Аймак

ПСИХИКАЛЫК САЛАМАТТЫК БОРБОРУНУН КОШУМЧА ЖАҢЫ ИМАРАТЫ АЧЫЛДЫ

ПСИХИКАЛЫК САЛАМАТТЫК БОРБОРУНУН КОШУМЧА ЖАҢЫ ИМАРАТЫ АЧЫЛДЫ

 882 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 10-октябрда Жалал-Абад облустук психикалык саламаттык борборуна кошумча жаңы имарат жана ашкана курулуп, пайдаланууга берилди. Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей,

ачылуу аземине Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, “Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фондунун директору Мухаммед Абдилкарим Али, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова жана Саламаттык сактоо министрлигинин облустагы координатору Карманбек Байдавлетов баштаган дарыгерлер катышты.

Жаңы курулган имарат бир кабаттан туруп, анда ашкана, бейтаптарга кеңеш берүү бөлмөлөрү жана намазкана жайгашкан. Курулуш “Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып, Жалал-Абад шаардык мэриясы да жергиликтүү бюджеттен колдоо көрсөткөн.

Белгилей кетсек, аталган психикалык саламаттык борборунда Жалал-Абад облусу боюнча 8 миңге жакын жаран каттоодо туруп, жылына 1300дөй бейтап дарыланып чыгат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17