Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
184 Бардыгы / ОШ. Бүгүн, 13-март күнү Ош шаарындагы Бабур атындагы атындагы өзбек драма театрында ички иштер министрлигинин демилгеси менен “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аталышындагы форум болуп өттү.ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу” боюнча кабыл алынган иш-аракеттердин Улуттук планын […]
185 Бардыгы / ОШ. Бүгүн, 13-март күнү Ош шаарындагы Бабур атындагы атындагы өзбек драма театрында ички иштер министрлигинин демилгеси менен “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аталышындагы форум болуп өттү.ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу” боюнча кабыл алынган иш-аракеттердин Улуттук планын […]
“КООПСУЗ ӨЛКӨ-ТУРУКТУУ КЕЛЕЧЕК” АТАЛЫШЫНДАГЫ ФОРУМ ӨТТҮ
13.03.2024 / Автор anarkan_kg186 Бардыгы /
ОШ. Бүгүн, 13-март күнү Ош шаарындагы Бабур атындагы атындагы өзбек драма театрында ички иштер министрлигинин демилгеси менен “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аталышындагы форум болуп өттү.
ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу” боюнча кабыл алынган иш-аракеттердин Улуттук планын жүзөгө ашыруунун алкагында уюштурулду.
Форумга Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, ИИМдин Генералдар кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы генерал-майору Садырбек Дубанаев, милициянын көчмө кабылдамасын колдоо ассоциациясынын директору Шамшыбек Мамыров, Кыргыз
Республикасынын муфтийинин орун басары Абибилла Кадырберидиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, Ош шаарындагы “Ак жүрөк” кризистик борборунун
директору Дарийкан Асилбекова, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Нурланбек Бурканов, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекеме-ишканалардын, коомдук алдын алуу борборлорунун өкүлдөрү, ички иштер органдарынын ардагерлери жана аймактардан келген кадыр-барктуу аксакалдары катышышты. Алгач иш-чаранын катышуучуларына жарандардын каржы пирамидасынын
курмандыгы болуп калуунун алдын алуу багытында даярдалган видеоролик тартууланды. Андан кийин иш-чара Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимнин аткаруу менен расмий башталып, ИИМ жана Ош ОИИБи тарабынан аткарылып жаткан иш-аракеттерди чагылдырган фильм көрсөтүлдү. Андан
кийин Ош улуттук драм театрынын актерлорунун аткаруусунда “Тагдыр” аталышындагы сахналаштырылган пьеса тартууланды. Актерлор укук бузуулардын анын ичинде бир үй-бүлө мүчөлөрүнүн өз ара мамилелеринен улам келип чыккан зомбулук, аларга жол бербөө образдарын камтыган аракеттерди көрсөтүп беришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов өлкөдөгү коомдук тартипти жана элдин коопсуздугун сапаттуу камсыздоо үчүн “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” мыйзамы кабыл алынганын, мыйзамдын башкы багыты – коопсуздукту чыңдап,
кылмыштуулуктун, укук бузуулардын деңгээлин төмөндөтүп, алардын себептерин өз убагында аныктап, четтетүү экенин билдирди. Ошондой эле аталган мыйзамда ар бир мамлекеттик кызматтын укук бузуунун алдын алууда аткара турган милдеттери так белгиленгенин жана бул багытта тыгыз кызматташуу-кылмышуулукту алдын алууда чоң өбөлгө түзөөрүн баса белгиледи.
Андан ары бул форумдун мааниси жана аткарылып жаткан иштер, аткарыла турган милдеттер туурасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, ИИМдин Генералдар кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы генерал-майору Садырбек Дубанаев, милициянын көчмө кабылдамасын колдоо ассоциациясынын директору
Шамшыбек Мамыров, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Маматазиз Хажиматов, Кыргыз Республикасынын муфтийинин орун басары Абибилла Кадырберидиев, Ош шаарындагы “Ак жүрөк” кризистик борборунун
директору Дарийкан Асилбекова, “Дидактика” гезитинин башкы редактору Тургунбай Алдакулов жана башкалар сөз сүйлөштү.
Катышуучулар укук бузуулар жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө мамлекеттик органдардын жана жарандык коом институттарынын аракеттерин координациялоо актуалдуу жана зарыл болуп жатканын белгиледи.
Соңунда Октябрь Урмамбетов форум өлкөнүн бардык шаар-облустарында өткөрүлүп жатканын жана элдин коопсуздугу, укук тартибинин бекемделиши, өлкөдө туруктуулук бекем орнолушу үчүн жүрүп жаткан иш-чараларга катышып жаткан ар бир жаран, келечегибизге кайдыгер карабаган патриоттору экени
талашсыз экенин белгилеп, ИИО менен тыгыз иш алып барган бийлик өкүлдөрүнө, коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрүнө сыйлыктар тапшырды.
Аягында Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулардын алдын алуунун
негиздери жөнүндө” мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча” кабыл алынган иш-аракеттердин Улуттук планын талаптары айткарууда
мамлекеттик мекеме-уюмдардын кызматташтыгын бекемдөө боюнча резолюция кабыл алынды.
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК МИЛИЦИОНЕР ЗАМАТТА ҮЧ БАЛАГА АТА БОЛДУ
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨН РАЙОНУН КОРС-ЭТТИ АЙЫЛЫН ДАГЫ СЕЛ КАПТАДЫ
-
-
31.05.2023 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАДДА АВТОУНАА АЙДАЙ КАЧКАН 23 ЖАШТАГЫ ЖАРАН КАРМАЛДЫ
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.