Аймак

МЕЛИС ЭШИМКАНОВДУН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛӨТ

МЕЛИС ЭШИМКАНОВДУН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛӨТ

 861 Бардыгы /

Кыргызстандын башкалаасы Бишкек шаарында көрүнүктүү коомдук ишмер, журналист жана публицист Мелис Эшимкановдун элесине арналган республикалык илимий-практикалык конференция өткөрүлөт. Бул туурасында Эшимканов атындагы коомдук фонддон кабарлашты.

          Ошеннтип, «Мелис Эшимкановдун эгемен журналистиканын калыптанышындагы жана өнүгүшүндөгү ролу жана орду» конференциясы ушул жылдын 6-декабрында Кыргыз телерадио кызматкерлеринин күнүнө арналып Кусейин Карасаев атындагы Бишкек Мамлекеттик университетинде уюштурулууда. Конференциянын алкагында Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонд студенттер арасында өткөрүлгөн «Видео очерк» жана «Эссе» номинациялары боюнча чыгармачыл сынактын жыйынтыгын дагы кошо чыгарат.

          Айтмакчы, көзү тирүү болгондо залкар инсан Мелис Эшимканов быйыл декабрда 61 жашка чыкмак. Ал 1962-жылы 9-декабрда туулган, 2011-жылы 15-сентябрда 49 жашында каза тапкан. Эшимканов атындагы коомдук фонд журналисттер арасында чыгармачыл сынактарды уюштуруп, ошондой эле спорттук таймаштарды дагы тынымсыз өткөрүп келатат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17