Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
184 Бардыгы / Бишкек шаардык соту журналисттер Махабат Тажибек кызы жана Актилек Капаров боюнча Биринчи Май райондук сотунун 12-марттагы чечимин күчүндө калтырды. Алар 13-майга чейин камакта болот. Актилек Капаровдун адвокаты Самат Матсаков журналистке карата бөгөт чаранын жаңы түрүн – электрондук көзөмөлдү колдонуп, сот залынан бошотууну суранды. Ал муну Капаровдун туруктуу жашаган жери, жумушу бар экендиги менен […]
185 Бардыгы / Бишкек шаардык соту журналисттер Махабат Тажибек кызы жана Актилек Капаров боюнча Биринчи Май райондук сотунун 12-марттагы чечимин күчүндө калтырды. Алар 13-майга чейин камакта болот. Актилек Капаровдун адвокаты Самат Матсаков журналистке карата бөгөт чаранын жаңы түрүн – электрондук көзөмөлдү колдонуп, сот залынан бошотууну суранды. Ал муну Капаровдун туруктуу жашаган жери, жумушу бар экендиги менен […]
МАХАБАТ ТАЖИБЕК КЫЗЫ, АКТИЛЕК КАПАРОВ 13-МАЙГА ЧЕЙИН АБАКТА КАЛДЫ
02.04.2024 / Автор anarkan_kg186 Бардыгы /
Бишкек шаардык соту журналисттер Махабат Тажибек кызы жана Актилек Капаров боюнча Биринчи Май райондук сотунун 12-марттагы чечимин күчүндө калтырды. Алар 13-майга чейин камакта болот.
Актилек Капаровдун адвокаты Самат Матсаков журналистке карата бөгөт чаранын жаңы түрүн – электрондук көзөмөлдү колдонуп, сот залынан бошотууну суранды. Ал муну Капаровдун туруктуу жашаган жери, жумушу бар экендиги менен негиздеди. Ал эми отурумга катышып жаткан прокурор Капаров айыпталган иште шектүүлөр көп экенин, ал тергөөнүн жүрүшүнө таасир этиши мүмкүн экенин, андыктан бөгөт чарасынын өзгөртүлүшүнө макул эместигин билдирди.
Бишкек шаар соту 1-апрелде журналист Жоодар Бузумовдун да бөгөт чарасы боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.
Шаардык сот 27-мартта Максат Тажибек уулу, Тыныстан Асыпбеков жана Азамат Ишенбековдун бөгөт чарасын карап, мурдагысын өзгөрткөн эмес. 29-мартта Айке Бейшекееваны камакта калтырган.
12-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулун, Махабат Тажибек кызын, кабарчысы Айке Бейшекееваны, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду, “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасында) иштеген Сайпидин Султаналиевди, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумовду, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаровду, “ПолитКлиниканын” журналисти Тыныстан Асыпбековду 13-майга чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакта калтырган.
Редакция кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына, ал эми Жумабек Турдалиев эч жакка кетпөө тууралуу тилкат менен абактан чыккан. Сапарбек Акунбеков ден соолугуна байланыштуу үй камагына бошотулган.
Камактагылардын адвокаттары шаардык сотко апелляциялык арыз берген.
16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.
ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Темиров LIVE” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.
Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
-
10.05.2024 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ 5 МИҢ СОМДУК БАНКНОТ ЖҮГҮРТҮҮГӨ ЧЫКТЫ
-
10.05.2024 / Автор anarkan_kg БАНК КЫЗМАТКЕРЛИРИНИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛИГИЛЕНДИ
-
-
31.05.2023 / Автор anarkan_kg НИЯЗАЛИЕВАНЫН ШТАБЫНАН КАРМАЛГАН ЭКИ КИШИ КАМАККА АЛЫНДЫ
-
-
13.06.2023 / Автор anarkan_kg ИРИ СУММАДАГЫ АКЧА УУРДАГАНДАР КАРМАЛЫШТЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.