Аймак

КОШУМЧА АНТЕННАЛАРДЫ КАЧАН КОЮП БЕРИШЕТ?

КОШУМЧА АНТЕННАЛАРДЫ КАЧАН КОЮП БЕРИШЕТ?

 630 Бардыгы /

ОШ. Уюлдук байланыш компаниялары кошумча антенналарды (базалык станция – автор) качан орнотуп беришет? Биз булардын ижара акысын түшүрбөдүк беле? – деди «Биздин Кыргызстан» фракциясынан депутат Бекболот Арзибаев Ош шаардык Кеңешинин XX сессиясында.

          Ошондуктан, Ош шаардык Кеңешинин депутаты Бекболот Арзибаев Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Канышай Имаровага түз кайрылды: – Мурда депутаттар уюлдук байланыш компаниялардын антенналарынын ижара акысын түшүрүп бергенбиз. Муну үчүн алар кошумча 30-40 антенналарды орнотуп бериши керек эле. Мына, он айдай убакыт болуп калды, дагы деле орното элек. Алар убадасын аткарган жок! Быйылкы жылдын эсебинен деги канча антенна коюшту?

          Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Канышай Имарова мурдагы бекитилген иш-план боюнча эле жумуштар аткарылып жаткандыгын ачыктады: – Албетте, кээ бирде компанияларга антенналарды коюу боюнча тоскоолдуктар болуп жатат. Социалдык обьектилерге коюуга дагы бут тосауулар жүрүүдө. Быйылкы жылы канча даана антенна коюлганы боюнча тактап туруп, кат түрүндө жооп берейин.

          Ошондой эле Ош шаардык Кеңешинин депутаты Бекболот Арзибаев «Сапат» баладар жана кыздар мектептери ижарага акыны төлөбөй жүрүшкөндүгү боюнча дагы буга чейин сессияда депутаттар тарабынан маселелер көтөрүлүп, сот иштери жүрүп жаткандыгын айтып, аталган иш кандайча жыйынтыкталгандыгына абдан кызыкты. Бул суроого дагы жооп кайтарган Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Канышай Имарова аталган мектептер бекитилген графиктин негизинде ижара акыны төлөй башташшкандыгын баса белгиледи.

  • Сот иштери боюнча: бүгүнкү күндө ижарадан бошотуу боюнча

сот болгон. Биз тараптан келишим үзүлүп, Ош шаардык Кеңеши тарабынан сунушталган тариф боюнча аталган мектептерге келишим жөнөткөнбүз. Алар келишимди аткарбоо боюнча сотко кайрылган. Мурда келишимибиз жок болгондугуна байланыштуу соттогу иш кароосуз калтырылды. Бүгүнкү күндө 1-июндан баштап атайын тарифтин негизинде 717 миң сомдон ай сайын төлөп жатышат. Буга чейинки 2 миллион сомго жакын акча каражатты төлөп беришкен, – деп кошумчалады Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Канышай Имарова

          Бирок, Ош шаардык мэриясынын расмий өкүлү бул өңүттө расмий документтерди көрсөтө алган жок!

          Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17