Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК СТУДЕНТТЕРДИ ЖЫЛ АЯГЫНА ЧЕЙИН МИЛДЕТТҮҮ МЕДИЦИНАЛЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУ ПОЛИСИНЕ ӨТҮШӨТ

ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК СТУДЕНТТЕРДИ ЖЫЛ АЯГЫНА ЧЕЙИН МИЛДЕТТҮҮ МЕДИЦИНАЛЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУ ПОЛИСИНЕ ӨТҮШӨТ

 648 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 19-декабрь күнү Жогорку Кеңештин депутаттары Айбек Маткеримов, Винера Раимбачаева, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаевдин облустук медициналык мекемелердин жетекчилери жана жогорку окуу жайлардын башчылары менен өткөн жыйында Жалал-Абаддагы чет өлкөлүк студенттерди жыл аягына чейин милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисине өткөрүү талабы коюлду.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигине караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат Муканов да катышты. Белгилүү болгондой, облус аймагындагы жогорку окуу жайларда билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттердин милдеттүү медициналык камсыздандыруудан өткөрүү иши солгун. Бул натыйжа жогорку окуу жайларынын ректорлорунун кызматтык жоопкерчилигинин чабалдыгын көрсөтөөрү белгиленди.

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов жарандардын ден соолугун сактоо, мыйзам талаптарын аткарууда чет өлкөлүк студенттердин ден соолугунун абалынын маанилүүлүгүнө токтолуп, маселени жөнгө салуу зарылдыгын эскертти.

Белгилей кетсек, облус аймагындагы жогорку окуу жайларда 3 миң 272 чет өлкөлүк студент билим алууда.

Бул багытта ыйгарым укуктуу өкүл 2023-жылдын 9 айынын жыйынтыгын чыгарган коллегия да тийиштүү тапшырмаларды берген.

Чет өлкөлүк студенттер негизинен Жалал-Абад мамлекеттик университети, Жалал-Абаддагы Борбор Азия Эл аралык медициналык университети, Жалал-Абад шаарындагы К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттеринде билим алышат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17