Аймак

АЛА-БУКА РАЙОНУНДА “АПАМДЫН НАНЫ” АКЦИЯСЫ СТАРТ АЛДЫ

АЛА-БУКА РАЙОНУНДА “АПАМДЫН НАНЫ” АКЦИЯСЫ СТАРТ АЛДЫ

 246 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Ала-Бука айыл өкмөтүнүн колдоосу жана аталган айыл өкмөтүнүн апаларынын уюштуруусу астында райондун аймагындагы 30670 аскер бөлүгүндө өткөрүлдү.

Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясы маалымдагандай, “Апамдын наны” акциясы ар жылы 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнө карата уюштурулат. Иш-чара концерттик номерлер жана спорттук оюндар менен коштолуп, “Апама кат” бөлүгүндө жоокерлер тарабынан өздөрүнүн сүйүктүү апаларына каттар жазылды.

Соңунда 30670 аскер бөлүгүнүн командири-подполковник Ниязалиев Азат Абдибекович апаларга ыраазычылыгын билдирип, ден соолук каалады.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17