨСҮ МИРЛАН УРАИМОВ СОТ ЗАЛЫНАН КАМАККА АЛЫНДЫ
12.09.2023 / Автор anarkan_kg

648 Бардыгы /
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү, активист Мирлан Ураимов 11-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен бир жылга эркинен ажыратылып, сот залынан камакка алынды.
Мекеменин басма сөз кызматы ал Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин (“Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо”) негизинде күнөөлүү деп табылганын, жаза мөөнөтүн жалпы тартиптеги түзөтүү колониясында өтөшү керек болорун, өлкөдөн чыкпоо тууралуу бөгөт чарасы өзгөртүлүп, камакка алынганын кабарлады.
Адвокат Юлия Богданова судья жарыш сөзгө эки адвокат жүйөлүү себеп менен катышпаган жагдайды эске албай койгонун жана Ураимовдун акыркы сөзүнө даярдануу үчүн бир күн убакыт сураган өтүнүчүн четке кагып койгонун билдирди.
“Судья анын аракеттерин кайра квалификациялап, 278-беренеден (“Жапырт башаламандык”) 327-беренеге (“Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо”) өзгөрткөн. Мындай өкүм мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептейм. Себеби “Фейсбуктагы” маалыматты Ураимов жарыялабаганы боюнча жетиштүү далилдер бар”, – дейт жактоочу.
Активист быйыл 8-февралда кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына эки айга камалган. Кийин 9-мартта бөгөт чарасы өзгөртүлүп, абактан бошотулган.
Партиялаштары ал оппозициялык саясий көз карашы үчүн кармалганын айтышкан жана аны бошотууну талап кылган акцияларды өткөрүшкөн.
2021-жылы Ураимов Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кемпир-Абад” суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүү тууралуу макулдашууга каршы нааразылык акцияларын уюштургандардын бири болгон.
Бийлик Кыргызстанда саясий куугунтук жок экенин, сөз эркиндиги камсыздалганын айтып келет.
“Бүтүн Кыргызстандын” лидери, оппозиционер саясатчы Адахан Мадумаров 2-сентябрдан бери УКМКда камакта отурат. Ички иштер министрлиги (ИИМ) ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлганын маалымдаган. Саясатчынын бөгөт чарасын сот 24-октябрга чейин деп аныктаган.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.06.2026 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДАГЫ 13 МЕДИЦИНАЛЫК ОКУУ ЖАЙ АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТПӨЙ КАЛДЫ
-
04.06.2026 / Автор anarkan_kg «БАЛА ЫРЫСЫ» ЖӨЛӨК ПУЛУНА АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ 1-ИЮЛДА БАШТАЛАТ
-
-
13.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ЭЛЕКТР ЭНЕРГЕТИКА ДОЛБООРУ БОЮНЧА КООМДУК УГУУ
-
-
19.08.2025 / Автор anarkan_kg СУЗАКТА КУМ-ШАГЫЛ ЖАНА БЕТОН ӨНДҮРҮҮЧҮ ЗАВОД АЧЫЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.