Аймак

АКСЫ РАЙОНУНУН КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ ӨЛКӨДӨГҮ “ЭҢ МЫКТЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ” АТАЛДЫ

АКСЫ РАЙОНУНУН КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ ӨЛКӨДӨГҮ “ЭҢ МЫКТЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ” АТАЛДЫ

 600 Бардыгы /

БИШКЕК. Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында 6 мыкты айыл өкмөткө акчалай сертификаттарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тапшырды.

“Эң мыкты айыл өкмөтү” сынагынын байге фонду 6 миллион сомдон 12 миллион сомго көбөйтүлдү. Тактап айтканда, Аксы районунун Кош-Дөбө– биринчи орунду ээлеп, 3 млн сом акча каражатынын сертификаты ыйгарылды. Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа – 2 млн сом, Түп районунун Каркыра – 1 млн сом, Араван районунун Алля Анаров –3 миллион сом, Ат-Башы районунун Ат-Башы 2 миллион сом, Лейлек району Сумбала айыл өкмөттөрү 1 миллион сом акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Мындан сырткары Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдун жумуштагы жетишкендиктери эске алынып, Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы тапшырылды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17