Аймак

КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ЧЕК АРАСЫ УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛАТ

КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ЧЕК АРАСЫ УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛАТ

 258 Бардыгы /

Кытай тараптын демилгеси аркасында Кытай Эл Республикасында «Эмгек күнү» майрамдалгандыгына байланыштуу Кыргыз-Кытай мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан “Торугарт-автожол” жана “Эркечтам-автожол” өткөрүү жайлары үстүбүздөгү жылдын 1-майында убактылуу гана жабылат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын УКМКсына караштуу мамлекеттик Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгынан маалымдашты.

Ал эми адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү  “Эркечтам-автожол” жана “Торугарт-автожол” Көзөмөл-өткөрмө бекеттери аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү кайрадан 2-майдан тартып  улантылат.

Баса, Дүйнөнүн бардык мамлекеттериндей эле Кытай Эл Республикасында дагы 1-май «Эмгек күнү» сыңары жыл сайын майрамдалат.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17